Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:18

Интернет-дүкөндү кыдырбайлыбы?


Интернет-дүкөн Кыргызстан турмушуна кире баштады. Интернет жеткен кай жер болбосун дүйнөнүн бардык бурчунан товар сатып алсаңыз болот.

Бул ишти баштагандардын алдынын байманасы артып, өз алдынча интернет соода түйүндөрүн түзүп жатышат.

Азиз Солтобаев - Svetofor.kg аттуу белгилүү интернет-дүкөндүн башчысы. Кыргызстанда кыйла жылдан бери көч башы саналган бул сайт 2004-жылы өлкө эгемендигинин күнүндө ачылган экен.

Азиз интернет бизнесине кантип баш салганын айтып берди.

- 2004-жылы биз базар рынокторду, ар кандай бизнес моделдерин изилдегенбиз. Анан өзүбүздүн каражатыбызга карап, эң оптималдуу болгон интернет-дүкөндүн моделин тандаганбыз. Ошентип, 31-августта 2004-жылы иштей башганбыз. Эң биринчи фокус катары китептерди жана журналдарды тандаганбыз. Ал кезде китептердин баалары өтө эле кымбат болчу. Эгерде китеп баасы Бишкекте 200-300 сом турса, бизде 100 сом болгон. Демек ошол кезде атаандаштык деле жок болчу, себеби ал кезде болгону 2-3 интернет-дүкөн бар эле, азыр алар жок, ал кезде алардын катарына биз кошулдук.

Азиздин айтымында, кандай иштин болбосун башында сыноолор, кыйынчылыктар сөз жок болот.

- Кыйынчылыктар деле көп болгон. Ал кезде мен 21 жашта болчум, иним болгону 17 жашка толгон. Жаш ишкерлер болгондуктан бизде тажрыйба болгон эмес, иш жүргүзүүнүн жолдорун анчалык билген эмеспиз, бизнес долбоорлорду түзүүнү да билчү эмеспиз. Биз эмнеден кыйналганбыз? Кандай кишилерди ишке алуу керек, кантип жумушту түзүү керек, өкмөт органдары менен кантип сүйлөшүш керек, кантип салыктарды төлөш керек - мунун баарын билчү эмеспиз. Ушундай кыйынчылыктар болгон, бирок анын бардыгын үйрөндүк.

Бүгүн интернет-дүкөнү аркылуу Кыргызстандын бардык дубандарынан каалаган товарды алууга мүмкүнчүлүк ачылган. Бул бизнестин артыкчылыгы - маалыматты тез табасыз жана убакытты да, жол киресин да үнөмдөйсүз:

- Эми Бишкек боюнча интернет-дүкөн негизинен кредиттик карталар менен төлөнөт, Кыргызстанда болсо “Алайкард”, “Элкат”. Республика боюнча ар кандай төлөө системалары менен иштейбиз. Төлөө системасына биз атайын эсеп ачып беребиз, ага төлөнгөндөн кийин товар бир жумада жетип барат. Ал эми товар жеткирүү бизге арзан эле айланат, ошондуктан биз товарды жеткирүүдө акча албайбыз.

"Бирок Кыргызстанда интернет-дүкөн дүйнөлүк соода түйүнүнө толук кошулду деп айтуу эрте", - дейт экономикалык серепчи Эрмек Ниязов:

- Интернет алып сатуу бизде төмөн деңгээлде. Себеби биз аны колдонбойбуз, буга көп нерселер таасир этет. Эң негизгиси - биздин мыйзамдар. Экинчиден, банктар аркылуу сатып алып соода кылмакпыз. Бирок азыркы кезде кээ бир сайттар товарларды сатышат. Мисалы, Web.kg, Shop.kg дегендер бар. Бул жерде биз заказ кылган товарларды алып келгенде нак акча менен төлөйбүз, бул жерде мындай сайттар витрина сыяктуу гана колдонулуп жатат десек болот.

Ошол эле учурда интернет аркылуу тандалып алынган буюмдун сапаты тууралуу дагы бир серепчи Улук Кыдырбаев өз ою менен бөлүштү.

- Сиз азыр соода кылып жаткан дүкөндө бир жылдык, үч жылдык кепилдик болуш керек. Сапаттуу буюм сатуу үчүн өздөрүнүн гарантиясын беришет. Экинчиден, Кыргызстандын мыйзамына ылайык, сатып алган жарандардын кызыкчылыгын коргош үчүн туура эмес буюмду алып, алданып калсаңыз колуңузда чек, квитанция болсо, сиз ошол буюмду кайтарып берүүгө укугуңуз бар.

Ошентип Кыргызстандын интернет жеткен кайсы жеринен болбосун дүйнөнүн төрт бурчунан каалаган буюмду сатып алууга жол ачылууда.

Ырас, басымдуу көпчүлүк бизнестин бул түрүн алигиче элестете алышпайт деңизчи. Бирок мындан он чакты жыл мурда эле мобилдик телефон Ала-Тоого жаңылык катары келип, эми болсо бөбөктөн бери көтөрүп калбадыбы.
  • 16x9 Image

    Мария Колесникова

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, журналист. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG