Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:18

Ошто көп аял алуу маселеси козголду


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстанда эки же андан көп аял алуу маселеси кайрадан көтөрүлүүдө. Айрым дин өкүлдөрүнүн бул демилгеси укук коргоочулардын кескин сынына кабылды.

Дин өкүлдөрү эки аял алууга уруксат берген мыйзамды кабыл алуу турмушка чыкпай калган кыз-келиндер үчүн жакшы болмок десе, укук коргоочулар эки аял алуу коомдо ансыз да гүлдөп жатканын, бул көрүнүштү нике келишими менен ооздуктоону сунуштоодо.

Ошто 3-июль күнү “Жалпы кызыкчылыктарды издөө” уюмунун демилгеси менен эки аял алууну мыйзамдаштыруунун зарылчылыгы талкууланды. Анда негизинен эки аял алууга үгүттөгөн маанай басымдуулук кылды.

- Алла таала биздин табиятыбызды билгени үчүн жашоонун ушундай мыйзамдарын түшүргөн деп түшүнүү керек. Бул мыйзамдардын бардыгы адамдын өсүп-өнүгүүсүнө салым кошот. Ошон үчүн адал менен арамды бөлүп койгон. Эркек кишиге бир эле учурда бир нече аял менен жашаганга уруксат берип койгон. Анткени булардын организми ошондой, - деди Мусулман аялдарынын Мутакалим уюмунун өкүлү Жамиля Жапашева.

Кыргыз коомчулугунда көп аял алууга каршы болгондордун саны да басымдуу. Көп аял алуу адаты менен күрөшүп жаткан "Кыргызстандын демилгелүү аялдары" уюму кош нике үй-бүлө чырынын себеби гана болбостон аялдардын жеке гигиенасын, адеп-ахлак баалуулуктарын да бузат деген пикирде. Аталган уюмдун жетекчиси Авазкан Ормонова көп аялдуулукту каалагандар ага жол берген өлкөгө көчүп алууну сунуштады:

- Биз динден ажыратылган укуктук, демократиялык, светтик мамлекетте жашайбыз. Ошондуктан эч качан көп аялдуулукту кабыл ала албайбыз. Эгерде кимдир бирөөлөр аны кааласа, ага уруксат берген өлкөлөргө көчүп барып, ошол каалоолорун аткара берсин.

Расмий органдардын белгилешинче, Кыргызстанда эки жана андан көп аял алуу фактысы боюнча 2010-жылдан бери беш кылмыш иши гана козголгон. Алардын ичинен төртөө сотко жиберилген. Адвокат Медет Казыбаев эркектин көп аял алганын сотто далилдөө өтө кыйын экенин айтууда:

- Мындай көрүнүштөргө көп эле күбө болобуз. Мен ушул күнгө чейин эркек эки аял алганы үчүн соттолгонун уга элекмин. Анткени эки аялдуулукту жазалоо үчүн ошол аялдарынын бири жабырлануучу катары арыз жазышы керек. Эркектин эки аял алганы эч кайсыл документте көрсөтүлбөйт, андыктан экинчи аялына материалдык жактан жардам берип жүргөнүн далилдөө керек болот. Эркектер болсо мен ага эч кандай материалдык жардам берген эмесмин деп чыгат. Кыскасы, эки аялдуулукту далилдөө бизде дээрлик мүмкүн эмес.

Ошол эле маалда айрым дин таануучу адистер ислам көп аял алууга чакырбасын айтышууда. Дин таануучу Маметбек Мырзабаев бул маселе боюнча мындай көз карашын билдирди:

- Мухаммед пайгамбардын заманында арабдарда 10-20 аял ала берген салт болгон. Пайгамбар аны дароо тыйып коюунун татаалдыгынан улам этап-этап менен көп аялдуулукту жойгонго аракет кылган. Ал Ниса сүрөөсүнүн 129-аятында төрткө чейин аялдарыңарды калтырып, калганы менен ажырашкыла деген. Ал өлөрдөн үч жыл мурда айткан сүрөөсүндө силер канчалык кааласаңар деле аялдарыңарга калыстык кыла албайсыңар. Ошондуктан бир эле аял менен жашоо жакшы деп айткан. Демек ислам көп аялдуулукка эмес тескерисинче, бир аялдуулукка гана чакырат.

Кыргызстанда көп аял алууга мыйзам жол бербейт. Бирок эки же андан көп аял менен түтүн булаткан аттуу-баштуулардын аттары аталып жүрөт.

XS
SM
MD
LG