Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:15

Ош: заманбап маасынын кардары көп


Оштун чеберлери тиккен маасылар
Оштун чеберлери тиккен маасылар

Мурда көбүнесе карылар менен аялдар кийчү маасылар акыркы жылдары жаштар арасында да өтүмдүү бут кийимге айланды. Териден тигилген жылуу маасылар Ошто арбын тигилүүдө.

Ош шаарында териден маасы тиккен 20 чакты чеберкана бар. Ал чеберканаларды нагыз уста-шакирт институту десек болот. Атадан калган өнөрдү аркалаган чеберлер бир нече шакирттери менен маасынын заманбап түрлөрүн тигип, учур талабына жооп бергенге аракет кылып келишет. Уй, кой, ит, эчки терилеринен тигилген маасылар жылуу эле эмес, дарылык касиетке да ээ деп саналат. Жыл сайын бүт үй-бүлөсүнө жаңы маасы тиктирип кийген үй-бүлөлөр Абдулланын туруктуу кардарлары.`

- Эркектердин маасысы уй терисинен жасалат. Ал кышкы суукта да жумшак бойдон тура берет. Аялдар үчүн Индиядан жана Түркиядан чыккан лакталган терилерди пайдаланабыз. Жаш балдар үчүн чакан маасыларды жасап жатабыз. Үй ичинде кийигенге кийилип чечилиши оңой, жука, кыска түрлөрүн да көп сурай башташты. Соодагерлер жана көчөдө көп жүргөн МАИ кызматкерлери ичи иттин териси менен капталган маасыларды көп сурашат. Анткени ал жылуу жана дарылык касиетке ээ деп саналат. Көпчүлүк маасылардын сырты уйдун терисинен тигилип, ичине кой, эчки жана иттин териси капталат.

Маасы тигүү өнөрүн атасынан энчилеп алган Абдулла Мадрахимов 50 жылдан бери ушул иш менен алектенет. Ал өзү тиккен маасылардын сапаты тууралуу мактоо укса, рахат алат.

- Мен маасы тигүү менен алектенгениме элүү жыл болду. Беш жашымдан тарта атама жардам берип жүрүп, тигүүчүлүк өнөрдү энчилеп алгам. Азыр туруктуу кардарларым бар. Кошуна Кытай жана Өзбекстандан да буюртмалар келип турат. Мен маасыларды тигип, почта аркылуу салып жиберем. Биздин маасылар жакшы бааланат. Анткени маасыга сапаттуу нагыз терилерди гана колдонобуз. Терини Индия жана Түркиядан алдырып келебиз. Бишкектен кой терилерин да алдырабыз. Кардарларыбыздын көпчүлүгү менен телефон аркылуу сүйлөшүп турам. Алар маасыны алып, кийин сөзсүз өз баасын беришет. Рахмат айтышат. Мен ошондон рахат алам.

Союз учурунда маасыны кары-картаңдар, аялдар гана киет деген пикир бар эле. Азыр болсо маасылар адамдардын бардык курагына ылайыкталып тигиле баштады. Буга жараша маасынын жаш кардарлары да кыйла көбөйгөн. Мисалы, байпак сыяктуу жука маасыларды жаштар өтүктүн ичинен кийишсе, жаш кыздар маасынын кончун кайрып асемдүү бут кийимге айландырып жүрүшөт. Ош шаарынын тургуну Умсунай Кожомуратова ар кышта балдарына маасы кийгизүүнү адат кылып алган.

- Төрт жыл мурун өзүм маасы кийип көргөм. Мага абдан жаккан. Ошондон бери ар кышта өзүмө, келиниме, неберелериме да маасы сатып берем. Ал жылуу келип, оңой менен жыртылбайт экен. Үйдө да кийип жүргөнгө ыңгайлуу. Неберелерим чоңоюп бакчага бара баштады. Алар маасы кийип жүрсө, буту дайыма жылуу жүрөт.

Ош шаарында маасы тигүүчү жыйырмадай цех бар. Маасылардын баасы теринин сапатына жараша бир жарым миңден эки жарым миң сомго чейин жетет. Чеберлер маасынын жаңы түрлөрүн таап, элдин бардык талаптарын ойдогудай аткарууга тырышат. Антпесе кытай өндүрүшү кыргызстандык маасы чеберлерин бат эле оокатсыз калтырышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG