Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:59

Макмалдагы иш таштоо артында саясат барбы?


Макмал кени 1986-жылдан тарта иштетиле баштаган.
Макмал кени 1986-жылдан тарта иштетиле баштаган.

"Макмал алтын" ишканасынын жумушчулары жарым күндүк иш таштоодон кийин кайра ишин улантышты.

Тогуз-Торо районунун аймагында жайгашкан "Макмал алтын" ишканасынын экинчи нөөмөттөгү 250дөй жумушчусу түшкө чейин ишке эмне себептен чыкпай коюшканын Тоо-кен тармагы боюнча кесиптик кошуун уюмунун төрагасы Элдар Тажибаев мындайча түшүндүргөн болчу:

- Жумушчуларга ишкана бир жумалык маяна карыз. Бирок булар насыя, коммуналдык чыгымдарын төлөшү керек. Азык-түлүк сатып алыш керек. Бирок бир жума деле биз үчүн көп убакыт. Анан дагы бир нааразычылык - кыскартуу болуп жатат. 84 адамды жумуштан бошотту, алар кайда иштейт? Казарманда башка жумуш жок да.

Ал эми ишкананын кесиптик кошуунунун төрагасы Улукбек Молдобековдун айтканына караганда жумушчулар “Кыргызалтын” жетекчилиги 30-мартта ишканага келип, айлыктын кечиккенин, иш орундарын кыскартуунун себебин түшүндүрүп беришин талап кылып жатышат. "Бул маалыматты райондук администрация башчысына жеткирдик" деди Молдобеков:

- Бүгүнкү күндө "Кыргызалтындын" жетекчиси биздин мекемеге бир да көңүл буруп койгон жок, жумушчулар баарына ушул кезге чейин чыдап келишип, жетер-жерине жеткен соң бүгүн чыгышты. "30-мартта Токон Мамытов орун басарлары менен келип, бизге түшүндүрүп берсин" деп "Кыргызалтынга" кат жолдодук.

Түштөн кийин “Азаттыкка” курган маегинде “Кыргызалтын” мекемесинин жетекчиси Токон Мамытов жумушчулардын маяналары толук которулганын, алардын талабы боюнча 30-мартта орун басары Сагынбек Абдрахманов жолугушууга барарын билдирип, нааразылыкка себеп болгон жагдайды мындайча түшүндүрдү:

- Мекеме беш-алты айдан бери планды аткарбай келет. Мисалы, айына 40 кило алтын алыш керек болсо, азыр 10-12 кило араң өндүрүп жатышат. "Кыргызалтын" ишканасы үчүн бул өтө оор. План аткарылбай жатканына кендин түгөнгөнү себеп болду. Экинчиден, комбинаттын эскилиги жетип бүттү. 1998-жылы эле жабылышы керек болчу, бирок эптеп иштеп келатат. Мекемедеги 1,5 миңдей адамды башка ишканалардын эсебинен багып келатабыз. График боюнча маянаны 20-мартта беришибиз керек болчу, башка ишканалардан которуп алуу үчүн бир аз убакыт кетип, бүгүн толук которуп бердик.

Токон Мамытов нааразылык ишкананы оптималдаштыруу саясатына каршы болгондордун оюндары болушу мүмкүн деген пикирде:

- Мурда деле эки-үч айлап маяна албастан иштеп жүрүшкөн. Бул жерде башка саясат болуп жатат. Бир топ кызматкерлер жумуш аткарбай иштен четтетилгендиктен улам ушуга барып жатышат. Алардан мага ар кыл багыттагы кайрылуулар түшө баштады. Кээде "мени жетекчи кыл, тигини кой" деп бирөөлөргө кол койдуруп келишет. Бирок биз ага барган жокпуз. Кен казган комбинатта иш токтосо, башкаларында жүрүп жатат. Антип чуу көтөргөн болбойт. Биз баарына туруштук берип, мекемени азыркы шартка жараша оптималдаштырууга барабыз. Бирок бул инвесторлордун биз менен иштөөсүнө кедергисин тийгизип жатат. Үч инвестор менен келишимге кол коюп, бир-эки айдан соң алар өз ишин башташы керек.

Макмал кени 1986-жылдан тарта иштетиле баштаган. Андан бери 38 тонна алтын өндүрүлүп, мамлекеттин казынасына 2 млрд. сомдон ашык киреше түшкөн. Бирок жарым жылдан бери комбинаттагы өндүрүш көлөмү дээрлик 60 пайызга азайып, 1,5 миң кишини иштетүү оорчулук келтиргени үчүн кыскартуууларга аргасыз болуп жатабыз деди Мамытов. Анын айтымында, азыр “Кыргызалтын” ишканасынын карамагындагы жети кендин үчөөндө абал канааттандырарлык эмес. Алардын катарында Макмал жана Терексай кендери бар.

XS
SM
MD
LG