Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:17

Эсеп палатасы: Мамдирекция айлыкты ашыкча жеген


Жаңы курулуп жаткан имараттар, 3-сентябрь, 2010-жыл
Жаңы курулуп жаткан имараттар, 3-сентябрь, 2010-жыл

Эсеп палатасы Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын каржылык мыйзам бузууларын таап чыкты.

Аталган мекеменин жетекчилиги муну майда-барат кемчиликтерди көбүртүп-жабырткан каралоо катары четке кагууда.

Дирекция макул эмес


Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекция айлык акыга 10 миллион 300 миң сомду ашыкча чыгымдаган. Мындай каржылык мыйзам бузууну Эсеп палатасы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгы аныктап чыкты.

Палатанын маалыматына ылайык, айлык акылар боюнча чыгымдардын сметасы өткөн жылдын алты айында 3,6 миллион сомго, быйылкы алты айга 6,7 миллион сомго ашыкча түзүлгөн.

Мамлекеттик дирекциянын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев Эсеп палатасынын мындай билдирүүсүн кызыкдар тараптын саясий буйрутмасы катары мүнөздөдү:

Жантөрө Сатыбалдиев
- Мындан эч ким ашыкча акча алган эмес. Бул туура эмес. Болгону жылдын башында айлык акыларды эсептеп жатышканда техникалык катачылык кеткен. Кийин ал байкалгандан кийин аталган каражатты биз мамлекеттик бюджетке кайрып бергенбиз.

Кечээги жыйналышта Эсеп палатасында бардык кетирилген кемчиликтер оңдолду деп айтылып, эми кайра эмнеге мындай билдирүү таратып жатышканына түшүнбөйм. Муну эми кызыкдар болгон тарап улам көтөрүп атат.


Ошол эле учурда элүүдөн ашыгыраак кишинин эмгек акысын чыгарууда ушундай чоң суммадагы айырма болушу мүмкүнбү деген суроо пайда болууда. Анткени аталган мамлекеттик дирекцияда 53 адам иштейт. Эң төмөнкү айлык акы мекемени тазалоочунуку – 5 миң сомго барабар болсо, эң жогорку айлык - 43 миң сомдон жетекчи курамдагыларга чегерилип келген.

Эсеп палатасынын маалымат катчысы Гүлмира Киртенова текшерүүнүн жыйынтыгы муну орчундуу мыйзам бузуу катары кабыл алгандыгын белгиледи:


- Биздин бул документтерде мына ошол жагдайдын бети ачылгандыгы көрсөтүлгөн. Албетте алар муну менен макул болбошу мүмкүн. Бирок текшерүүнүн жыйынтыгы менен ал далилденип отурбайбы. Бул боюнча акт түзүлүп, ага бардыгы кол коюшкан. Мында жазылгандардын бардыгы одоно мыйзам бузуу деп саналат. Анткени ага майда-бараттары киргизилген эмес. Материал бардыгы менен макулдашылган.

Курулуштагы “бурулуш”

Мындан сырткары Эсеп палатасы курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн курулуш-монтаждоо иштеринин наркын 41 миллион сомго ашырып көрсөтүү фактысын аныктаган. Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган сумманын 35 миллиондон ашууну кайра кайтарылгандыгы айтылган. Текшерүүнүн жүрүшүндө курулуштагы аткарылган иштин көлөмү сметада көрсөтүлгөн суммага төп келбей тургандыгы аныкталган.

Ал эми мамлекеттик дирекциянын жетекчисинин орун басары Молдобасар Эркебаев мындай алешемдиктер өз учурунда жөнгө салынган болчу деп эсептейт:

- Бул 2010-жылы 32 миллион 600 миң жана 2011-жылдын 1-кварталында 8 миллион 460 миң сомго курулуш иштери ашыкча көрсөтүлдү деп жатышат. Бирок бул жерде бир объектини канча суммага келишим тузгөн болсок, компаниялар ошол боюнча гана жумушту аткарышат. Анан аткарылган иш үчүн ашыкча чыгымдалган деген сумманы биз кийинки бериле турган каражаттын эсебинен кыскартып, жөнгө салып койгонбуз.

Эсеп палатасы аталган дирекциянын каржылык мыйзам бузууларын көрсөтүү менен анын жетекчилигине эскертүү берүү менен чектелди. Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы өткөн жылкы жаңжалдан кийин түзүлүп, каражатты мамлекеттик казынадан жана эл аралык донорлордон алат.

XS
SM
MD
LG