Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:10

Бишкек жылуулук борборуна көмүр алына элек


Бишкек жылуулук борбору.
Бишкек жылуулук борбору.

Жылуулук борборун көмүр менен камсыздоочу “Улуттук электр станциялары” ачык акционердик коому буга чейин эки жолу тендер өткөрүп, бирок экөө тең үзгүлтүкө учураган

Үчүнчү тендердин жыйынтыгы болсо качан чыгары белгисиз. Ал арада аталган ишкананын жетекчилерине тендер өткөрүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча кылмыш иш козголду.

Бишкек жылуулук борборуна көмүр сатып алуу жыл сайын ар кандай чыр-чатак, машакат менен коштолот. Ушул жайда алгач 630 миң, андан кийин 350 миң тонна көмүр сатып алуу боюнча эки тендер үзгүлтүккө учураган.

“Улуттук электр станциялар” акционердик коомунун маалымат катчысы Тагжана Айдаралиеванын “Азаттыкка” маалымдашынча, эми үчүнчү тендер жарыяланды, ага беш компания катышып жатат:

- Жыйынтыгы чыга элек, кандай болорун айта албайм. Азыр болгон маалыматтын баары топтолуп жатат.

Планга ылайык, Бишкек жылуулук борборуна көмүр апрель-май айыларында эле сатылып алынышы керек болчу. Эки тендердин үзгүлтүккө учурашы тууралуу Каржы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сатып алуу башкармалыгынын жетекчиснин мурунку орун басары Мелис Акжигит уулу “Азаттыкка” түшүндүрмө берди:

- Биринчи тендер кантип өткөнүн биз такыр эле билбейбиз. Экинчисинде “Прогресс компании” утту, ушуну менен келишим түзөбүз деп келишкен. Бул тендер боюнча каржы министрлигине арыз түшкөн. “Жезказган энергосбыт” тендер туура эмес өттү, биз акчасын аз көрсөтсөк деле эмнеге “Прогресс компани” утту деп арызданган. Биз комиссия түзүп, арызды караганбыз. Жыйынтыгында арызды негизсиз деп тапканбыз. Анткени “Жезказгандын” тажрыйбасы жетишсиз экен, документтери да толук эмес. Ушундан улам “Жезказгандын” утулганын туура деп тапканбыз.

Мелис Акжигит уулу мындан сырткары тендерди уюштуруп өткөрүү иштеринде бир катар алешемдик аныкталганын белгиледи:

- Мисалы мамлекеттик сатып алуу тууралуу порталга суммасын 28 миллион доллар деп көрсөтүшкөн. Ал эми утуп алган компаниянын суммасы 35 миллион доллар болгон. Биз эмнеге мындай болду десек, "кичине техникалык ката кетиптир, 28 миллион доллар бул “Луговой” станциясына чейин эле болчу, ал эми “Аламүдүн” станциясына чейин ташып келүү атүгүл 37 миллионго чамалайт", - деп жооп беришти. Биз аларга силер коомчулуктун башын маң кылдыңар деп айтканбыз. Мисалы 32, 33 миллион бере тургандар силер көрсөткөн сумманын айынан тендерге катышпай калышы мүмкүн деп биз тендердин жыйынтыгын жокко чыгарганбыз. Дагы бир катар кемчиликтер аныкталган. Мисалы келишим түзгөнгө чейин тендер тууралуу арызды өзгөрткөнгө болбойт. Булар болсо келишим түзүлө электе эле “Прогресс” менен баасын ылдыйлат деп сүйлөшүү жүргүзө баштаган. Аудиттик корутундуда да кемчиликтер көрсөтүлгөн.

Өткөн аптада тендер өткөрүүдөгү мыйзам бузууларга байланыштуу “Улуттук электр станциялар” акционердик коомунун жетекчисинин орун басары Кемел Иманов камакка алынды. Андан бир апта мурун аталган коомдун жетекчиси Абдылда Исраилов кызматынан бошогон жана ага да кылмыш иш козголгон.

Энергетика министринин мурдагы орун басары Райымбек Мамыровдун пикиринде, көмүр сатып алуу ишин жөнгө салуу үчүн тендер өткөрүүдөн баш тартып, кыргыз-казак өкмөттөр аралык келишим түзүлүшү зарыл:

- “Электр станцияларына” кыргыз-казак өкмөттөр аралык келишимдин негизинде тендери жок сатып алууга мүмкүнчүлүк берилиши керек. Азыр кырдаалдан чыгуунун бир гана жолу ушу. Эгер андай болбосо дайыма ушундай машакат боло берет. Көмүр менен байланыштуу чуулгандуу окуялар болуп жатат. “Электр станцияларынын” мурунку жетекчилерине иш козголду. Ошондуктан өкмөт муну өз көзөмөлүнө алышы керек. Биз жок дегенде эле Казакстандан 500 миң тонна көмүр алып жатпайбызбы. Бул 20 миллиондой доллар болот. Эгер өкмөт өз колуна алса, уюштуруу иштери жеңилдейт эле, экинчиден элге жаманатты болушпайт эле. Анан Энергетики министрлигине да, “Электр станцияларына” да жеңил болмок.

Былтыр да Бишкек жылуулук борборуна көмүр сатып алуу боюнча маселе чыккан. Биринчи тендер үзгүлтүккө учургандан кийин өкмөт көмүрдү түз эле “Прогресс компани” ишканасынан сатып алууну чечкен. Айрым байкоочулар тендерлердин ар кандай шылтоо менен үзгүлтүккө учурашы, бир канча жылдан бери “Прогресс компани” өндүү бир гана булактан көмүр сатып алуу көрүнүшүн ири коррупциялык айла-амал менен түшүндүрүп келишет.

XS
SM
MD
LG