Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:21

Ош милициясы: сойкулук азайды


Ош шаарында сойкулук бизнеси менен алектенгендерге каршы жергиликтүү милиция күрөшүп жатканы менен калаада денесин саткан кыздардын жумушу токтоп калган жок.

Шаардагы Абсамат Масалиев көчөсүнүн бир канча жеринде күүгүм кирери менен денесин сатып, бизнес жасаган кыздардын тобу пайда болот.

Түн бир оокумга чейин бул жерде эл ичинде айтылгандай "кыз базары" кызыйт. Биз "Мегаком" компаниясынын тейлөө кеңсесинин жанындагы кыздар тобуна барып, алардын баасына кызыгып көрдүк.

40-45 жаштардагы толмочураак айым бизди тосуп алды:



Максатыбыз бош экенин байкадыбы, айтор ортомчу башка кардарларга ооп кетти. Ошол күнү көчөдө турган онго жакын кыздын соодасы жүрүп, бат эле ар кандай машинага түшүп кетишти. Айрым кардарларды ортомчу айым ээрчитип, кабаттуу үйлөр тарапка алып кетип жатты.

Ошто денесин сатып иштеген кыздардын саны так эмес. Бул жерге акча жасоо үчүн коңшу Өзбекстандан да кыз-келиндер келет деген пикир орун алган. Милициянын маалыматы боюнча, калаадагы 22 мончонун ичинен болжол менен 15инде сойкулук кызмат көрсөтүлөт. Андан сырткары батирлер, мейманканалар пайдаланылат. Жол боюнда ачык кызмат көрсөтүүчү жерлер төртөө. Алардын бири Манас-Ата кичи районунда, калган үч жай Масалиев көчөсүндө.

Кыздардын бирин кепке тарттык. Аты Дилфуза экен. Ал 10 жылдан ашуун убакыттан бери бул иш менен алектенет. Мурда бул ишинен уялып жүргөнүн, азыр керек болсо телевизорго чыгып, ачык сүйлөөгө да даяр экенин айтты:

- Бул жолго чыгууга эмне себеп болду деп жатасызбы? Акча керек болгону үчүн да. Бала багышым керек. Балам 11 жашка чыгып калды. 3 айлык кезинде ушул ишти баштагам. Азыр курсагымда дагы 3 айлык боюмда бар. Эмне кылалы? Же жумуш жок болсо... Официант болуп иштесем күнүгө 200 сом табам. Аны менен курсак тойбойт. Ишканаларды ачып коюшсун, биз барып иштеп, бул жумушту таштайлы…

Сандар сайрайт

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, соңку үч жылдан бери калаада денесин сатып жүргөн кыздардын саны азайган. Шаар милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков буга 2010-жылдагы коогалаң таасир эткен болушу мүмкүн дейт:

- 2010-жылдагы кандуу окуяларга чейин денесин саткан кыздардын жана сойкулук бизнеси менен алектенген сауна-мейманкалардын көбөйүп баратканы байкалган. Калабадан кийин сырттан келген кыздар кайра кетип, азыр бир топ азайып калды. 2010-жылга чейинки рейддерде денесин сатып жүргөн кыздардын арасында Өзбекстандын жарандары көп болчу, азыр негизинен өзүбүздүн эле жарандар ушул жол менен акча таап жатышат.

Ош милициясы ортомчуларды жоопко тартуу максатында жана кыздардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн айына бир жолу рейд уюштуруп турат. Рейд маалында кармалган кыздар түшүндүрүү иштеринен соң кайра бошотулат. Анткени мыйзамда аларды жазалоо механизми каралган эмес. Ал эми кыздарды иштетип жаткандар беш жылга чейин эркинен ажыратылып, колго түшкөн кардар мырзалар болсо “бейбаштык” беренеси боюнча административдик жоопко тартылат.

Милиция тарабынан соңку бир айдын ичинде Ошто кыздарды иштетип жаткан 9 сауна жана мейманкана ээлери кармалып, кылмыш иши козголгон. Бирок алар шаардык соттун чечими менен эркиндикке чыгарылганын Замир Сыдыков кошумчалады:
Балам 11 жашка чыгып калды. 3 айлык кезинде ушул ишти баштагам. Азыр курсагымда дагы 3 айлык боюмда бар.
Дилфуза

- Ошол 9 адамдын баары жашаган жеринен башка жакка чыкпоо талабы менен эркиндикке чыгарылган. Бирок алардын үстүнөн тергөө иштери жүрүп жатат. Биздин милдет - кылмыш жасагандары кармап берүү. Соттун чечимине карата эч нерсе айта албайбыз. Себеби алар башка орган.

"Азаттык": Ошол кыздар менен жана алардын кожоюндары менен милиция кызматкерлеринин ортосундагы жазылбаган келишим бар, тили бир деген сөздөр бар...

- Милиция таптаза деп айтуудан алысмын. Болушу мүмкүн. Себеби "шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт" деген сөз бар. Өз кызматына кыянаттык кылып, ошондой адамдардан акча алып, иштеп жүргөн милициялар болушу мүмкүн. Алардын аты-жөнү такталса эле, жетекчилик тарабынан тийиштүү жазалар берилет.

Эл арасында денесин саткан кыздардын эсебинен акча жасагандар бийлик жана тартип коргоо органдарында отурат деген сөздөр жүрөт. Бизнестин бул түрү кылмыш катары көрсөтүлгөнү менен кыздарды иштетип жаткандыгы үчүн олуттуу жоопко тартылгандар жөнүндө маалымат жок.
XS
SM
MD
LG