Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:21

Немис киносу Бишкекте


Кыргыз-немис дипломатиялык алакасынын 20 жылдыгына карата Бишкекте немис киносунун фестивалы өттү.

Эки күнгө созулган бул маданий иш-чарада көрүүчүлөр немистин жаш режиссерлору тарткан “Сүйүүнүн поляк серенадасы”, “Солино” ж.б тасмаларын көрө алышты.

Мигранттар сүйүүсү

Германияда жашаган Анна Рождество майрамы астында эски “Фольксваген” менен Польшаны көздөй сапар тартат. Максаты: машинени Польшада калтырып, артка кайтканда “уурдап кетти” деген шылтоо менен коопсуздук баракчасын алуу.

Дагы бир каарман Макс үй-бүлөсүнө таандык мүлктү талашуу үчүн ушул эле мамлекетке поезд менен бара жаткан. Тагдыр буйругу менен эки жаш жолдон кезигет. Бир нече кызыктуу окуядан соң, ортодо сезим пайда болот. Ушундан кийин экөө баштапкы ойдон кайтып, үйгө чогуу кайтышат.

Немис режиссеру Моника Анна Войтылланын махабатты көр дүнүйөдөн бийик койгон “Сүйүүнүн поляк серенадасы” тасмасы менен Бишкекте немис киносунун фестивалы башталды. Салтанаттуу аземди Кыргызстандагы немис элчиси Гудрун Срэга айым өзү ачты.

Бишкек өз шаарымдай...

Гудрун Срэганын элчилик орунга келгенине аз эле убакыт болсо да, Бишкекке тез эле үйүр алып кеткенин айтат:

- Бишкек мага аябай жагат. Келгениме 1 жылдай болуп калды. Ушул убакыт ичинде көп адамдар менен таанышууга жетиштим.

Элчи айым кыска убакыт ичинде кыргыз маданияты менен таанышууга жетишкен экен. Муну менен катар немис көрүүчүлөрүнө режиссер Актан Арым Кубаттын “Свет аке” тасмасы жакканын белгилей кетти:

- Кыргыз маданияты менен тааныша алдым. Улуттук өнөр менен кийин пайда болгон маданияттын эриш-аркакта жашап атканы жакты. Баса, немис көрүүчүлөрү кыргыз тасмалары тууралуу билишет. Айрыкча электрик жөнүндөгү тасмаңарды жакшы кабыл алышкан.

Кыргыз керемети Берлинде

Кыргыз-немис дипломатиялык алакасынын 20 жылдыгына арналган маданий иш-чараларды Берлиндеги кыргыз элчилиги да уюштурууда. Бул тууралуу элчиликте кеңешчи кызматын аркалаган Бүбүйра Абдыжапарова “Азаттыкка” билдирди:

- Маданий гуманитардык кызматташтуу биздин эки тараптуу алакабыздын ажырагыс бөлүгү. Кыргыз-немис дипломатиялык мамилесинин 20 жылдыгына карата биздин элчилик онго жакын иш-чара өткөрдү. Жакында эле, 10-ноябрда Берлиндеги Мессе көргөзмөсүндө, “Кыргызстан жибек жолундагы мамлекет” деген презентация болду. Элүү жылдан бери өтүп келе жаткан бул көргөзмөгө ондон ашык кыргыз кол өнөрчүлөрү келди.

Бүбүйра Абдыжапарова муну менен катар “Кыргызфильм” студиясынын 70 жылдыгына карата Берлинде кыргыз тасмалары көргөзүлгөнүн да кабарлады:

- Бишкекте азыр немис кинолорунун фестивалы өтүп жатат. Андай иш-чараны “Кыргызфильм” студиясынын 70 жылдыгына карата биз да өткөргөнбүз. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына тартылган союз кезиндеги тасмалар менен акыркы жылдары жарык көргөн тасмаларды Берлинде кызуу кабыл алышты. Айрыкча жаш режиссерлор: Акжол Бекболотов, Найзабек Сыдыков, Наргиза Маматкулованын кыска метраждуу тасмалары көрүүчүлөр арасында кызыгуу жаратканы байкалды.

Шыгаевдин немис күйөрмандары көп

Гапар Айтиеев атындагы көркөм сүрөт музейинин жетекчиси, сүрөтчү Юристанбек Шыгаевди Германияда жакшы таанышат. Ал Берлиндеги кыргыз элчилигинин астында турган аюунун денесине улуттук колориттеги сүрөт тарткан. Сүрөтчү немис эли кыргыздар тууралуу кабардарын, буга залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун салымы зор экенин белгиледи:

- Биздин мамлекетти Чыңгыз Төрөкулович дүйнөгө тааныткан да. Анын чыгармалары аркылуу кыргыздарды Германияда жакшы билишет. Бүгүнкү күндө Кыргызстанга эң чоң инвестиция салгандардын бири ушул мамлекет.

Кыргыз элчилигинин астында турган аюу
Кыргыз элчилигинин астында турган аюу
Юристанбек Шыгаевдин негизги күйөрмандары немистер. 17-сентябрда Германиянын Мильтенберг шаарында “Көчмөндөр” аттуу көргөзмөсү өткөн:

- Элүүгө жакын эмгегимди алып баргам. Жыйырма бешин “Райффайзен” банкы сатып алды. Көргөзмөнү Чыңгыз Айтматовго арнаган элем. Бул кишинин чыгармалары Германияда мектеп программасына кирген да.

1992-жылдын 3-февралында Кыргызстан менен Германия Федеративдик республикасынын ортосунда дипломатиялык келишимге кол коюлган. Андан бери немис элчилиги Кыргызстанда жигердүү иштеп келе жатат. Ошол эле маалда кыргыз жарандары Германияда окуп жана иштеп жүргөнүн тана албайбыз.

XS
SM
MD
LG