Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:13

Туристтердин акчасы экологияга жумшалабы?


Бажы кызматы чет өлкөлүк машинелерден экологиялык төлөм алууга киришти. Өкмөттүн токтомуна ылайык, эми Кыргызстандын аймагына кирген чет өлкөлүк номурдагы машиналардын ээлери миң сомдон төлөйт.

Экологиялык посттон түшкөн каражат Ысык-Көлдүн табиятын сактоого жумшалары айтылып жатат. Бирок түшкөн каражатты экологияны коргоого жумшагыдай механизм жок болгондуктан ал "сол чөнтөккө" кетет деп ойлогондор да аз эмес.

Чек ара бекеттеринен чет элдик атуулдардан төлөм буга чейин алынчу эмес. Бир гана оор жүк ташуучу унаалар 1500 сомдон төлөшчү. 15-майда күчүнө кирген токтомго ылайык, мотоцикл 500, жеңил унаалар 1000, кичи автобустар 2500 сомдон төлөөгө милдеттүү.

Жайкы сезон маалында 3 миллион турист келет деп үмүт артып жаткан өкмөт экологиялык төлөмдөн бюджет бир топ пайда табарын болжоодо. Бажы кызматынын өкүлү Жаманак Нүсүрканов учурда өткөрмө пункттарында төлөм алына баштаганын тастыктады:

- Кыргызстандын аймагына кирип-чыкканда айлана-чөйрөнү булгаганы үчүн төлөм алуу тууралуу токтом 12-майда чыккан. Эгер 100 сом алса, ошого чек жазылат. Кагазды жоготпош керек.

Бирок чет элдик айдоочулар берген акча терминал аркылуу кабыл алынбайт экен. Бажы кызматы бул өткөрмө бекеттер андай жабдуулар менен толук камсыздалбаганына байланыштуу болгонун айтышты.

Ысык-Көл
Ысык-Көл

Депутат Эсенгул Исаков автоматташтырылган өткөрүү бекет толук иштебесе, анда түшкөн каражаттын жарымы сол чөнтөккө кетип, дагы баш айлантма система башталышы ыктымал дейт.

Эл өкүлүнүн айтымында, мындан эки жыл мурун алып салынган Балыкчыдагы экологиялык пост муну ырастаган. Башында көбүртүп-жабыртып айтылган суммадан дайын жок. Миллиондогон акчаны кымырып алгандар ушул күнгө чейин жоопко тартылбай жүрөт.

- Эч ким жоопкерчиликке тартылган жок. Башында 100 миллион түшөрүн айтып жатышкан. Араң 24 миллион түшпөдүбү. Мен буга чейин да акчаны колго алып төлөттүрбөй эле атайын карточка аркылуу төлөгөнгө өтөлү деп сунуштагам. Укпай коюшту. Мен муну дагы көтөрөйүн деп жатам.

Жаратылышты коргоо, токой чарба тармагын өнүктүрүү боюнча республикалык фонддун жетекчиси Руслан Кожобаев дооматтарга макул болгон жок.

- Ал экологиялык пост жети жыл иштеди. Бул убакыт аралыгында баш-аягы 72 миллион сом акча чогултулган. Бул акча кайра эле кызматкерлердин айлыгына, аларды камсыздоого эле жумшалды.

Буга чейин жүк ташыган унаалардан алынчу төлөмдөн бир жыл ичинде орточо эсеп менен 70-80 миллион сом түшөөрү болжолдонгон. Өткөн жылы аталган сумманын жарымы гана алынганын айткан жаратылышты коргоо фондунун мүдүрү Руслан Кожобаев жоопкерчиликтин баарын бажычыларга жүктөйт.

- Биздин эсебибиз боюнча бул акчаны бажы кызматы чогултуп келген. Ал жерде "Айыл банктын" терминалы бар, бажы кызматкерлери контролдочу. Ошондуктан бардык унаалар так өткөнүн же өтпөгөнүн текшерүүгө бизде укук жок.

Акча бар, эсеби табылбай жатат

Туристтик сезондо Ысык-Көлгө күнүнө 3000ден ашык машине кирет деп айтылат. Акыркы жолу 11 миллион сом гана түшкөн. Ошончо машина эсептелгенде да калган сумма аз экени маалым.

Чет өлкөлүк машинелерден түшкөн экологиялык төлөм түз эле бюджетке түшөрүнөн күмөн санаган кыргызстандыктар да жок эмес. Айрымдары коңшу мамлекеттердегидей бул эреженин колдонулушун туура дешсе, башкалары таза чогултулбаган акчадан кимдир бирөөлөр байый турганын айтышат.

Бишкек шаарынын тургуну: "Мен туристтерден акча алууга каршы эмесмин. Анткени мен да башка жакка барып калганда аларга төлөйм. Бирок элдин эсебине, же өкмөткө түшсө кеп башка! Кепилдик жок болуп атпайбы".

Студент: "Мисалы, Түркияда салыктар таза чогулса, анын эсебинен жол салынып жатат же башка жумуштар аткарылууда. Биз болсо жеп-ичип коюп, жүдөп жашай беребиз. Ошол эле көлгө кетип бараткан жолдун кейпи начар".

Шаардыктар меймандардан акча доолагандан мурда коопсуздукту, жолдорду оңдоону ойлонуштуруш керек дешет. Буга чейин Транспорт жана байланыш министрлиги Ысык-Көл облусунун айланма жолунун курулушу тууралуу айткан эле. Азырынча бул долбоорду ишке ашыруу милдетин эч ким мойнуна ала элек.

XS
SM
MD
LG