Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:48

Ош: иштен кеткендер кысымга кабылганбы?


Ош мэриясы.
Ош мэриясы.

Ош шаарынын жаңы мэри ишке киргенден бери мэриянын 68 кызматкери иштен четтетилгендиги тууралуу маалымат тарады. Алардын айрымдары өз каалоосу менен кетсе, кээлери кысымдан улам жумуштан кеткенин айтышууда.

Бирок мэрия өкүлдөрү болсо 21 адам гана мэриядан жумуштан кеткенин, алардын көбү мурда конкурстан өтпөй эле кызматка келип калганын айтууда. Ошентсе да байкоочулар кадрдык алмашуулар жергиликтүү бийликтин кээ бир иштерин аксатат деген пикирде.

Жумушун таштагандардын арасында вице-мэрлерден баштап, мэриянын аппарат жетекчиси, бөлүм башчылар, айрым муниципалдык кызматтардын, унаа базардын жетекчилери, аймактык кеңештин төрагалары, айдоочу, жада калса катчыга чейин бар. Мэриянын коомчулук менен байланыш бөлүмү, тагыраагы маалымат кызматы да толугу менен жумуштан четтеген. Шаардык “Ош шамы” гезитинин редактору да өз эрки менен жумуштан кеткендигин буга чейин жар салган.

Алардын ичинде Ош шаар мэриясынын алдындагы жаштар иштери боюнча комитеттин курамы да толугу менен жумуштан кеткени айтылган. Бирок комитеттин мурдагы жетекчиси Сонунбек Жунусбаев бул чечимин эч кандай саясат менен деле байланыштырбайт:

Ош шаары. 23-апрель, 2014-жыл.
Ош шаары. 23-апрель, 2014-жыл.
- Мен башка адамдарга комментарий бере албайм. Анткени алардын ар биринин кырдаалын билбейм. Жеке менин башка пландарым болгон. Ошол себептүү жумуштан өз эрким менен кеттим. Бир чети биз бул жумушта өзүбүздө болгон идеялардын баарын ишке ашырдык деп ойлойм. Биздин ордубузда да башка жаштар иштеп, жакшы демилгелерин ишке киргизсин дедик. Мени менен кошо командам, 7-8 киши кызматтан өз каалообуз менен кеткенбиз. Эми ар ким ар кандай деп атышат. “Бизди кысып кетирди” дегендер бар.

Кызматкерлерге кайсы бир деңгээлде кысым болду дегендердин бири мурдагы вице-мэр Дастан Ходжаев буга чейин “Азаттыкка” мындай деген эле:

- Мунун баары саботаж эмес. Биздин мурунку мэрибиз Мелис Мырзакматов башкаруунун жаңыча формаларын көрсөтүп, Ош шаарын жаңыча жол менен өнүктүрүүгө жетишкен болсо, биз, анын командасы, саясий маданияттуулукту көрсөтүп өзүбүз кеттик. Биз креслого жабышып албай, кызматтан да кетүүнү үйрөнүшүбүз керек. Бирок белгилеп коюшубуз керек, Мырзакматов баш болгон командага жогорку бийлик тарабынан бир топ кысым болду.

Ош шаардык мэриясы болсо өзүнүн аппаратынан 21 орун гана бошогондугун, алардын айрымдары өз каалоолору менен кетсе, кээси буга чейин кызматка мыйзамсыз келген себептүү жумуштан четтетилгендигин билдирүүдө. Мэриянын кадрлар боюнча жетектөөчү адиси Масуда Айдарбекова бул боюнча мындай маалымат берди:

- 68 адам кирген тизменин ичинде Айтмамат Кадырбаев мэр болуп дайындалганга чейин жумуштан кеткендер бар. Андан сырткары Ош шаар мэриясында иштебеген адамдардын да аты-жөнүн жазып, тизмени узартып салышыптыр. Түздөн түз мэрияга баш ийбеген ишканаларда иштеп жүрүп кеткендер да ушул тизмеге кошулуп жүрөт. Аларды мэр кызматтан алып же кызматка кое албайт. Мэриянын аппаратынан болсо 21 гана орун бошогон. Алардын айрымдары өз каалоолору менен жумуштан кетсе, кээлери конкурстан өтпөй эле мыйзамсыз иштеген. Алардын ордуна сынак менен жаңы кызматкерлерди кабыл алып жатабыз.

Оштун жаңы мэри эстакада көпүрөсүнүн долбоору менен таанышууда. 22-февраль, 2014-жыл.
Оштун жаңы мэри эстакада көпүрөсүнүн долбоору менен таанышууда. 22-февраль, 2014-жыл.
Ошентсе да байкоочулар Ош шаарындагы олуттуу кадрдык алмашуулар жергиликтүү бийликтин кээ бир иштерин аксатат деген пикирде. Серепчи Акылай Каримова буларга токтолду:

- Бул көрүнүштүн оң жана терс жактары бар. Позитивдүү жагы - жаңы мэр өзүнүн командасы менен жумушка келди. Демек, ал өзү ойлогон пландарын ишке ашырууга толук мүмкүнчүлүгү болот. Мурдагы мэр деле өз командасын кезинде ошентип алып келген. Ал эми терс жагы мэриянын мурдагы командасы жүргүзүп жаткан иштер, аткарып келген долбоорлор ара жолдо калып же таптакыр токтоп калышы мүмкүн. Бир адамдын кызматтан кетүүсү менен жөнөкөй эле кызматкерлер эмес, өзүнчө бир институттук эс- тутум кетип жатат. Маселен, азыр жаңы келген кызматкерлер мурда жүрүп келген иштер менен толук тааныш эмес. Алар ишти кайрадан нөлдөн башташы керек болот. Же башкача айтканда, өз алдынча “велосипед” ойлоп табышы керек. Булар үйрөнүп, ритмге түшкөнгө да убакыт керек. Ош болсо чоң шаар, аны күтпөйт.

Мурдагы мэрия кызматкерлеринин ишин жокко чыгаруу аракетинин бир мисалы катары Каримова эстакада көпүрөнүн долбоорун кошумчалады.

Адистер белгилегендей, буга чейин мэриянын аппаратында жана шаардык муниципалдык кызматтарда негизинен мурдагы мэр Мелис Мырзакматовдун партиясы “Улуттар биримдигинин” өкүлдөрү дайындалчу. Эми шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясын түзгөн 5 партия ар кайсы кызмат орундарына өздөрүнүн кишилерин алып келүүгө аракет көрүүдө дегендер четтен табылат.
Жаңы дайындалгандан кийин калаа жетекчиси Айтмамат Кадырбаев кадрлар өз эркинен сырткары кызматтан кетпей турганын буга чейинки маектеринде белгилеген эле.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG