Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:43

Абдыгулов: Сомдун куну жаңы жылдан кийин түшпөйт


Улуттук банктын жетекчиси Толкун Абдыгулов.
Улуттук банктын жетекчиси Толкун Абдыгулов.

Улуттук банктын төрагасы Толкун Абдыгулов валюта рыногунда болуп жаткан кырдаал тууралуу “Азаттыкка” комментарий берди.

“Азаттык”: Алдыдагы жарым жылда валюта рыногуна кайсы факторлор таасир этет жана кыргыз сому үчүн кайсы мезгил оор болушу мүмкүн?

Абдыгулов: Улуттук банктын жеке өзүнүн милдети жана максатына токтолсок, ал өлкө экономикасы менен валюта рыногуна кыска убакыт ичинде гана таасир эте алат. Орто жана узак мөөнөттүү иш жүргүзүүдө өкмөт менен чогуу иштейт. Дегеним, жакынкы жарым жылда Улуттук банк кырдаалды көзөмөлдөй алат. Андан ары экспортерлорду колдоо боюнча программалардын үстүндө өкмөт менен чогуу иштөө зарыл.

Кыргызстандын экономикасы соодага байланган, чакан жана ачык болгондуктан кырдаал Орусия, Казакстан, Кытайдын экономикасына жана алардагы баага жараша болот.

“Азаттык”: Сиз өткөндө мигранттардан келчү каражаттын азайышы күтүлүп жатканын айттыңыз. Андай болсо Кыргызстанга которулган акчанын агымы канчага кыскарышы ыктымал жана анын мамлекеттин финансылык абалына таасири кандай болот?

Абдыгулов: Маалымат жыйында мен бул суроого жооп бергем. Мигранттардан келчү акча көлөмү канчага азаярын айтуу кыйын, анткени мигранттар боюнча статистика дайыма кечигет. Он айдын жыйынтыгы боюнча айтсак, мигранттардан келген каражаттын кыскарганы байкала элек. Орусияда болуп жаткан өзгөрүүлөр декабрдан тарта билине баштайт, статистика биздин колубузга январда тиет. Буга чейинки тажрыйбаны эске алсак, 2008-жылдагы кризистен кийин мигранттардан келген киреше 30 пайызга түшүп кеткен. Кыргызстанда экономика соода менен кармалып тургандыктан акыркы жылдары экономиканын өсүшү товарларга болгон керектөөнүн өсүшү менен байланыштуу болду. Эгер мигранттардын акча которуусу азайса, элдин керектөөсү, анын артынан импорт көлөмү да түшөт.

«Азаттык»: Орусиянын валюта рыногунда болуп жаткан кырдаалга кандай карайсыз, бул кризис жаңы жылдан кийин уланабы? Мунун баары Кыргызстандагы кырдаалга кандай таасир этет, дегеним айрымдар 2015-жылы доллар курсу дагы өсөрүн айтышууда.

Абдыгулов: Бизде күтүлбөгөн секириктерди токтотуп турууга резерв жетиштүү. Сомдун кунун кетирген секириктер азыр да, жаңы жылдан кийин да болбойт.

Ал эми Орусия үчүн божомол айтуу кыйын, анүчүн ошол өлкөдө жашоо керек. Азыркы күнгө карата бир нерсени белгилей кетүү керек, Борбордук банк жана Орусия өкмөтү көрүп жаткан чаралар кырдаалды жөнгө салууга багытталган. Орусия дүйнөлүк экономикада система түзүүчү өлкө, рыногу чоң, жаратылыш ресурстары жетиштүү. Мындайнан караганда бул үч ай же жарым жылда басып өтүүчү кыска мөөнөттүү кыйынчылык десек болот.

«Азаттык»: Сиз буга чейинки сомдун курсунун төмөндөшүн Улуттук банктын эксперименти катары баалап, сом рублга түздөн түз көз каранды эместигин айттыңыз. Мындай нерсе дагы кайталанышы мүмкүнбү?

Абдыгулов: Кечээ жакында болгон нерсе трагедия эмес. Мен дайыма элдин финансылык сабаттуулугун көтөрүү керек деп айтып келем. Экономикада баары айлампа түрүндө. Баары маал-маалы менен кайталанып турат. Бул жылы бизде эки айлампа болду: доллардын наркы көтөрүлгөндө көп адамдар доллар сатып алышты, андан кийин мунун айынан көп адамдар акчасын жоготту. Анча чоң эмес сумма болсо валютаны конвертация кылуудан пайда аз.

P/S.Маек орус тилинде алынган. Аны бул жерден тапсаңыз болот.

XS
SM
MD
LG