Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:25

Жетекчинин жемеси ажалга түрттүбү?


Мектептин мурдагы директору Абдыкаар Самиев 8-ноябрь күнү көз жумган.
Мектептин мурдагы директору Абдыкаар Самиев 8-ноябрь күнү көз жумган.

Өзгөндө мектеп директору Абдыкаар Самиев жумуштан бошотулгандан кийин жүрөк оорудан каза тапкан.

Маркумдун жакындары бул өлүмгө райондук билим берүү башкармалыгын айыптап, милицияга арыз менен кайрылды. Ал эми Өзгөн райондук билим берүү мекемеси бул айыптоону четке кагууда.

Кан басымы көтөрүлүп кетип райондук ооруканада жаткан Абдыкаар Самиев 8-ноябрь күнү көз жумган. Уулу Айбек Самиев маркум Өзгөндүн Ак-Кыя айылындагы мектептин директорлугунан бошогондон кийин ден соолугу начарлап кеткенин айтты:

- Өзгөн райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Исмаил Дүйшеев атамдын өлүмүнө түздөн-түз себепкер. Анткени ал бир жылдан бери атама тынымсыз кызматтык кысым көрсөтүп келген. Мектепке 15 жолу комиссия жөнөтүп, негизсиз текшерткен. Атамды көргөн жерден эле кемсинтип, уруша берчү экен. Жоош, ак көңүл киши баарын ичине сактай берип акыры ушу болду. Акыркы жолу 96 директордун алдында катуу тилдеп, иштен кетүү боюнча арыз жазууга мажбурлаган. Ошол жерден чыкканда эле кан басымы 220га көтөрүлүп кетип, ооруканага жатып калды. Буга чейин куландан соо жүргөн, Дүйшеев куугунтуктай берип, бир жылда жеп тынды.

Айбек Самиев
Айбек Самиев

Абдыкаар Самиев иштеген Мансур Ибраимов атындагы орто мектеп 1932-жылы курулган. Самиев жаңы мектеп салууга мезгил жеткенин дайыма айтып келген. Уулу Айбек Самиев атасы бир ирет ЭлТРдин журналисттерине ушул маселе боюнча маек берип, бул үчүн жогору жактын каарына калганын айтып отурду.

- Быйыл жайда Бишкектен келсем, атамдын сабыры суз экен. Себебин сурасам, "Өзгөн райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Исмаил Дүйшеев жайлоого эс алганы келди. Мени кымыз алып келүүгө мажбурлады. Карызга акча таап, үч миң сомго кымыз алып, азык-түлүгү менен Дүйшеев эс алып аткан Доңуз-Тоого жеткирип бердим. Ак “Спринтер” менен келишкен экен, баары бутунан туралбай мас" деп айтып берди. Бул Дүйшеевдин директорлорго көрсөткөн кысымынын бир эле формасы. Ар бир директордон айына миң сомдон “үлүш” алып турчу экен, атам ошону бербей коюптур. Мындан башка да айткан нерселерин аткарбай койгондуктан куугунтукту күчөтсө керек деп ойлойм.

Маркумдун жакындарынын бири Аттокур Искенов Абдыкаар Самиев саясий себептен улам куугунтукталса керек деген ойдо. Акыркы шайлоодо Абдыкаар Самиев жаңы мектеп куруп берет деген ниетте КСДП партиясына иштеп берген экен. Ал эми райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси башка партияга иштегендиктен ортодо карама-каршылык жаралышы ыктымал дейт Искенов.

- Абдыкаар Самиев социал-демократтар партиясында болчу. Исмаил Дүйшеев “Республика-Ата-Журт” партиясында экен деп уктук. Самиевдин КСДПга үгүт жасаганы тигиге жакпай калса керек. Же башка себеби барбы айтор, ортодогу келишпестикке эмне түрткү болгону алигүнчө табышмак.

Өзгөн райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Исмаил Дүйшеев бул айыптоолорду четке кагууда. Ал маркум директорго башкалар сыяктуу эле мамиле кылганын, ортодогу кеп кызматтык чектен чыкпаганын айтты:

Исмаил Дүйшеев
Исмаил Дүйшеев

- Мунун баары куру жалаа. Самиев өзү мурдатан ооруп жүрсө, анын өлүмүнө кандайча себепчи болуп калам? Иши боюнча айтсам, директор катары жакшы иштей алган эмес. Биз, облустук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү барып текшергенде мектептин жылдык иш пландары түзүлгөн эмес, секциялык пландары да жок болуп чыкты. Мындайча айтканда, иш нөл болгон. Былтыр 15 жолу текшергенибиз чын, быйыл да бардык. Анын баары кызматтык текшерүү болгон. Анан соңунда ал киши өзү келип, “мен ооруп атам, анча-мынча кемчилик болсо, кечирим сурайм” деп өз арызы менен кызматтан кеткен. Андан кийин эле ооруканага жатып каза болуп калды деп уктук.

Абдыкаар Самиев жетектеген Мансур Ибраимов атындагы орто мектеби
Абдыкаар Самиев жетектеген Мансур Ибраимов атындагы орто мектеби

Жашоосунун акыркы түнү Абдыкаар Самиев ооруканада тогуз беттик керээзин жазып, аягын жыйынтыктоого үлгүрбөй калган. Катта ал дартына Исмаил Дүйшеевди айыптаган экен. Туугандары бул кагазды күч кызматтарына тапшырып, арыз жазган. Милиция кылмыш ишин козгобогон менен окуяны иликтеп жатканын билдирди.

Өзгөн райондук ооруканасынын терапия бөлүмүнүн башчысы Жылдызбек Дүйшеев Самиев боюнча буларды айтты:

- Абдыкаар Самиев 30-октябрь күнү бизге кан басымы көтөрүлгөн абалда келип түштү. Керектүү дары-дармектерин алып, абалы жакшыраак болуп калган. 8-ноябрь күнү жаткан жеринде үзүлүп кетиптир. Бул жерде азыр кимдир бирөөгө айып кое албайбыз. Стресстен улам кан басымы жогорулап кетсе керек, анан ал жүрөккө таасир эткен.

Директордун өлүмү боюнча мектеп жамааты эмне болуп кеткенин алигүнчө аңдай элек. Ал тургай окуяга аккыялыктардын дээрлик баары таң калып турган чагы.

Абдыкаар Самиев билим берүү жаатында 42 жыл иштеген. Ушул убакыт аралыгында бир канча сыйлыктарга, анын ичинде Эл агартуунун отличниги наамына ээ болгон.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG