Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:10

Бажы биримдигине батыл барабызбы?


Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак жол" чек ара, бажы бекети.
Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак жол" чек ара, бажы бекети.

Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү үчүн мыйзамдык негиз болуп берчү жол картасы дээрлик даяр болуп калды.

Бул тууралуу Кыргызстандын Бажы биримдигиндеги ордун талкуулаган Москва - Бишкек видеоконференциясында айтылды. 23-апрелде Бишкекте өткөн талкууга министр Темир Сариев баштаган экономисттер жана Москвадан Евразиялык экономикалык комиссиянын өкүлдөрү катышты.

Жол картасында кандай сыр катылган?

Бишкек-Москва видеоталкуусу “Евразия тандоосу: Кыргызстан – 2014” деген аталыш алдында Орусияга ыктаган “Союз” саясий партиясынын демилгеси менен өттү. Талкууда Кыргызстан менен Орусиянын Бажы жана Евразиялык экономикалык биримдик алкагындагы кызматташтыгы тууралуу сөз болду.

Видеоталкууга Москвадан катышкан Евразиялык экономикалык комиссиянын жетекчи орун басары Сергей Шухно Бажы биримдигинин Кыргызстан үчүн зыянынан пайдасы көп экенине токтолду:

- Кыргызстан Бажы союзуна кирсе 170 млн. калкы бар Орусия, Беларус жана Казакстандын рыногуна кеңири жол ачылат. Соодадагы техникалык барьерлер алынса, жергиликтүү өндүрүшчүлөргө жакшы шарттар түзүлөт. Кыргызстан союзга кошулса санитардык, фитосанитардык нормалардын сакталышындагы тоскоолдуктардын алынышы менен айыл чарба азыктарынын кымбат баада экспорттолушун шарттайт.

Ал эми экономика министри Темир Сариев Бажы биримдигине кирүүдөгү мыйзамдык негиз болуп берчү жол картасы дээрлик даяр болуп калганын, картада жалпы 175 пункт болсо азыр Орусия менен макулдаша элек 6 гана пункт калганын айтты:

- Жол картасы боюнча чечиле элек 6 маселе калды. Анын төртөө валютаны жүгүртүү боюнча, экөө товарларды алып өтүүгө байланыштуу. Жеке адамдардын товар жана автоунааларды алып өтүүсү боюнча Орусия менен азырынча орток пикир табыла элек.

Деген менен Сариев айтып жаткан жол картасында эмнелер жазылганынан карапайым элдин эч кандай кабары жок дейт көз карандысыз эксперт Аида Алымбаева. Ал Бажы биримдигине кириш үчүн түзүлүп жаткан жол картасы сыр деген белги менен коомчулукка жарыяланбай жатышынан шек санайт:

- Жол картасы деген өлкөнүн тагдырын чече турган чоң документ. Эмнегедир өкмөт аны жашыруун сыр деп коомчулукка көрсөтпөй жатат. Бул документ карапайым элдин сынына, талкуусуна коюлуш керек. Өкмөт болсо айрым гана эксперттердин тар чөйрөсүндө талкуулап жатат. Эл биримдикке кирсек кандай зыян тартарыбызды билиши керек да.


Экономикалык диверсиябы?


Темир Сариев Кыргызстан Бажы биримдигине качан кирерин так айта албаганы менен процессти тездетүү керектигин айтат. Ал 4 айдан бери соода болбой жаткан базарлардын көйгөйүн чечүүнүн бир гана жолун биримдикке кошулуудан көрөт:

- Бажы биримдигинн кирбесек базарларда соода болбой калды. Муну ишкерлер өздөрү деле айтып жатышат. Кыргызстандагы соодагерлер реэкспорт менен күн көрчү. Эми Казакстан бажы көзөмөлүн күчөттү. Ошондуктан аларга кошулбасак маселе мындан да оорлойт. Бул маселени ишкерлер да катуу коюп жатышат.

Анткен менен Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулушуна караманча каршы чыккандар да аз эмес. Алардын бири экономика маселелери боюнча эксперт Искендер Шаршеев. Эксперт Казакстандын кыргыз соодагерлерине карата бажы кысымын көбөйтүп, Орусиянын биримдикке киргизүүгө ашыккан билдирүүлөрүн экономикалык согуш деп атады:

- Бул жерде экономикалык эмес эле саясий маселе болуп жатат. Казактардын бажы көзөмөлүн күчөтүп, товарларды өткөрбөй жатышы атайын жасалган кысым. Мунун баары Кыргызстанды биримдикке кирүүгө аргасыз кылган саясий чаралар. Бир сөз менен саясий шантаж, экономикалык диверсия деп айтсак болот. Биз эки жылга чейин Бажы биримдигине байкоочу өлкө катары гана кирсек туура болмок. Анткени чабал экономикабыз менен биримдикте катуу чайналарыбыз анык иш.

Шаршеев Кыргызстан аталган биримдикке кирсе эгемендигине шек келип, экономикалык жактан сазга батарын кошумчалады.

2013-жылдын май айында өткөн Москва саммитинде Кыргызстан жол картасына кол коюудан баш тарткан. Анда кыргыз бийлиги ал карта Бишкек менен макулдашылбай, улуттук кызыкчылыктар эске алынбай калган деп так кесе позициясын билдирген. Ошентсе да кыргыз бийлиги коомчулуктагы каршы пикирлерге карабай Бажы биримдигинен Кыргызстан пайдадан башка зыян тартпасын билдирип келет.

XS
SM
MD
LG