Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:25

Телеканалдар жеңилдиктерден ажырайт


Жаңы жылдан тарта телеканалдар мыйзамды толук сактабаса, мамлекет чара көрө баштай турганы кабарланды.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 2020-жылдан баштап Кыргызстанда “Телекөрсөтүү жана радиоберүү жөнүндө” мыйзамдагы жеңилдиктердин мөөнөтү аягына чыгарын эскертти. Анын негизинде мыйзамды толук сактабаган телеканалдарга карата санкциялар колдонула баштайт.

Өз кезегинде өлкөдөгү медиа каналдар мамлекет тарабынан толук кандуу шарттар түзүлө электигин атайын өткөн тегерек стол талкуусунда айтышты.

Эскертүү алган алгачкы беш канал

Монополияны жөнгө салуу агенттиги өлкөдөгү телеканалдарга алгачкы эскертүүлөрдү бере баштады. Аталган агенттиктин өкүлү Улан Ташматов “Телекөрсөтүү жана радиоберүү жөнүндө” мыйзамды сактабаганы үчүн учурда беш телеканалга чара көрүлүшү мүмкүн экенин айтты.

- Биз Маданият министрлигинен мониторингдин жыйынтыктарын алдык. Анын негизинде “Ova ТV”, “1 ТVKG”, “7 канал”, “НБТ” жана дагы бир каналдан "Жарнама жөнүндө" мыйзам бузууну байкадык. Анын негизинде биз учурда бул мыйзам бузуу боюнча иштерди жүргүзүп жатабыз. Бул каналдар көркөм тасма учурунда автордон уруксат албай жарнаманы чыгарышкан.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 2020-жылдан баштап жоопкерчиликке тартыла турган теле-радио каналдардын саны мындан да көп болушу мүмкүн экенин билдирет. Анткени жаңы жылдан тарта мыйзамда берилген жеңилдиктердин мөөнөтү да аяктамакчы.

Министрликтин Маалымат департаментинин жетекчиси Салкын Сарногоева теле-радио берүүлөрдүн 50 пайызы кыргыз тилинде чыгып, эфирдин жарымы каналдын өз продукциясы болушу керек экенин айтууда.

- Азыр көпчүлүк каналдар мыйзамды сактоого аракет жасай баштаганы кубандырат. Ошол эле учурда айрым телеканалдар бул мыйзамды аткарган жок. Биздин департамент мыйзамды сактабаган каналдарга 23 миң сом айып сала алат. Ошол эле учурда Финансы полициясы, Башкы прокуратура, Монополияны жөнгө салуу агенттиги тийиштүү чараларды колдоно турганын айтышым керек.

Пираттар эрежени бузууда

“ТНТ Кыргызстан” каналынын жетекчиси Илим Карыпбеков мамлекет каналдарга талапты коёрдон мурда тийиштүү шартты түзүп бериши керек деп эсептейт. Ал айрым каналдар толугу менен башка өлкөлөрдүн продуциясын уруксаты жок эфирден көрсөтүп жатканын айтып, мамлекет көзөмөлдү текши жүргүзбөй жатканын сынга алды.

Илим Карыпбеков.
Илим Карыпбеков.

- Азыр биз өз каналыбызга кыргызча контенттерди тарта баштадык. Бирок көпчүлүк каналдар күнү-түнү пираттык жол менен кино, сериалдарды көрсөтүп жатпайбы. Мамлекет мыйзамды талап кылаардан мурун адегенде пираттыкты токтотуп бериши керек. Мына ошондон кийин кыймыл башталат болчу. Чет элдик тасмаларды уруксатсыз көрсөтүп жаткан каналдардын рейтинги өсүп, жоопкерчиликке да тартылган жок. Андыктан пираттар токтомойунча мыйзам да иштебейт.

Карыпбеков атайын органдар мыйзамда жазылгандай талапты күчөткөн учурда мамлекеттик телеканалдар да жоопкерчиликтен кутула албай каларына ишенет. Ал ошол эле “КТРК Спорт”, “Баластан” өңдүү мамлекеттик каналдар да өз контентин уруксаты жок сырттагы продукциялар менен толтуруп жатканына токтолду.

“НТВ Кыргызстан” каналынын жетекчиси Дмитрий Маркин “Телекөрсөтүү жана радиоберүү жөнүндө” мыйзамды бардык каналдар текши аткара албасын белгилеп, мамлекет жеңилдиктерди дагы узартып бериши керек дейт.

- Эгерде мыйзамды сактай турган болсоң аудиторияңды жоготосуң. Ошол эле учурда жаңы канал жана продукция өтө көп суммадагы каражатты талап кылат. Андыктан же бардык каналдар мыйзамды сакташы керек же мамлекет бизге жеңилдиктерди узартышы керек.

Жеңилдиктер узарбайт

Бирок мамлекет көзөмөлдү күчөтүшү керектигин кубаттаган телеканалдар да бар. КТРКнын жетекчиси Жайнак Үсөн уулу мыйзам 2008-жылы кабыл алынганы менен, ушул убакытка чейин бир нече жолу өзгөрүп, жеңилдиктер улам узартылып келгенине токтолду.

Жайнак Үсөн уулу
Жайнак Үсөн уулу

- Биз кайрадан эле эски жылдарга кайтып келатабыз. Чындыгында 2020-жылга чейин бардыгына жеңилдиктер берилген. Ушул убакытка чейин каналдар өзүнүн контентин тууралап, кыргыз тилдеги продукциясын көбөйтүп, мыйзамга шайкеш келип калышы керек болчу. Бирок иш жүзүндө каналдардын саны алтымыштан ашып, мыйзамды да сактабай, жарнаманын баасын да түшүрүштү. Мындан ары жеңилдиктерди берген болбойт.

Маданият министрлиги учурда мыйзамдагы нормаларды сактагысы келбеген каналдар "сөз эркиндигин чектөө" деп чуу чыгаргысы келип жатканын айтат. Министрлик кандай болгон күндө да мыйзамды аткарууга жетиштүү убакыт берилгенин, мындан ары айып санкциялары колдонула баштарын кошумчалады.

“Телекөрсөтүү жана радиоберүү жөнүндө” мыйзам 2008-жылы кабыл алынып, 2011, 2014-2017-жылдары өзгөртүлүп, толуктоолор киргизилип турган. Мыйзам теле жана радио каналдарга ылайык жарнамалык норманы аныктап, андан тышкары улуттук берүүлөрдүн сапатын жогорулатууга багытталган. Ошондой эле мыйзам мамлекеттик тилди өнүктүрүү саясатын өзүнө камтыйт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG