Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Мектеп формасы: кааласа кийет, каалабаса жок


Тандалып алынган бирдиктүү форманын үлгүсү
Тандалып алынган бирдиктүү форманын үлгүсү

Мектеп формасына караштуу жаңы стандарттардын бет ачарында билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева ата-энелер былтыр кабыл алынган мектеп формасы сыяктуу эле ак, кара түстөгү кийимдерди кийүүгө да жол берилээрин айтты.

Өткөн жылы министрлик 2015-2016-жылдары окуучуларга мектеп формасы милдеттүү түрдө кийгизилерин белгилеп, муну социалдык теңсиздикти жоюу максаты менен түшүндүргөн эле.

Окуучуларды акырындык менен мектеп формасына өткөрүү максатын билдирген Билим берүү жана илим министрлиги былтыр форманын үлгүсүнө конкурс жарыялап, анда дизайнер Элвира Султангазиеванын сунушу колдоо тапкан.

Ак, боз, ток кызыл өңдөрүнөн куралып, галстугуна улуттук оймо - эн белги бастырылган бул үлгүнүн негизинде тигилген мектеп формаларын азыр атайын ачылган дүкөндөрдөн, базарлардан сатып алып жатышат. Формалардын баасы да материалдардын сапатына жараша 1500 сомдон жогору экендиги айтылууда.

Дизайнердин коллекциясы сатылып жаткан Бишкектеги “Планета Максимус” дүкөнүнөн Батма Белекова 4-класста окуган уулуна 2400 сомго форма сатып алып жатканына күбө болдук:

- "Дордойдо" деле арзан бар экен. Бир жолу жууп көрмөйүнчө сапатын айта албайм. Кармалап, кийгизип көрсөм жакшы эле көрүнөт. Көп жыл кием дегендерге ушул кийимди сунуштап жатышат.

Мектеп окуучулары
Мектеп окуучулары

Батма Белекованын айтымында, форма сатып алууда түшүндүрүү иштеринин жетишсиздигинен ата-энелерде базарда, дүкөндө сатылган формалардын айырмасына, баасына, сапатына байланышкан көптөгөн суроолор пайда болду.

Сатуучу Айзада Мырзалиеванын айтымында, жеке ишкерлердин өздөрү тигип сатып жаткандарын жумшак келген материалынан, эн белги чапталганынан байкаса болот. Бирок коомдун социалдык абалы да эске алынгандыктан алардын баасы чынында эле төмөн экенин белгилешет:

- Ал кийимдерде ичинен тигилген кошумча материал жок. Бул дүкөндө сатылган кийимдерде болсо кышкысын балдардын белине суук өтпөсү үчүн жылууланган. Кышкы шымдары да өзүнчө. Эгер башка форма сатып алганда деле ар бирин өзүнчө алып, ушул баа эле чыгып калат.

Чектөөлөр болот

Анткен менен Билим берүү жана илим министрлиги быйыл деле былтыркыдай эле форма кийүүнү ар бир ата-эненин каалоосуна калтырып, үстү ак түстөгү, ылдый жагы күңүрт түстөгү кийимдерди кийүү башкы талап экендигин эскертип жатат. Мындай билдирүүнү маалымат жыйынында билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева жасады:​

- Буга чейин чоң сынак өтүп, добуш берүү аркылуу бирдиктүү форма тандалып алынганын билебиз. Бирок милдеттүү түрдө ошол мектеп формасын кийиш керек деген чек койгон жокпуз. Былтыр форманы алган ата-эне балдарын кийинте берсе болот. Эң башкысы жинсы, пляждык, спорттук кийимдерге жол берилбейт. Бирок бара-бара бул бирдиктүү формага өтүү планы бар.

Мектеп окуучулары
Мектеп окуучулары

Ал эми балдардын укугун коргоо лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова Билим берүү жана илим министрлиги башаламан саясат жүргүзүп жатат деп сынга алды.

- Бул жерде башаламан болуп жатат. Өкмөт жыл сайын бирдиктүү форма киргизебиз деп эксперимент жасап, маалымат айта беришет. Бул жолку тендер өткөргөндө деле ачык-айкын болгон жок деп канча телефон чалуулар болду. Бул жөн гана ата-эненин да, баланын да башын айлантып, азапка салган нерсе. Мен президентке да кайрылайын деп турам. Мыйзамда мектеп окуучулары үчүн мектеп формасы тандоо болбошу керек.

Билим берүү жана илим министрлиги тандалып алынган бирдиктүү форманын үлгүсүн коомчулукка былтыр 1-июлда жарыялап, аны окуучулар 2015-2026 окуу жылынан баштап милдеттүү түрдө кийерин маалымдаган.

XS
SM
MD
LG