Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:10

МАИчинин жакындары митингге чыкты


УКМК алдындагы митинг
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:56 0:00

УКМКнын тергөө абагында асынып өлдү делген Жол коопсуздугу башкармалыгынын кызматкери Айбек Эшбаевдин туугандары нааразылыкка чыкты.

Бүгүн түш ченде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдында жүзгө жакын адам чогулган митинг өттү. Алар УКМКнын тергөө абагында асынып өлдү делген милиционер Айбек Эшбаевдин туугандары экенин айтышты. Митингчилер Эшбаевдин өлүмүнө жол берген абак кызматкерлерин жоопко тартып, комитеттин жетекчиси Шамил Атахановдун кызматтан бошотулушун талап кылышты. Митингге жүздөй тартип кызматкери байкоо салып турду.

Пара алды деген шек менен кармалган Бишкек милициясынын жол коопсуздугу башкармалыгынын кызматкери Айбек Эшбаев аз күн мурда УКМКнын тергөө абагында ажал тапкан. Ал асынып өлдү дешкени менен, туугандары бир топ жагдай боюнча күмөн жараткан суроолору бар экенин айтышууда. Окуяны атайын түзүлгөн комиссия иликтеп жатат.
XS
SM
MD
LG