Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:34

Мыкты дилбаяндын авторлору сыйланды


Ат-Башы районунун Ак-Муз айылындагы Боогачы атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Бермет Сапарбек кызына "Азаттыктын" Бишкек бюросунун жетекчиси Султан Каназаров сыйлык тапшырууда.
Ат-Башы районунун Ак-Муз айылындагы Боогачы атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Бермет Сапарбек кызына "Азаттыктын" Бишкек бюросунун жетекчиси Султан Каназаров сыйлык тапшырууда.

"Азаттыктын" "Мен кесипти кантип тандадым?" сынагынын жеңүүчүлөрүнө 14-августта сыйлыктар тапшырылды.

“Азаттыктын” бүтүрүүчүлөр арасында жарыялаган “Мен кесипти кантип тандадым?” сынагы ушул жылдын май айынын аягында жарыяланып, ага баш-аягы отуздан ашуун дилбаян келип түшкөн.

Онлайн сынакка абдан көп материалдар келгендиктен, калыстар тобу баарын окуп чыгып, талкуулап чечим чыгарганга убакыт талап кылынды. Далай материалдар абдан мыкты жазылганы менен, ой жүгүртүү, анализдөө стили автордун өзү жазганынан күмөн санаткан учурлар болду. Талкуулап кеңешип отуруп, 25 миң сомдук эки башкы сыйлыкты эки авторго жана кызыктыруучу 5 миң сомдук сыйлыкты үч авторго ыйгарганбыз. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 14-августта “Азаттыктын” кеңсесинде өттү.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси

Жаркынай Талантбек кызы, Ысык-Ата району, Нурманбет айылы. Макиш Койбагаров атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү: "Бөбөктөргө мээрим төксөм дейм, апа..."

- Мен өзүм көп сүйлөбөйм. Уялчаакмын. Бирок менен жазам. Түнү менен уктабай отуруп алып болгон оюмду кагазга түшүрөм. Ата-энеден эрте ажырагандыктан мен балдарга мээрим төгүп, аларды тарбиялагым келет. Документтеримди даярдап койдум. Окууга өтүү тилегим ишке ашат.

Бегимай Матенова, Ат-Башы районундагы Ой-Терскен орто мектебинин бүтүрүүчүсү: "Топсуз келечегимди элестете албай калдым".

- Апам менин спортко баруума каршы. Атам болсо оюмду кубаттайт. Апам кийин биз ооруп калган жок дегенде укол сайып бергидей медайым болсоң жакшы дешет. Бирок мен топсуз жашоомду элестете албайм. Мен спорт чөйрөсүндө ийгилик жаратып, башкалар менен тажрыйба бөлүшкүм келет. Быйыл болбосо дагы эмки жылы дене тарбия боюнча окууга тапшырам.​

Мындан тышкары болочок кесибине берилгенин, көптөн бери ага даярданып, окуп такшалып жүргөнүн баяндаган үч автор 5 миң сомдук кызыктыруучу белек менен сыйланат:

Фарух Махмудов, Герман Гмайнер атындагы УВК SOS мектебинин бүтүрүүчүсү: "Решено, буду хореографом".

- Мени тааныштарым бийчи Цискаридзеге окшошсуң дешет. Ал абдан таланттуу адам эмеспи. Ошондой талантуу адам болгум келет. Мени ага окшоштурган сайын ичимен сүйүнөм. Мага мода, искусство жагат. Мен кооздукту көргүм келет, элге сулуулукту тартуулагым келет. Өзүм дагы жөн тура албайм. Жашоомду кызыктуу кылууга аракет кылам. Ошондуктан ар кандай конкурстарда өзүмдү сынайм.

Агроном болгусу келген Нурбакыт Шеримбеков, Каракол шаарынын №11 гимназия мектебинин бүтүрүүчүсү: "Мекeнимдин айыл чарбасын көтөрөм".

- Мен ата-энем каршы болгонуна карабай айыл чарба тармагын тандап алдым. Мен чет өлкөнү көргүм келет, алардын тажрыйбасын Кыргызстанга алып келип, жаңы техникаларды инвесторлордун жардамы менен тартып келип, мыкты түшүм өндүрүп, аны кайра чет мамлекетке экспорттогум келет.

Бермет Сапарбек кызы, Ат-Башы районунун Ак-Муз айылындагы Боогачы атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү: "Кыргыз тилин сүйүп окуйм".

- Кыргыз тилин өнүктүрүүнү Бишкектин көчөлөрүндө илинген көрнөк - жарнактарды туура жазуудан баштаар элем. Аларды которууга бюджеттен канча акчалар берилет. Бирок которгон менен анын маанисин караган киши жоктой. Мен тилдин жашоосу үчүн салым кошкум келет.

Cынактын бардык материалдары менен бул жерден тааныша аласыз.
XS
SM
MD
LG