Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:12

Саркулов: МАИ кызматкерлери тууралуу видеону азыр көрдүк


МАИ кызматкерлери. Бишкек
МАИ кызматкерлери. Бишкек

22-августта интернетте Оштогу жол кайгуул кызматкерлеринин чатагы жарык көрдү. Алты мүнөттүк тасмада Иса аттуу жол кайгуул кызматкери Жеңиш аттуу жол кайгуул кызматкеринин баласына айып жазып салганы үчүн экөө чатакташканы көрсөтүлөт.

Баласына болушкан экинчи кызматкер беркини оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, тап берип жулунган. Тасма социалдык тармактарда кызуу талкууга жем таштады. Ага байланыштуу республикалык жол кайгуул кызматынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркуловду кепке тарттык:

"Азаттык": Ыманалы мырза, бул видео тууралуу кабарыңыздар барбы? Болсо кандай чара көрдүңүздөр?

Ыманалы Саркулов: Кабарыбыз бар. Интернетке чыгар замат тийиштүү кызматкерлерге тапшырма берилген. Азыр алдын ала маалыматка караганда, видео май айында тартылган. Эмне себептен өткөн ишемби күнү гана чыкканын тактап атабыз. Жыйынтыгын коомчулукка сөзсүз билдиребиз.

Азыр алдын ала маалыматка караганда, видео май айында тартылган. Эмне себептен өткөн ишемби күнү гана чыкканын тактап атабыз.

"Азаттык": Демек, бул чатак буга чейин сиздерге белгилүү болгон эмеспи?

Ыманалы Саркулов: Буга чейин белгилүү болгон эмес. Биздеги такталбаган маалымат боюнча окуядан кийин да эки кызматкердин ортосунда араздашуу чыгып, видео ошондон кийин интернетке чыгып атат.

"Азаттык": Сиздер эми аларга чара көрөсүздөрбү?

Ыманалы Саркулов: Сөзсүз чара көрүлөт. Ошон үчүн кызматтык иликтөө дайындадык.

"Азаттык": Жол күзөтчүлөрү түздөн-түз эл менен иштейт да. Видеодогу экөө адам чыдап уга алгыстай сөгүнүшкөнү угулат. Бул интернетте катуу талкуу жаратты. Сиздер уяласыздарбы ушундай көрүнүштөрдөн?

Ыманалы Саркулов: Сөзсүз. Коомдук тартипти сактап аткан кызматкерлер өздөрүн ушундай алып жүргөнү, бири-бирине ушундай мамилеси бул милицияны жакшылыкка алып келбейт. Булар жалпы милиция кызматкерлерин уят кылышты. Биз ошон үчүн катуу чара көрөбүз.

"Азаттык": Бул чатак жол кайгуул кызматындагы реформа эмне болгонун дагы бир ирет эскертип өттү. Реформа кантип атат чынында?

Ыманалы Саркулов: Азыр техника кылымы. Ошон үчүн көңүлдү жол кайгуул кызматкерлерин тиешелүү техникалык каражаттар менен камсыз кылууга буруп атабыз. Ички иштер министри Мелис Турганбаевдин тапшырмасы менен Орусия, Кытай менен сүйлөшүүдөбүз. Каржы маселелери чечилип атат. Ар бир кызматкерлерге жеке видеорегистратор алып берип, канча саат иштесе, ошол иш убагы видеого тартыла тургандай кылабыз. Бул эми кызматкерлердин тарбиялык жагын эле эмес, айдоочулар менен болгон мамилесин, кызматта өзүн алып жүрүшүн тескейт деп ишенип атабыз. Ошондой эле, ич ара сүйлөшүп, коррупцияга барган көрүнүштөрдү жойсок дейбиз.

P/S Өкмөт башчы Темир Сариев жол кайгуул кызматкерлеринин чатагы тартылып, интернетке тараган тасма боюнча чукул жыйын өткөрдү.

Бул видео Ички иштер түзүмүнүн кадыр-баркына көлөкө түшүргөнүн эскерткен премьер-министр тасмадагы кызматкерлерди иштен бошотуп гана тим болбой, бардык наамдарынан ажыратууну тапшырды.

Ички иштер министри Мелис Турганбаев менен Жол кайгуул кызматынын башчысы Сергей Дьяченкого тармактагы реформа жансыз жүрүп жатканын эскертип, тез арада реформалоонун майнаптуу жолдорун иштеп чыгуу зарылдыгын айтты.

Интернетте 22-августта тараган алты мүнөттүк тасмада Иса Шакирбай уулу аттуу жол кайгуул кызматкери Жеңиш Жумашов аттуу кесиптешинин баласына айып жазып салганы үчүн экөө чатакташканы көрсөтүлөт. Баласына болушкан экинчи кызматкер беркини оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, тап берип жулунган.

ИИМдин Ош облустук жана шаардык башкы башкармалыгынын жетекчиси бул окуяга катышы бар төрт жол кайгуул кызматкерин (Жеңиш Жумашов, Иса Шакирбай уулу, Шымкар Чотонов, Данияр Акбарали уулу) 24-августта иштен бошотулуп, төрт жетекчиге сөгүш берилди.

XS
SM
MD
LG