Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:06

Бишкек Алматынын соодасын кызытты


Кыргыз-казак чек арасы
Кыргыз-казак чек арасы

Казак теңгесинин куну ылдыйлаганына байланыштуу Казакстанда тамак-аш, күйүүчү май жана башка товарлардын баасы сомго салыштырмалуу арзандады. Ушундан улам, соодагерлер жакын турган Алматыга барып, арзан товар алып келе башташты. Ишкерлер мындан өзгөчө жергиликтүү өндүрүш жабыркап жатканын айтып кейишүүдө.

Бишкектик ишкер Аида эл аралык тармактык маркетингде жергиликтүү дистрибьютер болуп иштейт. Бул тармак чыгарган витаминдүү делген азыктар уюмдун Бишкектеги түйүнүндө деле сатылат. Бирок 1000 долларлык азык Бишкектеги доллардын курсу менен 76 миң сомго чукул турса, Алматыдагы теңгенин курсу менен дээрлик эки эсе арзанга түшөт:

- Мурда бул жактан эле алып жүрчүбүз. Анткени дээрлик айырма жок болчу. Теңге арзандай баштагандан бери Алматыга бара баштадык. Башында 20-30% арзан болчу, кийинчерээк чоңоюп отуруп, акыркы жолу дээрлик эки эсе арзанга түштү. Бул жактагы мен сыяктуу дистрибьютерлерден төрт-беш киши чогулуп, күйүүчү майдын баасын гана төлөп барып келгенибиз бизге пайдалуу болуп жатат. Анткени, Алматы, Кордайда бензин биздин акча менен 23-24, автогаз 10-12 сом турат экен.

Ушундай эле ыкманы базардагы соодагерлер да колдонушууда. Мурда Казакстандан алып келинген жумуртканы ортомчулардан дүң баада сатып алып, кайра сатып отурган соодагерлер теңге арзандагандан бери өздөрү жумуртка алып келүү үчүн Алматыга барып жатышат. Алардын бири, Ош базарында соода кылган Жыпардын айтуусунда, Алматыда жумуртканын тоок чарбалар сунуштаган баасы эки эсеге арзандады:

Алматыдагы базар
Алматыдагы базар

- Биз мурда Ош базарындагы дүңүнөн саткан ортомчулардан алып жүрсөк, Казакстанда теңге арзандагандан бери, өзүбүз бара баштадык. Өзүбүздүн автоунаа менен барсак, арзан түшөт экен. Бир барганда миңге чукул жумуртка алып келсек, кыйла эле пайда калып жатат.

Казакстанда күйүүчү май да Кыргызстанга караганда бир топ арзандыгы айтылууда. Алсак, чектеш турган Кордайда айдоочулар жакшы көргөн А-92 үлгүсүндөгү бензиндин бир литри 23-24, ал эми автоунаа газынын 1 кубметри 10-12 сом турат. Ушундан улам, Алматыга барып-келген жолкире да арзандаган. Ал эми товар үчүн баргандар өздөрүнүн автоунаасы менен барган утуштуу болорун белгилешүүдө.

"Дордой" менен "Кара-Суунун" күнү бүтүп баратабы?

Мындан бир нече жыл мурун Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен тамак-аш, кийим-кече, кызмат көрсөтүү акысы жагынан эң арзан чөлкөм болуп саналчу. Коңшулаш казактар Ысык-Көлгө келип эс алып, Бишкектин тейлөө кызматтарынан пайдаланып, атүгүл дарыланып да кетишчү. Ал эми "Дордой" базарындагы сооданын дээрлик 70-80% казактар жүргүзөрү айтылчу эле. Азыр тескерисинче, соодагерлер, карапайым керектөөчүлөр Бишкектен Алматыга азык-түлүк, кийим-кече, тиричилик техникаларын сатып алуу үчүн каттай баштады.

Бишкектеги "Дордой" базары
Бишкектеги "Дордой" базары

Темиржан Маткеримов мурда Астанага Бишкектен кийим-кече алып барып сатчу. Дээрлик жарым жылдан бери анын соодасы Алматы менен Астананын ортосунда болуп калды. Буга Алматыдагы баалардын арзандыгы себеп болууда:

- Кийим-кечени мурда Бишкектен алчубуз. Баалар арзан эле. Бирок теңге арзандап кеткенден кийин, Бишкекке барбай калдык. Себеби доллар сатып алып, аны кайра сомго алмаштырып, убара тартчубуз. Азыр Алматыга оңой-олтоң эле бара баштадык. Себеби, пайда аз же такыр эле жок болуп жатат.

Кытай менен Казакстандын чек арасындагы "Хоргос" ири дүң базарынын ишке кирүүсү менен кытайдын товарлары Алматыга арзан келип жатканы айтылууда. Ушундан улам, эксперттер Казакстандагы сооданын жүрүшү мурункудан эселеп көбөйүп, ал эми "Дордой" менен "Кара-Суу" базарындагы соода таптакыр токтоп калуу коркунучу бардыгын эскертишүүдө.

Экономисттер теңгенин куну төмөндөөсүнөн Казакстандын экспорту көбөйүп жатканын белгилешет. Мындан казактардын өндүрүшү иштейт да, ал эми жергиликтүү өндүрүшкө терс таасирин тийгизет дешет алар.

Арзан импорт ички өндүрүштү талкалайт

Коңшулаш Казакстанда баалар арзандаганы көбүнчө тоок чарбасына терс таасирин тийгизүүдө. Кыргызстандык тоок фермерлер жумуртканын өздүк баасы 3,5-4 сом турганын, бул баа менен коңшулаш Казакстандын арзан жумурткасына атаандаша албай, тоок чарбалар четинен жабылып жатканын айтышат. Күнүнө 250-300 миң жумуртка чыгарган “Ак куу” канаттуулар фабрикасынын жетекчиси Нургүл Малдыбаева Алматыдан аз-аздан аткезчилик менен келип жаткан жумуртка жергиликтүү өндүрүшкө кедергисин тийгизип жатканына нааразы:

- Көбүнчө Казакстандан кичи автобустар, жеке унаалар менен алып кирип атышат. 100-200 коробка киргенде деле күн сайын, оңой эмес сандагы жумуртка келип жатат. Биздин өндүрүшкө мына ушулар чоң тоскоол болууда. Ошондуктан, чек арадагы санитардык жана башка текшерүүлөр жакшы иштесе, мындай болмок эмес.

Казакстандагы теңгенин арзандашынан Кыргызстанда ун өндүрүшү да аксап жатканы белгилүү. Ушул тапта Казакстандан алып келинген ундун баасы мындан жарым жыл мурдагыга салыштырмалуу 5-10 сомго чейин арзандады. Ош базарында ун саткан соодагер Бактыгүлдүн айтуусунда, Казакстандан келген ун эле эмес, күрүч, май жана башка азык-түлүктөр да арзан болууда:

- Ундун баасы кыйла арзандады. 1-сорттогу ун 25-28 сомдон сатылат. Күрүчтүн баасы 42 сомго чейин түштү. Бул биз сатып алган баалар. Күрүч былтыркыдан 10 сомго арзан.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2015-жылы Кыргызстанда экспорттун көлөмү 1304, 4 миллиард доллар болсо, импорттун көлөмү 3681,6 миллиард долларды түзгөн. Мурдагы жылга салыштырмалуу импорттун көлөмү былтыр бир аз азайганы менен, 2016-жылы импорт кайрадан өсүүсү ыктымалдуулугу айтылууда.

Эгер минтип кете берсек, Кыргызстан ЕАЭБ аймагында ички өндүрүшү жок өлкөгө айланып калат. Мигранттарыбыз Орусия менен Казакстанда иштейт, акчаны жиберет, биз ал акчага кайра эле ошол өлкөлөрдүн товарларын сатып алып, керектөөчү бир провинцияга айланып калабыз деген коркунуч ишке ашып кетүүсү мүмкүн.
Элдар Абакиров

Ушу тапта АКШ долларынын расмий баасы 75 сом 58 тыйын турат. Январь айынын ичинде Улуттук банк 17 жолу интервенция жасап, жалпысынан 64 миллиондон ашуун доллар сатты. Ал эми ишкерлер жана адистер кыргыз өкмөтү сомдун курсун жасалма жол менен кармап турганын белгилеп, мындан экспорт, аны менен кошо эле жергиликтүү өндүрүш жабыркап жатканын айтышат.

Экономист Элдар Абакиров Алматыдан арзан товар ташуунун арты кыргыз экономикасы үчүн кейиштүү болорун эскертет:

- Доллар кымбат болуп, улуттук валюта арзан болсо, экспорт көбөйөт. Азыр эми биздин өкмөт “оңго барсаң атың өлөт, солго барсаң өзүң өлөсүң” дегендей акыбалда турат. Долларды кое берейин десе, мамлекеттик бюджеттен айлык алгандар кыйналат, тышкы карыз көбөйөт. Кармап турса, минтип, өзүбүздүн өндүрүш кыйналат. Эгер минтип кете берсек, Кыргызстан ЕАЭБ аймагында ички өндүрүшү жок өлкөгө айланып калат. Мигранттарыбыз Орусия менен Казакстанда иштейт, акчаны жиберет, биз ал акчага кайра эле ошол өлкөлөрдүн товарларын сатып алып, керектөөчү бир провинцияга айланып калабыз деген коркунуч ишке ашып кетүүсү мүмкүн.

Кыргыз өкмөтү долларга көз карандысыздыкты жоюу максатында соода-сатыктын баарын улуттук валютада гана жүргүзүүнү сунуштоодо. Ага ылайык, монополияга каршы күрөшүү жана атаандаштыкты өнүктүрүү агенттиги атайын мыйзам долбоорун даярдап жатат. Мындай ыкма канчалык деңгээлде Кыргызстандын экспортуна оң таасирин тийгизет, бул азырынча белгисиз.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG