Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:52

Сириядан “бейиш” издегендер...


Сирияга баратып, Москвада кармалган кыргызстандык келин
Сирияга баратып, Москвада кармалган кыргызстандык келин

Сириядан “бейиш” издеп кеткен кыргызстандыктардын расмий саны 400дөн ашты. Алардын арасында келин-уул, кыз-күйөө, небере-жээн болуп отуруп 28 адамды Сирияга жол баштаган 80 жаштагы тоңдук байбиче да бар. “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү согуш талаасына азгырылган үй-бүлөлөрдү иликтөөгө алды.

Буга дейре Сириядагы согушка кеткендердин көбү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан экени айтылып келсе, эми болсо алардын катарын Чүй жана Ысык Көл дубандарынын жашоочулары да толуктай баштады. ИИМдин 10-башкы башкармалыгы Көл кылаасынан 39 адам Сирияга кеткенин тастыктады. Маалыматка ылайык, алардын 18и - жашы жете элек өспүрүмдөр. Ишенбешиңиз толук мүмкүн, бирок “жихадды” бетке кармаган көлдүктөрдүн арасында 80 жаштагы байбиче да бар. Таяк менен араң баскан Маркү Сөлпүева келин-уул, кыз-күйөө, небере-жээн болуп отуруп 29 адамды Сирияга алып жөнөгөн.

Ошентип Сирияга Түркия аркылуу Маркү Сөлпүева өзү, анын улуу кызы Ак-Сай айылынан Чынар Карабаева, Орто-Токойдогу кызы Назгүл Карабаева күйөөсү жана алты баласы менен, Эшперов айылындагы кызы Гүлзар Карабаева күйөөсү жана беш эркек баласы менен, Төрткүл айылындагы дагы бир кызы Гүлзат Карабаева күйөөсү жана төрт баласы менен, кичүү уулу Жолдошбек Карабаев аялы кош бойлуу кезинде төрт баласы менен кетет. Урук-тууганды жана 80 жаштагы байбичени Сирияга алгач мына ушул Жолдошбек азгырган.

​Туугандарынын айтуусунда, Орто-Токойдогу күйөө баласы Сирияга өтөр алдында улуу баласын Кыргызстанга качырат да, кайненесине “уулум Стамбулдан адашып кетти” деп коёт. Учурда анын Бишкекте иштеп жүргөнү тууралуу кабар бар. Кыскасын айтканда, бул жакта Маркү Сөлпүеванын сегиз баласынын үчөө гана калат.

Сириядан “бейиш” издегендер... (1)
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:38 0:00

Сириядагы согуш оту эгиздерди да ажыратты. Ысык-Көлдүн Кароол-Дөбө айылынын жашоочусу 28 жаштагы Жылдыз Дөөлөтжанованын түгөйү Кундуздун Сирияга кеткенине бир жылдан ашты. Бирок алар тоңдуктардан айырмаланып, интернет аркылуу байма-бай сүйлөшүп турушат. Биз барганда да WhatsApp аркылуу коңгуроо какты.

Кундуз Сирияга барары менен атын Амина деп өзгөрткөн. Бул жакта калган баласы Даниелге да Абдуллах деген ысым ыйгарган. Көрсө ал интернет аркылуу акчанын сүрөтүн жиберип, даават айтып апасын жана бир туугандарын Сирияга үндөйт тура.

Сириядан “бейиш” издегендер...(2)
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:39 0:00

Айрым мечит-медреселерде тыюу салынган диний агымдарга үгүттөгөн молдокелер да бар экенин муфтий Максат ажы Токтомушев да танбайт. Ал ушундан улам имам-молдолордун диний жана жалпы билим деңгээли тешерилип, сабатсыздары электен өткөрүлбөй турганын айтууда.

Сириядагы согушка байланыштуу 112 кыргызстандык кармалып, жалданмачылык, экстремизм, терроризм беренелери боюнча айыптар тагылууда. Соңку 11 айда эле Сирияга сапар тарткан жеринен 20 жаран колго түшкөн.

Өлкөнүн коопсуздук кызматын Сирияга кеткендерден да, алар кайтып келсе не болот деген суроо көбүрөөк түйшөлтүп жаткандай. Аларды түрмөгө кессе жанкечтиликти башкаларга үйрөтөрү турган иш. Жаңылды, жазды деп жазасыз калтырса өлкөгө каршы жихад жарыялабайт деп эч ким кепил боло албайт. Мындан улам Сирияга кеткендерди жарандыктан ажыратып, өлкөгө киргизбөө демилгеси көтөрүлүүдө.

Сириядан “бейиш” издегендер...(3)
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:28 0:00

XS
SM
MD
LG