Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:26

Куттуу-Сай: парламент-өкмөт талашы


Куттуу-Сай 2 кени.
Куттуу-Сай 2 кени.

Куттуу-Сай кенин иштетип жаткан Stans Energy компаниясынын лицензиясын жокко чыгаруу боюнча токтом Жогорку Кеңеш менен өкмөттүн ортосунда талаш жаратты.

Жогорку Кеңеш канадалык Stans Energy компаниясынын Куттуу-Сай кенин иштетүү лицензиясын жокко чыгаруу боюнча атайын токтом кабыл алган. Бирок Геология агенттиги Жогорку Кеңештин токтомунун негизинде лицензияны жокко чыгаруу мүмкүн эместигин карманат.

Канадалык “Кутисай майнинг” ишканасынан Куттуу-Сай кенин иштетүү лицензиясын кайтарып алуу талабын Жогорку Кеңеш депутаты Каныбек Иманалиев көтөрүп чыкты. Иманалиевдин жүйөөсүндө, өткөн жылы парламент аталган компаниянын лицензиясын жокко чыгаруу боюнча токтом кабыл алса да, өкмөт аны аткарбай келет:

- Жогорку Кеңеш бул компанияга берилген лицензияны жокко чыгаруу боюнча чечим чыгарган. Ошондо Башкы прокуратура өкмөттүн токтому менен жокко чыгаруу болорун билдирген болчу. Бирок өкмөт муну атайын созуп отуруп, кечээ жакында канадалык көз боёмочу компания Москвадагы соода-өндүрүш палатасынын арбитражына бериптир. Кыргыз өкмөтү болсо буга макул болуп, сүйлөшүү жолу менен чечели деп жатыптыр.

Кемин районундагы Ак-Түз айылында жайгашкан Куттуу-Сай кенинде күмүш, висмут, молибден, коргошун, бериллий сыяктуу бир катар баалуу металлдар бар. Алардын запасы 50 миң тоннадан ашык экени аныкталган. Бул кенди иштетүүгө лицензия канадалык Stans Energy ээлик кылган “Кутисай майнинг” компаниясына 2009-жылы берилген. 2012-жылы ал лицензиянын мөөнөтү узартылган. Бирок компания лицензиялык макулдашууларды аткарбай жатканы боюнча кыргыз парламентинде маселе көтөрүлүп, лицензияны жокко чыгаруу өкмөткө тапшырылган. Башкы прокуратура былтыр март айында “Кутисай майнингдин” мүлкүн камакка алган. Бирок кенди иштетүү боюнча лицензия кайтарылып алынган эмес.

Өкмөттүн алдындагы Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин юридикалык бөлүмүнүн башкы адиси Элдияр Муканов “Кутисай майнингден” лицензиясы ажыратылбай жатканынын себептерин мындайча түшүндүрдү:

- Мыйзам боюнча Жогорку Кеңештин чечимдеринин негизинде лицензияны кайтарып алуу жобосу жок. Мисалы, “Жер казынасы” тууралуу мыйзамдын 27-беренесинде так, даана кайсы негиздер менен лицензияны жокко чыгаруу жазылып турат. Ал жерде комитеттин тапшырмасынын негизинде жокко чыгарылат деген берене жок. Ошондуктан, бул чечимди аткарууга мүмкүн эмес жана мыйзамга дал келбейт.

Геология агенттигинин позициясын юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов да кубаттайт. Анын айтымында, Жогорку Кеңеш кабыл алган чечимди аткарууга мүмкүн болбогон учурлар арбын:

- Андай казустук учурлар көп. Жогорку Кеңештин токтомдору мыйзамга каршы келип, аткаруу мүмкүн болбой калып жатат. Анткени аны аткарсак, ал башка мыйзамдарга каршы келип калышы мүмкүн.

Ал ортодо Башкы прокуратура “Кутисай майнингдин” мүлкүн камакка алганына нааразы болгон Stans Energy компаниясы өкмөттү эл аралык арбитражга берип, 118 млн. долларга жакын доо койгону маалым болду. Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев Куттуу-Сай боюнча доо арыз келгенин тастыктап, учурда алар түшкөн документтерди иликтеп жатканын билдирди:

- Алар бизди Кыргызстанда иштетпей жатат деп нааразы болуп, эл аралык сотко берди. Алардын доосу 118 миллион доллар. Бирок биз аны негизсиз деп эсептейбиз. Ошондуктан, алар менен соттошууга даярданып жатабыз.

Ошол эле учурда Куттуу-Сай кенинин иштебей жатканынан улам бюджетке чоң суммадагы каражат түшпөй жатканын эксперттер белгилешет. Маселен, техника илимдеринин доктору Шергазы Мамбетовдун айтымында, 2 миллиард доллардан ашык каражатка бааланган кенди иштетсе, таңкыстыгы күч кыргыз экономикасы үчүн эле пайдалуу болмок:

- Бул кендин пайдасы абдан чоң, Себеби, сейрек кездешүүчү металлдардын көпчүлүгү ушул эле жерде. Калган кендер деле жок. Аны иштетүүгө деле бардык шарттар бар. Фабрикасы курулган, жолдор бар. Бирок биздин жетекчилердин кызыкчылыгынан улам эле иштебей, бюджетке каражат түшпөй турат.

Эми Stans Energy менен соттошууга өкмөттүн кызыкчылыгын жаңы орган коргошу мүмкүн. Өткөн аптада кыргыз өкмөтү эл аралык соттордо өлкөнүн таламын коргоо үчүн Соттук өкүлчүлүк борбору түзгөнү дайын болду. Бул борбор эл аралык жана жергиликтүү соттордо өкмөттүн кызыкчылыгын коргомокчу. Расмий маалымат боюнча учурда эл аралык арбитражда Кыргызстанга каршы 9 иш бар. Аталган сот иштериндеги доонун жалпы суммасы 48 миллиард сомду түзөт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG