Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:46

Жумгал: эки өмүрдү алган өрт өчө элек


Каныш капчыгайы.
Каныш капчыгайы.

Нарындын Жумгал районуна караштуу Куйручук айыл аймагындагы Каныш капчыгайында чыккан өрттү өчүрүү учурунда эки мамлекеттик кызматкер каза тапты.

11-сентябрь күнү 300 гектардай жерге жайылган тилсиз жоону өчүрүү маалында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу өрт коопсуздугу агенттигинин Жумгалдагы №43 бөлүгүндө иштеген 28 жаштагы Алтынбек Дүйшөналиев, райондогу Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү, 32 жаштагы Аваз Нуралиев каза тапты.

Окуяга байланыштуу “Азаттык” радиосу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрткө каршы кызматы агенттигинин директору Нуржан Осмоналиевди кепке тартты.

“Азаттык”: Нуржан мырза, бүгүнкү күндө кыргызстандык куткаруучулардын коопсуздугу канчалык даражада сакталган?

Осмоналиев: Куткаруучулардын коопсуздугу жетиштүү деңгээлде сакталган деп айта алам. Бирок сиздерге маалым, акыркы күндөрү өрт кырсыктары негизинен тоолордо болуп жатат. Куураган чөп жана бадалдар күйүп, ушундай оор жагдай жаралууда. Тилекке каршы, биздеги техникалык каражаттардын баары түз жердеги өрттү өчүрүүгө ылайыкташкан. Бийик тоолуу же адырлуу аймактарда өрт чыкса, жалаң кол күчү менен өчүрүүгө туура келет.

“Азаттык”: Башка өлкөлөрдө тоолуу жерлердеги өрттү тик учма, учак аркылуу өчүрүү тажрыйбасы колдонулат. Бизде аны колдонууга мүмкүнчүлүк барбы?

Осмоналиев: Тилекке каршы, Кыргызстанда андай техника жок. Эгер болсо, куткаруучуларды жөө чуркатпай, элдин жардамына муктаж болбой кырсыкка бөгөт коймокпуз. Минтип, кызматкерлерибиздин өмүрүнө коркунуч жаралмак эмес.

“Азаттык”: Кызмат учурунда каза тапкан өрт өчүрүүчү Алтынбек Дүйшөналиевдин үй-бүлөсүнө жардам берилеби?

Осмоналиев: Бул кайгылуу окуя боюнча иликтөө комиссиясы түзүлдү. Аны өзүм жетектейм. Окуянын чоо-жайын иликтеп, Эмгек кодексинде көрсөтүлгөн талаптар боюнча маркумдун жакындарына компенсация төлөнөт. Бирок азыр канча сумма берилерин так айта албайм. Куткаруучу жигитибиздин өлүмү – анын туугандары, ата-энеси үчүн гана эмес, биз үчүн да орду толгус жоготуу болду.

“Азаттык”: Жумгал райондук мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү Аваз Нуралиев ошол кырсыкта мерт кетти. Мамлекеттик каттоо кызматында иштеген адам эмне үчүн өрт өчүрүүгө тартылган?

Осмоналиев: Ал жигит жарандык коргонуу планы боюнча чыккан болсо керек. Өзгөчө кырдаал учурунда жергиликтүү бийлик жашоочуларды, кызматкерлерди кырсыкты жоюуга тартат.

“Азаттык”: Кыргызстандын бир топ тоолорунда өрт чыгуу коркунучу бар экени айтылууда. Ушул жаатта бир аз кеңири токтолуп кетсеңиз.

Осмоналиев: Бир топ күндөн бери Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын жайлоолорунда, токойлорунда өрт чыгуу коркунучу бар экенин эскертип келүүдө. Жалпыга маалымдоо каражаттарынан гана эмес, уюлдук операторлор менен макулдашып, СМС билдирүүлөр аркылуу да тынымсыз кабарлап жатабыз. Өрт коркунучу Талас, Лейлек, Базар-Коргон, Жети-Өгүз, Аксы, Нарын райондорунун токойлорунда жогору. Аламүдүн, Токтогул райондорунда өрт чыгуу ыктымалдуулугу бар. Негизи эле кырсыктар жарандардын кайдыгерлигинен болуп жатат. Тамеки калдыгын ыргытып же от жагып, аны толук өчүрбөй кетүүнүн айынан ушундай кырсыктар келип чыгууда. Жарандарыбыздан кайдыгер болбоону суранат элем.

XS
SM
MD
LG