Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:51

Оштун бюджети шашылыш кабыл алынды


Ош шаары
Ош шаары

Ош шаарынын 2016-жылга карата бюджети 1 миллиард 34 миллион сом деп бекитилди. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 100 миллион сомго көп. Бирок ошентсе да бюджетти көбөйтүү жана аны коротуудагы маселелер сынга кабылды. Калаа бийликтери быйыл бул каражатты негизинен социалдык тармактарга жана коммуналдык тейлөөгө жумшаганы турат.

Ош шаардык кеңешинин үчүнчү чакырылышынын 37-сессиясында калаа бюджети өтө шашылыш кабыл алынды. Бюджетти талкуулоодо азчылык коалициядан да, көпчүлүк коалициядан да дээрлик суроо-жооп болгон жок. Депутаттар буга чейин долбоор менен коомдук угууда жана шаардык кеңештин атайын бюджеттик комитетинде алдын ала таанышканын айтууда.

Шаардык кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу Арфидин Аланов:

- Бюджет буга чейин такталып, баары эсептелип чыккан. Аткаруу бийлиги бюджеттин долбоорун бергенден кийин биз Бюджет жана экономика комитетинде муну бир топ талкууладык. Ал жерде аткаруу бийлигиндеги муниципалдык кызматтар да келип бир сыйра ойлорун айтып, өздөрүнө бөлүнүп жаткан акчаны коргогон. Ошол жерде мэрия сунуштаган сан бир топ өзгөргөн. Андан сырткары 5-февраль күнү атайын бюджеттик коомдук угуу өткөн. Ошол күнү да 150дөй сунуш түшкөн экен, көптөрү окшош болгондуктан ирилештирип алардан да көбүн быйылкы бюджетке камтыдык. Бүгүн сессияда бир аз тезирээк кабыл алып койдук, бирок эми депутаттардын сын-пикир, дооматы жок болсо эмне кылалы.

Ошентип, Ош шаарынын бир жылдык “тагдыры” ашып кетсе жарым саатта чечилди. Натыйжада 2016-жылга калаа бюджетинин киреше жана чыгаша көлөмү жалпы 1 миллиард 34 миллион 759 миң сом деп эсептелди. Анын ичинде салык кирешелери 874 миллион 563 миң сом, салык эмес кирешелер 59 миллион 900 миң сом, бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары 100 миллион 269 миң сом деп саналды.

Замирбек Асанов
Замирбек Асанов

Бул жылкы чыгашалар негизинен социалдык жана коммуналдык тармакка жумшалбай болду. Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров бул тууралуу мындай деди:

- 2016-жылга белгиленген 1 миллиард 34 миллион 759 миң сом өлчөмүндө бюджеттин 39,9% социалдык маданий тармакка, 36,8% турак жай жана коммуналдык чарбага, 11,5% экономикалык маселелерге, 11,1% жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтарга жана 0,7% коргонуу тармагына жумшалат.

Жалпы бюджет өткөн жылга салыштырмалуу 104 миллион 95 миң сомго көп болгону айтылды. Ошентсе да реалдуу түрдө кирешени мындан да көбөйтүүгө болорун айрым депутаттар сынга алышты.

“Жапалак” автоунаа базары бюджетке төккөн акчасын азайтып жиберди. Бул ишкана 2015-жылы миллиондогон карыз менен чыкты. Атаандашы да, эч кандай чыгашасы да жок базар кантип карыз болуп калат?
Сонунбек Жунусбаев

Шаардык кеңештеги “Улуттар биримдиги” фракциясынын депутаты Сонунбек Жунусбаев бюджетти толтуруудагы кемчиликтерге токтолду:

- Ош шаарында 68% автоунаа бар. Алардын ар бири миң сомдон эле салык төккөндө 68 миллион сом салык түшмөк. Бирок мындан азыр бизге болгону 30 миллион сомго жетпеген гана салык түшүп атат. Калган акча кайда калды? Бул жерде же салык кызматы начар иштеп жатат, же түшкөн акчаны чөнтөгүнө салып атат. Мындан башка Ош шаардык муниципалдык “Жапалак” автоунаа базары бюджетке төккөн акчасын азайтып жиберди. Бул ишкана 2015-жылы миллиондогон карыз менен чыкты. Атаандашы жок, эч кандай чыгашасы жок базар кантип карыз болуп калат? Барсаңыз машине батпайт, алардын акчалары эмнеге толук бюджетке түшпөйт? Маселен, биз текшерип барганда 1700 эле машине бар дешти, өз колум менен эсептеп чыкканда 3200 машине чыкты. Демек алар жүздөгөн унаалар үчүн алынган акчаларды бюджетке бербей жатат да. Бул бир-эки эле маселе. Мындан башка толтура тармактарды активдештирип туруп, бюджетти көбөйтсө болот.

Депутаттар бюджетке кайдыгер карашты

Буга чейин коомдук угууга катышкан айрым байкоочулар да Ош шаарынын быйылкы бюджетинде көп нерселер эске алынбай калганын айтышууда. Элүү жылдан бери калаада жашаган Лариса Осмонова бюджеттин долбоорун окуп чыккандан кийинки ою менен бөлүштү:

- Шаарда жыл сайын бюджет көбөйүп жатат. Бирок ал көп мезгилде максаттуу пайдаланылбай калууда. Акча жыл сайын тейлөөгө эле жумшала бербей, жаңы курулуштарга жумшалышы керек. Маселен, Ошто троллейбустардын линиясы таптакыр аз, эмнеге муну көбөйтүүгө жумшалбайт. Көчөлөр түнкүсүн аябай караңгы, буга неге көңүл бурулбайт? Бакчаларда бир тайпада 90дон бала тарбияланып жатат, эмнеге жаңы бала бакчалар жок? Айрым чоң көчөлөрдү эске албаганда, шаардын жолдорунда тротуарлар бүт талкаланган же башаламан, эмнеге ушуну иреттеп, жаңылоого акча бекитилбейт? Жолдордун абалын айтпай эле коелу, алар качан оңдолуп бүтөт? Бул жолку бюджетти кабыл алууда да ушуга окшогон көп маселелер эске алынбай калды. Үстүртөн экономикалык, социалдык, курулуш тармагына деп айтылганы менен, конкреттүү бюджеттин долбоорунда деталдуу жазылган эмес. Ушул маселелерди депутаттар жакшылап көтөрүп чыгышса болмок да.

Ош шаардык кеңешинин 37-сессиясы
Ош шаардык кеңешинин 37-сессиясы

“Интербилим” бейөкмөт уюмунун Оштогу жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиева бюджетти кабыл алуудан да аны иштетүүдөгү алешемдиктерге көңүл бурууда:

- Бюджетти пайдалуу тараптарга бөлүп кабыл алуу бир маселенин башы эле. Бөлүнгөн акчаларды туура иштетип жатышабы, кеп ушунда турат. Маселен, былтыр “тең каржылоо” боюнча иштерге 10 миллион сом бөлүнгөн эле. Ага ылайык, тургундар өздөрүнүн көйгөйүн чечүү үчүн атайын долбоорлорду жазып келип, мэрияга тапшырып, конкурс аркылуу акча утуп алышы керек болчу. Ага ылайык, жашоочулар жарым акчасын, мэрия жарым акчасын берип үйлөрдүн чатырын же көчөлөрдү оңдоо сыяктуу иштер бүтмөк. Бирок былтыр акча бул максатка пайдаланылбай эле муниципалдык кызматтарга бөлүнүп кетиптир. Быйыл да ушундай болуп калышы мүмкүн. Башка тармактарга бөлүнгөн акчалар деле максаттуу жумшалып жатабы, муну жарандык коом жана шаардыктар көзөмөлдөгөнгө үйрөнүшү керек. Болбосо мэрия акчаны дүңүнөн бөлүп алып эле, каалагандай иштете бериши мүмкүн. Же бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн өтө зарыл тармактар калып кетип анча маанилүү болбогон иштерге акча берилип кетиши ыктымал.

Быйылкы бюджетти талкуулоо суз болгонун мен бир эле нерседен көрөм. Бул депутаттар бир айдан кийин тарап кетебиз, жаман көрүнүп эмне кылмак элек деп, кайдыгер мамиле жасашты.
Гүлгакы Мамасалиева

Быйылкы бюджеттин шашылыш кабыл алынып калынышын Мамасалиева мындайча түшүндүрдү:

- Быйылкы бюджетти талкуулоо суз болгонун мен бир эле нерседен көрөм. Бул депутаттар бир айдан кийин тарап кетебиз, жаман көрүнүп эмне кылмак элек деп, кайдыгер мамиле жасашты. Ошону үчүн эч кандай талаш-тартыш болгон жок. Анткени аларга азыр баары бир. Болбосо калктын, жашоочулардын сунуштарын кабыл алышып, аны коргоп, бюджеттин пункттарына киргизүүга аракет жасашмак. Бирок булар эптеп эле бюджетти кабыл алып, кетип калуунун камында. Сессия ортолой электе, депутаттардын жарымы кетип калды. Анткени алардын баары мындан бир-эки айдан кийинки шайлоого даярданып атышат.

Ош шаардык кеңешинин 10-февралдагы сессиясында бюджеттен башка дагы 18 маселе каралды. Алар деле жылдагыдай чоң талаш-тартыштар менен коштолгон жок.

Шаардык кеңештеги 45 депутаттык орундун 22си азчылыкты түзгөн “Улуттар биримдиги” менен КЭД партияларына тиешелүү. Көпчүлүк коалицияга КСДП, “Республика”, “Ата Мекен”, “Адилеттүү Кыргызстан”, “Замандаш” фракциялары кирет.

Ош шаардык кеңешине кайра шайлоо 27-мартта өтөт.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG