Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:21

Мас айдоочуга айыпты арбын төлөтүү сунушу


Кыргызстанда мас абалында машине айдагандардын саны өсүп, алар жол кырсыктарына себепкер болууда. Мындан улам Жол кайгуул кызматы рулга мас болуп олтуруп кармалгандар үчүн айып пулдун көлөмүн 50 миң сомго көтөрүү керектигин айтып чыкты. Бейөкмөт уюмдар болсо мындай кадамга барууну эрте деп эсептешет.

Жол кайгуул кызматынын маалыматында, Кыргызстанда ар кандай жол кырсыгынан күнүнө 2-3 киши көз жумат. Кырсыктын себеби көп, бирок басымдуусу мас абалында машине айдагандардын айынан болот. Жакында эле Токмокту көздөй бара жаткан жолдо мас айдоочуга кабылып, аз жерден калган Бишкек шаарынын Намаз аттуу тургуну ушул тапта алган жаратынан операция болуп, үйүндө дарыланып жатат.

- Бутуман жараат алдым. Тизем сынып, сөөк майдаланып кетиптир. Келинчегимдин алты айлык боюнда бар эле. Кудай сактап ал жабыркаган жок. Машиненин ичиндеги жаздыкча иштеп, аман калды.

Намаздын айтымында, каршысынан качырып келип сүзгөн мас айдоочу алардын абалын сурамак түгүл, кайра өз айыбын Намазга кошо жүктөп, адвокат жалдап, жазадан кутулуунун амалын издеп жүргөн кези экен. Азыр баары тең бир ай ичинде чыга турган экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатышат.

- Биринчи тилкедеги машине экинчи тилкедеги машиненин каршысына чыга калып сүзүп жатат да. Анан катуу сүзгөндөн улам менин бир дөңгөлөгүм жалпы линияга чыга түшүптүр. Алардын адвокаты ошого такап, эки жактан тең кетти дегенге түртүп жатат. Бирок сокур кишиге деле көрүнүп турат андай болбогону. Биздин мыйзамдарды бурса бурула берет экен да. Азыр ар кимге чыгып чуркап жүрүшөт.

Жолдун сырын мыкты билген таксист Жаныбек адам өз коопсуздугун деле ойлоп, рулга отурарда спирт ичимдигинен оолак болууга аракет кылса деген ойдо. Анын пикиринде, рулга коркпой мас абалда отургандарын көпчүлүгү - ошол мыйзамды айланып өтө алган калың капчыктуулар болот, же болбосо жакшылыкты шылтоолоп, бир-эки ууртай коем деп өзүн өзү алдаган карапайым жарандар.

- Тойдон чыгышат. Жакшылык болгондон кийин сөзсүз кыйбас кишилерге жолугасың. Куда-сөөктөр менен отуруп каласың. Анан бир-эки стакан ичесиң дегендей. Эми ага мас деле болбойсуң дечи, бирок баары бир текшергенде каныңдан чыгат да, ал деле ичкенге жатат.

Жол кырсыгын азайтууга багытталган мыйзам долбоорлору боюнча бүгүн Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети парламенттик угуу өткөрдү. Буга чейин депутаттар кырсыктын алдын алып, айдоочулардын жоопкерчилигин жогорулатуу үчүн мас айдоочуга 10 миң сом айып акча төлөтүү сунушун айтып келишкен. Бүгүн Жол кайгуул кызматынын жетекчилиги айып акчанын көлөмүн 50 миңге көбөйтүү демилгесин көтөрдү.

- Адамдардын ичип алып көп айдаганына айып акчанын аздыгы себеп болууда. 238-беренеге ылайык алар болгону 1500 сом төлөшөт. Бул кээ бир айдоочулар үчүн акча деле эмес. Жөн гана берип коюп кутулуп кетүүнүн жолу. Ошондуктан биздин Жол кайгуул кызматынын жетекчилиги ушул айып акыны 50 миң сомго көтөрүү суранычы менен өкмөткө, парламентке кайрылып жатабыз. Азыр ушул маселе талкууланып, кудай буйруса чечилгени жатат, - деди Жол кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Мухтан Сандыбаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Абдрахман Маматалиев бул сунуш такталып, бир чечимге келе электигин билдирип, демилгенин оош-кыйыштарын эксперттер талдай турганын кошумчалады.

Айып акыны көбөйтүү жол кырсыгын кыскартуунун бирден бир жолу деп эсептеп келген “Жол коопсуздугу” коомдук бирикмесинин жетекчиси Чынара Касмамбетова айып акыны 50 миңге көтөрүү үчүн маичилер талаптагыдай техникалык жабдуулар менен камсыздалышы керек деп эсептейт. Антпесе жакшы демилге бат эле бурмаланып, коррупциялык көрүнүштөргө жол чаап бериши толук ыктымал деген ойдо:

- Мисалы азыркы күндө болгону 163 эле алкотестер бар. Бишкек боюнча 100 инспектор жетишпейт экен. Видеорегистраторлор дагы жок. Эгер айып акчаны дароо 50 миңге көтөрүп салса, анда инспектор менен айыптуу айдоочу сүйлөшө баштайт. Канчалык штраф чоң болсо, айдоочу ошонун жарымын инспектордун колуна бергенге аракет кылат. Азыркы шартта мындай кадамга баруу эртелик кылат.

Чындыгында азыр маичилер жолдо айдоочулардын ичкен-ичпегенин кантип текшеришет? Шаарда эл ташып иштеген Эмил аттуу айдоочу мындай жооп узатты:

- Үйлөп кой деп айтат. Күндүз текшербейт, кечинде саат ондон кийин үйлөтө баштайт. Жанагы эле техпаспортту кармап туруп үйлөп кой дейт. Аппарат тууралуу угуп жүрөм, бирок такыр көргөн эмесмин, - десе, дагы бир Руслан аттуу айдоочу:

- Негизи дайыма эле техпаспортту алып чыгып, бүктөп туруп, ошондон үйлөтүп алат. Андан бөлөк эч кандай прибору жок. Эгер талаш чыкса, Донецк көчөсүндөгү эле Наркологиялык диспансерге алып барат. Ошол жактан текшерет, - деп айтып берди.

Кыргызстанда 2013-жылы мас абалында машине айдап бара жаткан 17076 айдоочу кармалган. Бул 2012-жылга салыштырмалуу 20,2 пайызга көп. Анын ичинен Бишкек шаарында 2012-жылы 2796 киши кармалса, 2013 - жылы бул көрсөткүч 5519га чейин жеткен. Ал эми 2014-жылдын бир жарым айында эле 1626 мас айдоочу колго түшүп, анын 38 адам өмүрүн алган кейиштүү кырсыктардын себепкери болгон.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG