Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:52

Багы ачылбаган “Пирамида” каналы


“Пирамида” телеканалы 1991-жылы Кыргызстандагы алгачкы эгемен телеканал болуп түзүлгөн.
“Пирамида” телеканалы 1991-жылы Кыргызстандагы алгачкы эгемен телеканал болуп түзүлгөн.

Кыргызстанда туңгуч көз карандысыз телеканал катары таанылган "Пирамида" мурдагы бийликтердин тушунда колдон-колго өтүп келсе, апрель окуяларынан кийин улутташтырылган. Бирок анын тагдыры али арабөк абалда турат.

Акыркы маалыматтарга караганда, апрель окуяларынан кийин улутташтырылган “Пирамида” эми мамлекеттик расмий маалымат таратуучу каналга айланат. Ал бардык бийлик бутактарынын, анын ичинде мамлекеттик органдар менен мекемелердин ишмердүүлүгү тууралуу кабарлап турчу телеканал болуп калмакчы. Бирок телеканалдын структурасы, мазмуну кандай өзгөрөт али белгисиз бойдон турат.

“Пирамида” телеканалын мамлекеттик маалыматтарды таратуучу, анын ичинде Жогорку Кеңештин да жыйындарын түз ободо көрсөтүүчү телеканалга айланганы тууралуу маалыматты 4-февралдагы отурумда парламенттин төрагасы Асылбек Жээнбеков кабарлаган. Жаңы макамына ылайык, парламент жыйындарын түз көрсөтүү да “Пирамида” телеканалына жүктөлгөн. Жогорку Кенештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулунун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, пленардык отурумдар түз алып көрсөтүлөт:

- “Пирамида” телеканалынан Жогорку Кеңештин сессиялары аптасына эки ирет - шаршемби, бейшемби күндөрү түз эфирде көрсөтүлөт. Ал эми парламенттеги комитеттердин, фракциялардын жыйындарынан репортаждарды даярдоону Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы ишке ашырмакчы. Мындан тышкары КТРК аркылуу чыгып келе жаткан “Парламент жумалыгы”, “Парламентаризм сабактары” деген көрсөтүүлөр да тиешелүү убактарда “Пирамида” аркылуу көрсөтүлүп турат.

Телеканалга жаңыдан берилген макам боюнча анын структурасы, мазмуну өзгөрөр-өзгөрбөшү белгисиз. “Пирамиданын” учурдагы жетекчилиги бул тууралуу так маалымат бере алышпастыгын ырасташты.

Ал эми өкмөттүк аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Назира Ахмедова азырынча телеканалдын жетекчилик курамын, структурасын өзгөртүү тууралуу маселе жоктугун “Азаттыкка” билдирди:

- Телеканалдын жетекчилик курамын өзгөртүү боюнча азыр маселе жок. Ал эми мамлекеттик маалыматтарды таратуучу телеканал катары алар Жогорку Кеңештин гана эмес, өкмөттүн, президенттин ишмердигин да чагылдырат. Толугураак айтканда, мамлекеттик органдар кандай иш кылып жатса, ошонун баарын чагылдырышат.

Колдон-колго өткөн телеканал

“Пирамида” телеканалы 1991-жылы Кыргызстандагы алгачкы эгемен телеканал болуп түзүлгөн. Аскар Акаевдин тушунда башкаруу режимин сындаган күчтүү телеканалга айланган. Бакиевдердин тушунда телеканалдын ишине кысым жасалып, телеканал ортомчу кишилер аркылуу тартылып алынган.

“Пирамида” телерадиокомпаниясынын тагдырына саясий күчтөр кийлигишпегенде, учурда бул телеканал бүт кыргызстандык маалымат каражаттарына чоң эталон, идеалдын үлгүсү болуп бере алмак.
Азамат Тынаев

Ал эми апрель окуясынан кийин улутташтырылган “Пирамида” телеканалы 2013-жылы орусиялык компанияга убактылуу башкарууга берилери сөз болуп, орусиялык ишкана телеканалга инвестиция салып, өнүктүрөрү айтылган. Бул маселе 2013-жылы декабрда Кыргызстан-Орусия өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында каралып, орус тарап аны ишке ашырууну тездетүүнү сураган болчу. Кийинчерээк орусиялык компаниянын телеканалды жакшыртууга кылган иштеринин дайыны билинбей кала берди.

Андан мурдараак президент Алмазбек Атамбаев “Пирамида” медиахолдингинин алкагында “Маданият. Тарых. Тил” деген телеканал түзүү тууралуу жарлыкка да кол койгон. Ал жарлыктын негизинде аталган телеканалды түзүү боюнча атайын жумушчу топ да түзүлгөн болчу. Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Эгемберди Эрматовдун айтуусунда, “Маданият. Тарых. Тил” телеканалынын түзүлүшү боюнча иштеп жаткан жумушчу топ ортодо бир аз токтоп калып, кайра жанданган. “Маданият. Тарых. Тил” телеканалы жакында ишке киришери күтүлүп жатканы кабарланууда.

"Пирамиданын" тагдыры - кыргыз медиасындагы кара так

Айрым медиа эксперттер мамлекет “Пирамида” телеканалын тиешелүү деңгээлде өнүктүрө албайт деп эсептешет. Алардын бири журналист Азамат Тынаев бир кездерде жеке радиосуна, гезитине ээ болгон ири телерадикомпаниянын минтип колдон-колго өткөнү өкүнүчтүү дейт:

- Бир кездерде “Пирамиданын” элге белгилүү болгон радиосу бар болчу. Алгачкылардан болуп, өзүнүн гезитин да чыгарып жүргөн. “Пирамида” телерадиокомпаниясынын тагдырына саясий күчтөр кийлигишпегенде, учурда бул телеканал бүт кыргызстандык маалымат каражаттарына чоң эталон, идеалдын үлгүсү болуп бере алмак. Бирок, тилекке каршы, кайсы бир жылдардан баштап, “Пирамида” бизнес үлгү катары, сөз эркиндигинин үлгүсү катары иштей албай калды. Албетте, бул жагдайды өкүнүчтүү деп айтсак жаңылбайбыз.

“Пирамида” жана "5-канал" - апрель окуяларынан кийин улутташтырылган телеканалдар. Медиа эксперттердин айтуусунда, алардын учурдагы абалы оор, дүйнөлүк маалыматтык технология өнүккөн учурда алар өзгөчө жеке менчик телеканалдарга теңтайлаша албай калды.

Бир кездердеги туңгуч көз карандысыз телеканалдын бүгүнкү күнү мамлекеттин гана маалыматтарын таратуучу телеканалга айланып калуусун айрым эксперттер Кыргызстанда сөз эркиндигинин жоголуп бара жатышы менен байланыштырышат. Эгемендикке ээ болгон алгачкы жылдарда оппозициялык маанайдагы, көз карандысыз “Республика” гезитин түптөгөн журналист Замира Сыдыкова буларга токтолду:

- Биз 25 жыл бою сөз эркиндиги деп күрөшүп жүрүп, аягында ушундай акыбалга келип турганыбыз өтө өкүнүчтүү. Москва, Кремль кийлигишип атып, сөз эркиндиги, жарандык коом кысымга алынып жатат. Жарандык активисттерибиз “чет элдик агент” деп шектеле баштады. Минтип отурса, Кыргызстандагы демократия түп орду менен жок болуп кетет окшойт.

“Пирамида” телеканалы мамлекеттин социалдык санарип себетинде да камтылган.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG