Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:23

Бишкек баатыр баяны сахнада


"Туу жыгар" спектаклинен бир көрүнүш.
"Туу жыгар" спектаклинен бир көрүнүш.

Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрында “Туу жыгаар” аттуу жаңы спектаклдин бет ачары өттү.

Бишкек баатырдын 310 жылдыгына арналган бул чыгарманы режиссер Аманбек Жапаров сахналаштырып, Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук жана борбордук театрлардын актерлору ойношту.

Чаа баяны

Сары-Өзөндү жердеген Солто бийдин кичүү уулу Чаа кичинесинде бечел болуптур. Бир күнү Солто бийдин айылына Санчы сынчы келип, буту баспаган бул баланын өзү да, тукуму да эр көкүрөк болорун айткан экен. Касиеттүү сынчы жаңылбаптыр, Чаа жебедей ыкчам, катылгандын катыгын берген баатыр болуп чоңоёт. Биз сөз кыла турган Бишкек баатыр дал ушул Чаа баатырдын чөбүрөсү.

Бишкек баатыр калмактардын үстөмдүгү күчөп, Сары-Өзөндөгү кыргыздар түштүккө сүрүлгөн кезде, 1702-жылы туулган экен. Балалыгы Ала-Букадагы Сафид-Булан мазарынын жанында өтөт.

Жаштайынан тың чыккан бала, кийин кол курап, калмактарга каршы согушка аттанат. Айрым уламыштарда ал Майлы-Сайдагы көлчүктөп турган мунайдын күйөрүн билчү экен. Таяктын башына майга чыланган жүндү ороп, от койгондо душмандар артын карабай качышкан тура.

Казактын Анархай деген жеринде калмактар менен урушуп жатып, туу көтөрүп турган баатырын жыга саят. Ошондон кийин ал “Туу жыгар” атка конгон деген маалымат бар.

Бишкек баатыр ата-бабасы жердеген аймакка эр ортону элүүдөн ашып калганда көчүп келген экен. Өзү турган жерге чеп курдуруп, ага ары-бери өткөн соодагерлер токтоп турганы айрым тарых булактарында жазылып калган.

Спектаклде мына ушул маалыматтын баары учкай сүрөттөлгөн. Андагы Бишкек баатырдын ролун “Учур” театрынын актеру Жолдошбек Жанжигитов, Санчы сынчыны Эл артисти Дүйшөн Байдөбөтов, калган каармандарды Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрынын актерлору аткарганын айта кетели.

Таалим-тарбиясы күчтүү тарыхый чыгарма

“Туу жыгар” спектакли Каныбек Иманалиевдин калемине таандык. Ал бул чыгарма менен драматургия жанрын көздөй кадам шилтегенин айтат:

- Драма жагында өзүмдү сынагым келип жүрдү эле. 2002-жылы жазуучу Асанбек Стамов Бишкек баатыр жөнүндө кичинекей китеп чыгарган. Кийин илимий конференция болуп, Бишкек баатырдын тарыхта болгону далилденген. Бишкек бул бир эле уруунун эмес, бүт кыргыздын атасы десем болот. Жөндөн-жөн эле анын атындагы шаар пайда болгон жок да.

“Туу жыгардын” музыкасын композитор Сталбек Бактыгулов жазган. Ал спектаклге дагы толуктоолор кирип, бышарын айтат:

- Мен ушул борбор калаа атын алып жүргөндөн кийин Бишкек баатыр тууралуу маалыматтар көбүрөөк болсо дегим келет. Аябай аз экен. Экинчиден, 18-кылымдагы кыргыз элинин жашоо-турмушун, маданиятын жүрөктөн өткөрүп, музыка жазуу мага оңойго турбады. Биз дагы сүйлөшүп жатабыз. Спектаклди дагы жакшыртып, жогорку маданий деңгээлге көтөрөбүз деген ойдомун.

Санчы сынчыны ойногон Дүйшөн Байдөбөтов бул образды алып чыгуу ары кыйын, ары кызык болгонун айтат:

- Замандын үнү болгон киши болуптур да. Ачык айтып, ак сүйлөгөн. Кыргыздын азыркы сынчылары Санчы атабыздай болсо, көргөн-билген түз айтса, кыргыздын келечеги жакшы болмок. Санчы сынчыны ойноо мен үчүн бир эсе кыйын, бир эсе рахаттуу болду. Ушундай улуу адамдын ролун аткарганыма толкунданып турам.

Ал эми театрга көрүүчү катары келген опера ырчысы Гүлнур Ниязбекова Бишкек баатыр тууралуу баян өзү иштеген театрда да коюлса деген ниетин билдирди:

- Кыргыз элинин тарыхы бай да. Биз деле элибиздин тарыхын ырдап чыксак, угуучуларга тартууласак жакшы болмок. Чыгарманын либреттосу даяр экен. Эми композиторлор муну музыка кылып жазып чыгышы керек. Албетте, бул оңбогондой чоң түйшүк, албан эмгек.

Экономика жана монополияга каршы министри Темир Сариев “Туу жыгаар” спектаклине таалим-тарбиясы күчтүү чыгарма катары баа берди:

- Мен эми театр сынчысы эмесмин. Бирок көрүүчү катары тарыхты маданият аркылуу жеткирип жатышат. Айрыкча, Чаанын, Бишкектин образы жакшы ачылды. Тарбиялык мааниси да зор экен. Ыйык сөздөр айтылып жатат. Менимче ийгиликтүү болду. Чүй облустук театрынын жамаатына ийгилик каалайм. Келечекте мындан да чоң спектаклдерди жарата беришсин.

Бишкек баатыр 1760-жылы азыркы борбордун ордун түптөгөн экен. Совет бийлиги тушунда ал негиздеген шаар узак жылдарга чейин Фрунзе аталып келгени маалым. Качан гана эгемендик орногондо, 1991-жылы борборго өз аты кайтарылган.
XS
SM
MD
LG