Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:30

Ош: газ жок, жарык жок, суу жок...


Жол тосууга чыккандарга жол берилбеди, Ош, 21-май, 2014.
Жол тосууга чыккандарга жол берилбеди, Ош, 21-май, 2014.

Ош шаарынын Керме-Тоо аймагынын тургундары бир аптадан бери жарык өчүп, бир айдан бери газ келбей жатканына нааразы болуп, Ош-Араван жолун бууганы чыгышты.

Газ менен электрдин жоктугуна нааразы тургундар эртең менен 9да эле жол тосууга чыгышкан. 100дөн ашык жашоочу дароо эле Ош - Араван жолунун калаадан чыга бериш жагын бууганга аракет кылышты. Бирок тартип коргоо органдары жолду тосууга жол берген жок. Ошентсе да нааразы болгон эле тарап кетпеди.

Алар эскертүүсүз түрдө эртең менен саат 8ден кечки 5-6ларга чейин электр өчүп, анын айынан суу да токтоп калып жатканына, газ болсо таптакыр жоктугуна, көп кабаттуу үйлөрдө тирилик кылууга мүмкүн болбой калганына нааразы.

Чогулгандардын бири Жумагүл эже мындай деди:

- 4-5 күн, бир апта болуп кетти электр өчүп калган. Газга эптеп чыдап атсак, эми минтип жарык жок болуп атат. Жер үй болсо да кичине очокко казан асып, отко тамак кылып алат элек. Көп кабаттуу үйдө эмне башыбызга бышырып жейлиби. Жок дегенде режим киргизип коюшпайбы. Өзүм билемдик кылып эле, каалаган учурда өчүрүп коюшат.

Керметоолуктардын дагы бири Уулкан Чырмашева буларга токтолду:

- Тирилик кылууга мүмкүн болбой калды. Же свет жок, же газ жок. Суу болсо күн алыс өчө берип жинди кылат. Мэрияга болсо бара берип тажадык. Жаш балдар бар, көп кабаттуу үйдө тамак жасай албай калдык. Элдин үнү жетпегенинен, минтип жол бууганы чыктык. Сабырдуу болушубуз керек дедик, бирок ал дагы түгөнүп баратат. Эртең элдин чыдамы кетсе түрдүү нерсени күтө бергиле. Электрге 100 сомдон ашык карыз болуп калсаң, келип өчүрүп кетишет. А булар 5 күн жарыкты өчүрүп койсо деле биз унчукпай чыдай беребизби? Эрте менен саат 8-9дан баштап, кеч 7ге чейин өчөт. Жаш келиндер бар, жаш балдар бар, кантип оокат кылабыз, кантип чыдашыбыз керек?

Нааразылыкка чыккандар менен алгач эле электр ишканаларынын жетекчилери келип сүйлөшүүгө аракет кылды.

Жогорку чыңалуудагы Ош электртармактар ишканасынын (ОшПВЕС) директору Мелисбек Оконов жарыкты өчүрүү пландуу иш экенин айтты:

- Бул пландуу иш. Трансформаторлорду оңдоо иштери жүрүп жатат. Жарык булар айтып аткандай бир апта эмес, 3 күн эле өчтү. Бүгүн-эртең бүтүп калат. Иш бүткөндөн кийин дароо электр беребиз. Биз буга чейин калкка кулактандыруу бергенбиз, бирок ар бир батирге кирип айтып чыга албайбыз да. Аларды ушул жердеги аймактык жетекчилери, үй комитеттери айтыш керек эле. Мына азыр оңдолуп калды. Иш бүтөөрү менен жарык берилет. Эми өчпөйт.

Нааразылыкка чыккандар менен калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев да жолугуп, жарык тез арада берилээрин жана газ боюнча маселени чечүүгө өкмөт аракет кылып жатканын айтты.

- Электр маселеси мага карабайт. Мобу жерде ОшПВЕС деген ишкана бар. Алар оңдоо иштерин жүргүзүп атышат экен, ошого өчүп турат деп атышат. Бирок эми жандырып берет. А силердин суу системаңар ошо электр менен байланыш болуп атканы үчүн, жарык өчкөндө, суу да өчүп атат. А газ маселеси буюрса чечилип калат...

Газ, электр жана суунун жоктугуна нааразы болуп чыккандар 4-5 сааттан кийин таркап кетишти. Бирок коммуналдык маселелер жакын арада толук чечилбесе дагы түрдүү акцияларга чыгаарын эскертишти.

“Кыргызгаз” ишканасы Орусиянын “Газпром” компаниясына сатылгандан кийин келишим бүттү деген шылтоо менен Өзбекстан 14-апрелде Ошко газ берүүнү токтоткон. 60 миңдей үй бир айдан бери көгүлтүр отсуз олтурат. Бул маселе качан чечилээрин жергиликтүү бийликтер жана өкмөт ачык айта албай келет.
Ош: газсыз калгандар жол тосту
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:17 0:00
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG