Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:55

Казакстанда кармалган кара майга Москва аралашты


Орусиядан Кыргызстанга ташылып келаткан отуз миң тоннадай күйүүчү май Казакстанда 18-апрелден бери кармалып турат.
Орусиядан Кыргызстанга ташылып келаткан отуз миң тоннадай күйүүчү май Казакстанда 18-апрелден бери кармалып турат.

Кыргызстанга ташылып келаткан күйүүчү майдын Казакстандын бажы кызматы өткөрбөй жатканы боюнча маселеге Орусия да киришти.

“Роснефть” компаниясынын башчысы Игорь Сечин Казакстандын өкмөт башчысы Карим Масимовго буга байланыштуу ачык кат жолдоду. Анда Орусиядан Кыргызстанга алынып келаткан күйүүчү майдын бир канча айдан бери кармалып турушу мыйзамсыз экени айтылат.

Сечин күйүүчү майдын мыйзамсыз кармалып турушу боюнча бир топ жүйө келтирген. Анда май Кыргызстанга Орусиядан ташылып келаткандыктан казак тараптын бажы декларациясын толтурулган эмес деген дооматы негизсиз экени айтылат. Ошондой эле Бажы биримдигинин бажы мыйзамдарына жана эки тараптуу келишимдин нормаларына каршы келери белгиленген.

Кыргызстандын нефтретрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу деректири Улан Куловдун маалыматы боюнча, кармалып турган күйүүчү май бир канча казак компаниялырына таандык. Мындан улам ар бирине кылмыш иш козголду:

- Орус тарап ташылып келаткан күйүүчү майдын документи туура жазылган, туура түзүлгөн, ушундан улам оңдогонго кажет жок деп жатышат. Казак тарап болсо бажы декларациясы туура эмес толтурулган дегенге шылтап келишет. Бул факт боюнча 7-8 кылмыш иш козголгон. Күйүүчү майды ташып келаткан ар бир компанияга өз-өзүнчө козголгон. Эми тергөө бүтүп, сот чечим чыгармайынча күйүүчү май чыгарылбайт. Бирок бир кылмыш иш кыскарган. Бирок казак тарап аны деле өткөрбөй жатат.

Игорь Сечин казак өкмөт башчысына кайрылуусунда апрель айына чейин “Кулан” бажы бекети аркылуу күйүүчү май эч токтоосуз эле өтүп келгенин, ушул тушта башка бажы бекеттеринде Орусиянын күйүүчү майлары үчүнчү өлкөгө тоскоолдуксуз өтүп жатканын белгилеген. Мындан улам Карим Масимовдон маселени чечүүгө көмөктөшүүнү суранган.

Ушул айдын башында кыргыз-казак өкмөт башчылары жолукканда да кармалып турган күйүүчү май маселеси көтөрүлгөн.

Кыргызстандын премьер-министри Жоомарт Оторбаев өткөн аптадагы маалымат жыйынында эки өлкөнүн тиешелеүү мекемелерине тапшырма берилгенин билдирген:

- Казакстандын премьер-министрине күйүүчү май боюнча алгач май айында жолукканда кат бергем. Азыр териштирүү процесси жүрүп жатат. Бирок кайсы бир документтерди өзгөртүү керек экен. Нефтетрейдерлер ташылып келаткан күйүүчү майдын документтерин туура эмес толтуруп, ушул тушта казактардын тиешелүү органдары териштирип жатат. Бул биздеги күйүүчү майдын баасынын өсүшүнө таасир деле этпейт. Анткени ошол эле “Газпромнефть” жана башка ири нефтетрейдерлер Орусиядан жакшы эле импорттоп жатышат.

Казакстандан Кыргызстанга күйүүчү майдын өткөрүлбөй жатышынын себебин саясий өңүт менен байланыштыргандар да бар. Маселен экономист Айылчы Сарыбаевдин пикиринде, бул коңшу мамлекеттердин башчыларынын алака-катышынан начардыгынан кабар берет:

- Эгер кайсы бир эки өлкөнүн ортосунда экономикалык маселеге байланышкан чыр болсо демек анын артында саясат жатат. Кара май продукцияларын өткөрбөй, аны атайлап кармап туруунун артында үч түрлүү маселе жатат. Бул жерде ошол эле саясат, экономикалык кызыкчылык жана коррупциялык схемалар да иштеп жаткан болушу мүмкүн. Орто Азия өлкөлөрү негизинен бири-бири менен жакшы экономикалык саясат жүргүзүшү керек эле. Тилекке каршы өлкө башында отурган адамдардын экономикалык саясатты жакшы жүргүзө албай жатканынын негизинде ушундай карама-каршылыктар, түшүнбөстүктөр келип чыгып жатат.

Казакстандын “Кулан” бажы бекетинде Орусиядан Кыргызстанга ташылып келаткан көлөмү отуз миң тоннадай күйүүчү май 18-апрелден бери кармалып турат.

XS
SM
MD
LG