Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:16

Улуттук боштондукпу же тукум курутпу?


2006-жылы Бедел ашуусуна экспедиция барып, Үркүндө Кытайга баратып өлгөндөрдүн сөөктөрүн жерге жашырып, эстелик коюп кайткан.
2006-жылы Бедел ашуусуна экспедиция барып, Үркүндө Кытайга баратып өлгөндөрдүн сөөктөрүн жерге жашырып, эстелик коюп кайткан.

Кыргызстанда 1916-жылы болгон кандуу окуянын 100 жылдыгына байланыштуу түзүлгөн көз каранды эмес комиссиянын окуяны кыргын же мисмилдирик (тукум курут) деп таануу талабы көп талкууга жем таштоодо.

Калабалуу жылдардагы окуяларга бул убакка чейин эмне үчүн саясий баа берилбей келген, кыргын же тукум курут деп атоого кандай негиздер бар, антип таануу кыргыз-орус мамилесине кесепетин тийгизбейби, деги кандуу жылдардын тарыхый чындыгын дүйнө коомчулугуна кантип жеткиребиз ж.б. көптөгөн суроолорго «Арай көз чарай» берүүсүндө жооп издөөгө аракет кылабыз.

Талкууга тарых илимдеринин доктору, профессор Токторбек Өмүрбеков жана «Ашар» уюмунун төрагасы Садыр уулу Жумагазы катышты.

Токторбек Өмүрбеков: 1924-жылы Орто Азиядан чыккан Турар Рыскулов деген көрүнүктүү саясий ишмер “1916-жылдагы Түркстандагы көтөрүлүш” деген темада макала, баяндамаларын жарыялаган. Кийин кыргыз өкмөтүнүн жетекчиси Жусуп Абдырахманов, 1931-жылы Баялы Исакеев деген саясий ишмерлерибиз бул окуя жөнүндө докладдарды жасап, улуттук-боштондук кыймыл деп баа беришкен, ачык эле айтышкан. Падышалык Орусиянын колониалдык эзүүсүнө каршы көтөрүлгөн улуттук-боштондук күрөш деп да аташкан...

Садыр уулу Жумагазы: Биз совет заманында бул окуя боюнча эч нерсе билчү эмеспиз. Менин айылымда чоң аталарым, чоң энелерим ошол окуяны баштарынан өткөрүшкөн. Биз алардын сөздөрүнөн балдарына “орус келатат” деп коркутарын уккан элем. Бул факты ошол окуянын канчалык оор болгонунун залдары, деп түшүнөм.

... 1996-жылы биз бул кандуу окуянын 75 жылдыгына арнап мекенчил, жигердүү жаштар 12 күндүк жөө жүрүшкө чыкканбыз, учурунда коомчулуктан чоң колдоолорду алганбыз. Ошондо бийликке 1916-жылга арнап Бишкекте эстелик тургузалы, деп кайрылганбыз. Ага өкмөт ушул убакка чейин тийиштүү көңүл бурган жок, кылчактап келишти, элдин көксөөсү сууган жок. Анын үстүнө бул кандуу жылдардын маани-маңызы терең окутулбайт, баягы совет заманындагыдай эле калган. Азыркы өкмөттүн 1916-жылга байланыштуу эстеликти “Ата-Бейиттин” жанына коебуз дегендерине мен каршымын...

Токторбек Өмүрбеков: Геноцид – деген грек, латын тилдеринен которгондо “кайсы бир элди улуттук, диний, расалык белгилерине карап, атайын даярданып жок кылуу” дегенди түшүндүрөт. Мен 1980-жылдан бери бул теманы изилдеп жүрөм, далай архивдерди казганбыз, Орусиянын архивиндеги бул окуяга байланышкан документтердин 70-80 пайызын Кыргызстанга алып келип алганбыз, бул чоң олжо. Мындан сырткары окуяга күбө болгон кыргыздардын документтерин, каттарын, алардын бала-чакаларынын айткандарын изилдегем. Биз кеп кылып жаткан окуяны эске алганда мындай белгилери жок, ошондуктан мен “геноцид” болгон деп айта албайм.

XS
SM
MD
LG