Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:57

Артыкбаев: Алтын уурдоого криминал аралашып кеткен


"Кыргызалтын" АКнын башкарма төрагасы Осмонбек Артыкбаев алтын кен жайларындагы коррупциялык схемаларды жоюу боюнча иш башталганын кеп салды.

“Азаттык”: Осмонбек мырза, сиз “Кыргызалтындын” жетекчилигине келгениңизге 2 айга чукул убакыт өттү окшойт. Бул убакыт аралыгында аталган ишканага тиешелүү алтын кендердин баарын текшерип келипсиз. Ал жактагы кырдаал тууралуу айтып бересизби?

Осмонбек Артыкбаев: Биздин негизги алтын өндүргөн фабрикабыз – Макмал. Мен ал жакка 2-3 жолу барып келдим. Андан сырткары Солтон-Сары, Терек-Сайга барып келдим. Терек-Сай Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жайгашкан. Ошону менен катар биздин дагы кошумча филиалдарыбыз бар. Бул – Балыкчыда автоунаа ишканасы, Ысык-Көлдөгү “Кыргыз деңизи” деген тоо-кенчилер эс алчу жай, Кара-Балтадагы аффинаш заводу бар. Бул жерде курулушту тейлей турган ишкана да бар. Ошолордун баарын кыдырып карап келдим.

Негизинен “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунда 2,5 миңдей адам иштейт. “Кыргызалтындын” 2010-жылдагы иши жакшы болбоптур. Отчетто пайда менен чыкты деп көрсөтүлүп жатат. Бирок пайда деле жок.

“Азаттык”: Чыгашанын себеби эмнеде экен?

Осмонбек Артыбаев: Макмал негизинен 4 ай иштебей туруп калыптыр. Андан сырткары жанагы апрелдеги окуяга байланыштуу дагы бир топ проблемалар болуп, жумуш таштоолор болуп, жалпы ошол Макмал фабрикасы, тоо-кен ишканасы 100 миллион сомдун тегерегиндеги чыгым менен чыкты. Анда иштегендер айлыктарын алалбай, көп маселелер менен чыкты. Ошол жерден алтын уурдалып, ушундай маселелер бар. Азыр бул маселелердин үстүнөн иштер жүрүп жатат.

Эми Терек-Сай тууралуу айтсак, бул өтө маанилүү, багыттуу ишканабыз. Ал жерде болсо алтын дапдаяр болуп чыкпайт, бирок концентрат катары экспорт кылышыбыз керек да. Өзүбүздө да аны кайта иштете турган фабрикабыз жок. Себеби алтын менен кошо чыга турган мышьяк деген уулуу зат бар да. Концентрацияда бул уулуу зат 10 пайыздан ашат. Ошондуктан муну өзүбүздө иштеткенге мүмкүнчүлүк жок. Буга чейин аны Орусияга алып барып иштетип жатышыптыр. Бирок бул иш да токтоп калып, алар концентратты алып, биро топ акчасын кайтарып бербей ушундай иштер болуптур. Эми Кытай менен келишим түзгөн экен, бирок дале иштер жүрбөй азыр 13 миң тоннанын тегерегинде концентрат сатылбай, акыбал начар болуп турат.

Солтон-Сарыда да иштер начарлап калыптыр. Азыр эми мындай абалды оңдоого катуу киришип жатабыз. Каржылык акыбалы да өтө начар. Насыяларды алып, аны да төлөөгө убакыт келип калыптыр. Келерим менен ушуга киришип, чыгымдарды оптималдаштырып, кыскартып, бизнес-пландарды кайтадан карап, тез аранын ичинде акчаларды багыттуу негизги иштерди кыймылдатууга салып, керектүү нерселердин баарын алып берип, техникаларды ишке киргизип азыркы убакта кудай буюрса жакшы деңгээлге чыгып калдык. Макмал боюнча январь жана февралдын планы аткарылды. 34 килограммга жакын алтын алдык. Эми мартка аракет кылып жатабыз. Бул айда, 38,8 килограмм алтын чыгарышыбыз керек.

Алтын уурдоо деген чоң маселе экен. Жалаң эле өндүрүштүк деңгээлде уурдоо эмес, криминалдык уурдоо деген бар экен.

“Азаттык”: Алтынды кантип уурдашат экен? Мына криминалдар аралашат деп айттыңыз. Сиздер уурдоонун кандай жолдорун ашкереледиңиздер?

Осмонбек Артыкбаев: Мисалы үчүн Макмал. Бул жакта ушунчалык баары аралашып калган. Ошол жерде “Зифт” деп коёт, алтын элей турган фабрика бар. Ошол жерден баштап лаборатория, тигил жак, бул жактарынан бери аралашып, кайтаруу системасы менен биригип кеткен.

Макмалга кирип чыкканда, адам чечинип, кайра башка кийим менен кирет да. Бирок ошого карабай илгертен иштегенден бери уурдоонун системалары түзүлүп калыптыр. Эми ушунун баарын азыр бузуш керек болуп турат. Бул боюнча мен ИИМге кайрылдым, дагы башка адистерге кайрылдым. Бул ушунчалык терең сиңип, тамырлап кеткен. Муну келе калып эле бузуп оңдоп коюш оңой эмес экен.

Макмалда союздун тушундагы эски технологиялар колдонулат да. Бул жерде алтын өндүрүлүп жатканда адамдардын барып катышканга мүмкүнчүлүгү бар. Мисалы Кумтөрдө жаңы технологияларды колдонуп, алтын өндүргөн процесстерге адамдардын колу аралашпайт. Автоматташтырылган. Ошон үчүн бул жакта уурдоолор жок. Биз дагы уурдоолорду токтотуп, коррупцияны азайтуу үчүн автоматташтырылган системага өткөрүү максатын коюп жатабыз. Себеби кымындай болгон эле алтын бир топ акча турат. Аны эптеп-септеп кайсы бир жолдор менен бекитип коюшат экен. Куурларды кесип, торлорду коюп коёт экен, иши кылып айласын таап алып кетишет экен. Мунун баары жыйналып отуруп акырында кен иштеткен жайдын абалын начарлатып коёт экен.

Мындан сырткары башка да жолдору бар. Ага илгертен аралашып келаткан адамдар бар. Ошолордун баарын тактап, кармап мойнуна коюш үчүн бизге тартип коргоо органдардын жардамы керек. Уурдоого криминал да аралашып алыптыр. Мен кечээ эле ички иштер министри менен алардын атайын бригадасын алып келип коюу боюнча сүйлөштүм. Келишимге кол койдук. Алар үч айдын ичинде бир жыйынтык чыгарабыз деп атышат.

“Азаттык”: Былтыр Кумтөрдө 20 тоннадай, ал эми сиздердин ишканаңыздарга тиешелүү кендерде 400 тонндай алтын казылып алынган экен. Сиз былтыр иш жакшы болгон жок дедиңиз, бул көрсөткүчтөрдү да ошол себептер менен түшүндүрсө болобу?

Осмонбек Артыкбаев: Негизинен Кумтөр менен “Кыргызалтындын” акыбалын салыштырганга мүмкүн эмес. Былтыр мисалы “Кыргызалтын” 411 килограмм алтын алган. План боюнча 700 килограммдай болгон. Бул өтө төмөн көрсөткүч. Ал эми быйылкы, 2011-жылга план 732, 1 килограмм. Бир тоннага жетпеген алтын, Макмалда негизинен начар.

Бизде мурунку бийликтин тушунда “Кыргызалтынга” көңүл бурулбай, тескерисинче анын бардык кендерди иштетүү боюнча лицензияларын алып, башкаларга берип өтө жаман акыбалга алып келип койгон. Ушуга байланыштуу “Кыргызалтын” өнүкпөй эле, тескерисинче төмөндөп, начар акыбалга келип калган. Азыр эми биздин, мамлекеттин максаты ошол лицензияларды кайтарып алуу болуп жатат.

Мисалы Макмалда Кылдоо деген кен бар. Ал жакта 500 килограммдын тегерегинде кен бар. Бул С - 1 деген категорияда такталган өлчөм. Ал эми С- 2 деген категория менен ал жерде 10 тоннага чейин алтын болушу мүмкүн. Ал үчүн кошумча геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүп такташыбыз керек. Жалпы Макмал боюнча 10-15 тонна алтындын запасы бар. Кудай буюрса, жылына 1 тоннадан өндүрсөк дагы Макмалдын 10-15 жыл иштей турган мүмкүнчүлүгү бар.

Макмалда алтын өндүрүүнүн ошол Тогуз-Торо элинин акыбалын оңдоодо мааниси чоң. Тогуз-Тородо Макмалдан башка эч кандай ишкана жок. Минден ашык адам иштейт. Комбинат жергиликтүү бюджетке салык төлөйт. Мындан сырткары бир топ жардамдарды көрсөтөт. Жергиликтүү элге айлык, салык түрүндө түшкөн акчанын саны 70 миллион сомдун тегерегинде.

“Азаттык”: Ушул Макмалда, анан Солтон-Сарыда былтыр жаңжалдар чыкты эле. Азыр маанай кандай экен?

Осмонбек Артыкбаев: Нарында Эмгекчил деген айыл бар. Солтон-Сары ошол жакта жайгашкан. Ал жерде биздин планыбыз боюнча 30 миң тонна руданы алып келип бул жактан фабрикада иштетүүгө даярдашыбыз керек. Кышында аба ырайыга байланыштуу биздин алтын өндүргөн фабрика токтойт. Аны 1-апрелден тарта ишке киргизгенге даярдап жатабыз. Руданы казып, ташып, анан урандын калдыктарын сактай турган кампалардын баарын даярдап жатабыз.

Ошол эле жерде, жанында Бучук деген жер бар. Бучукту “Кыргызалтын” иштетүүгө даярдап койгондо мурунку өкмөт алып, Кытайдын бир фирмаларына берип койгон. Ошол жерге “Кыргызалтын” канча каражат жумшап, фабрика куруп, кенди изилдегенге да бир топ акча коротконго карабай башкага берип койгон.

Солтон-Сарыда алтындын запасы болгону 2,5 миң тонна. Бул кен өзүн актайбы-актабайбы деген да жагы бар. Ошондуктан Бучукту “Кыргызалтынга” калтырыш керек эле. Мына ошол жерге жергиликтүү эл келип кытайлыктарды кууп жиберип, өздөрү алтын өндүрүп атышат. Биз азыр мамлекетке Бучукту кайра алуу боюнча кайрылып жатабыз, эл дагы ушундай талап коюп жатат. Эгер кайра алсак, фабриканы кеңейтип, жаңы техникаларды алып келип иш кылат элек. Бул биз үчүн маанилүү.

“Азаттык”: Нарында, Чаткалда элдер алтын чайкашат экен. Муну кандай түшүнсө болот? Алар кайсы жерлерде чайкашат?

Осмонбек Артыкбаев: Мисалы Чаткалда элдер илгертен бери эле чайкап келген. Суунун жээгине илгертен бери эле агылып түшөт. Чайкап алган алтындарын мамлекетке, же башка жакка сатат. Бул эми анча деле көп көлөм эмес.

Негизинен сөз башка кен байлыктар жөнүндө болуп жатат. Мисалы Чаткалдын өзүндө эле биз бир топ иш кылып жатабыз. Мисалы Терек-Сайдагы кен байлык эки жарым жылда түгөнөт. Биз ал жерде 5 миң калкы бар айылды карайбыз. Ошол жерде фабрикалар курулган. Жергиликтүү бюджетке 20 миллион сом төлөп иш кылып келаткан “Кыргызалтындын” бир топ кендерин мурунку бийлик алып башкаларга берип койгон. Ошолорду кайтарып алуу үчүн мамлкетке кайрылып, кат жазып суранып жатабыз.

Мисалы “Штанберди” деген кенде болжол менен 20 тоннадай алтын бар. Эми 1 тонна алтындын баасы 40 миллион доллар. Мына ошондо ал жерде 800 миллион доллардын тегерегиндеги алтын бар. Жез да бар. Ал да кытайларга берилген. Кытайлар кендин ордуна Эркеч-Там тарапта 42 километр жол куруп беришиптир. Эми орто эсеп менен эсептегенде 42 километр жол деген 42 миллион доллар эле да. Мурунку бийлик ушундай туура эмес кылган. Бирок кытайлар эми азыр иш кылып жатышат. Ошол эле жерде казактардын ишканасы иштеп жатат. Алар иштеткен кенде 100 миң тоннанын тегерегиндеги алтын болот. Ойлоп көрсөңүз, 100 миң тоннанын тегерегиндеги алтын 4 милиард доллар болот. Эми алар куруп жатат, бирок ал жерде кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгы болуш керек.

Негизинен “Кыргызалтындын” кудурети жакшы. Бул мамлекеттик ишкананы колдоп, жанагы лицензияларды кайра кайтарып берсе, ал кендерди иштетүүгө кудуретибиз жетет. Кендерди иштетүүгө каржылык база түзүп, бизнес-пландарды иштеп чыгып, Кумтөрдө иштеп жаткан технологиялардан кем эмес жаңы технологияларды колдонуп ишти алып кетебиз.

Кен иштетүү лицензиялары ар кандай чет элдик компанияларга берилип жатпайбы. Биздеги алтындын запасы 2-3 миң тоннанын тегереги деп атышат. Эми мындан да көп болушу мүмкүн. Бул кудайдын бизге берген байлыгы. Элдин байлыгы ар кандай банктарда жайгашып жатса, мисалы бизде байлык жердин астында жатат. Эгерде кендерди азыр туура иштеткенге көзүбүз жетпесе, анда ага тийишпей эле коюшубуз керек. Анда колубуздан келгенде иштетип алабыз. Анан эптеп эле иштетиш керек деп ар кимге берип коюу – банктагы акчаны таратып берип коюуга барабар. Ошондуктан биздин саясатчылар, жетекчилер аябай салмактап туруп, мамлекеттин пайдасына гана чечим кабыл алышы керек. Бул байлык азыр биз жашап жаткан мезгилге эле тиешелүү эмес да. Келе жаткан муундун да байлыгы. Алардын да энчиси бар.

Экинчиден, мен билем, мамлекет өзү чет элдик инвесторлордон кем эмес каражат алып келип, технологияны алып келип, башкаруу системасын өзгөртүп иштегенге мүмкүнчүлүктөрү бар. Ал мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп иш кылсак, тигинче пайыз бер, мынча пайыз бер деп башкалардын көзүн карабай байлыгыбыздын көлөмүн 2-3 эсе көтөрүп койгонго мүмкүнчүлүгүбүз бар.

“Азаттык”: Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG