Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:18

Атамбаев айланасын текшертүүнү чечти


“Трансперенси интернешнл" уюмунун иликтөөсү боюнча Кыргызстан өтө коррупциялашкан өлкөлөрдүн катарына кирет.
“Трансперенси интернешнл" уюмунун иликтөөсү боюнча Кыргызстан өтө коррупциялашкан өлкөлөрдүн катарына кирет.

Президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн айлана-чөйрөсүндөгү адамдарды тыкыр иликтеп чыгууну талап кылды. Буга Аида Салянованын партиялаштарынын билдирүүсү себеп болду.

“Күчтүү Кыргызстан” партиясынын өкүлдөрү Салянова жогорку бийликтеги кызматкерлерге кылмыш ишин козгоого даярдык көрүп жаткан мезгилде Башкы прокурорлуктан алынды деп билдирген эле. Оппозиция өкүлдөрү өз кезегинде жогорку бийликтин айланасындагы коррупциялык иштерди атап жатат.

Аида Салянова башында турган “Күчтүү Кыргызстан” партиясынын өкүлдөрү өткөн жуманын соңунда маалымат жыйынын өткөрүп, анда Салянованын кызматтан алынышына ал жогорку даражалуу кызматкерлерге даярдап жаткан кылмыш иштери себеп болгонун билдирип чыккан.

Партиянын жетекчи органынын мүчөсү Расул Үмбөталиев аталган маселе боюнча “Азаттыкка” буларды билдирген эле:

- Азыркы иштеп жаткан кызматкерлерге кылмыш ишин козгоого материал топтоп жаткан. Менин оюмча, ошол чоң кызматта иштеп жаткандар президентке Аида Салянованы жамандап, кызматтан кетиргенге аракеттенген.

Расул Үмбөталиевдин 2-марттагы сөзүнө караганда, жогорку даражалуу кызматкерлердин коррупциялык иши боюнча материалдар анын колунда да бар.

Башкы прокуратура мындай билдирүүгө дароо эле жооп берип, башкы көзөмөл органында жогорку даражалуу кызматкерлерге даярдалган кылмыш иштер жок деп билдирди. Бирок ага карабастан, дүйшөмбү күнү президент Алмазбек Атамбаев айланасындагы адамдарга даярдалган кылмыш иши боюнча маалыматтарды дыкат иликтеп чыгууну башкы прокурор Индира Жолдубаевага тапшырганын президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов кабарлады.

Оппозициялык саясатчы Кубанычбек Кадыров президенттин айлана-тегерегиндеги коррупциялык иштер тууралуу буларды билдирди:

Кубанычбек Кадыров
Кубанычбек Кадыров

- Саясий коррупция деп Атамбаев өзү айтпады беле. Мына ошондой саясий коррупция жүрүп жатат. Экинчиден, Атамбаев президент болуп турганда анын жанындагыларга каршы эч ким кылмыш ишин ачпайт, Индира Жолдубаева дагы. Үчүнчүдөн, маалымат каражаттарына чыгып кетип жатпайбы, Атамбаевдин жакындарынын ичинен коррупцияга жакыны КСДПнын лидери Чыныбай Турсунбеков деп. Мурун Бишкек арак заводун Максим Бакиев алган эле, ал кетери менен Чыныбай Турсунбеков алды. Анын баштапкы баасы 200 млн. сомдон кем болбойт деп, Мамлекеттик мүлк фонду жарыялаган эле, бирок ал 60 млн. сомго алып туруп, аны эми Максимдин досу Сергей Ибрагимовго 6 млн. долларга сатты деген маалыматтар чыгып атат.

Кубанычбек Кадыров ошондой эле ыңкылапка чейин Бишкекте үйү жок жүргөн президенттик аппараттын биринчи орун басары Икрамжан Илмияновдун учурда өтө кымбат баалуу элиталык квартиларда жашап жатканын кошумчалады.

Чыныбай Турсунбеков Бишкек арак заводун анын жакындары сатып алганын тастыктап, бирок ал жерде коррупция болгон дегенди четке кагып келет.

“Түндүкэлектр” акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү Сапар Аргымбаев Кыргызстанда коррупция каптабаган тармак жок деп эсептейт:

- Же экономикалык, же социалдык маселелер чечилбейт, же энергетика оңолбойт, же тартип коргоо органдарында иш жылбайт. Мына ушулардын баары коррупциянын таасири да. Эгерде элдин турмушу оңолуп кетсе, президенттин тегерегинде ким иштейт, президенттин тегерегинде коррупция барбы-жокпу деген суроо деле коюлбайт болчу.

Сапар Аргымбаев мурунку президенттердин айланасында коррупция боюнча айтылган сөздөрдүн бардыгы чындык болуп чыкканын эске салды.

Жогорку Кеңештеги Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитеттин мүчөсү Туратбек Мадылбеков бийлик башындагылардын айланасында коррупциялык фактылар арбын болгон дейт:

Туратбек Мадылбеков
Туратбек Мадылбеков

- Эми айлана-чөйрөсүндө фактылар аябай эле болгон. Ага убагында иш козгоп, күнөөлүү адамдар жоопко тартылбай, кичинекей адамдар жоопко тартылып келатат. Айланасы дегенде алардын арасында партиянын да белдүү адамдары бар.

Туратбек Мадылбеков коррупцияга каршы күрөш үчүн парламент мүчөсү катары алар да маалыматтарын берип, салым кошууга даяр экенин айтты.

КСДП фракциясы азыркы бийлик учурунда коррупцияга чечкиндүү күрөш жарыяланганын билдирип келатат. Алар мисал катары жогорку даражалуу бир катар кызматкерлерге кылмыш ишинин ачылышын, аларга байланыштуу сот иштеринин жүрүп жатышын айтышат.

Президент Алмазбек Атамбаевдин талап кылганга чейин эле Башкы прокуратура жогорку даражалуу кызматкерлерге каршы даярдалган кылмыш иштер боюнча материалдар жок деп жарыялаган. Эми мамлекет башчынын тапшырмасынан кийин жаңы фактылар табылабы, айтуу кыйын.

“Трансперенси интернешнл" уюмунун иликтөөсү боюнча Кыргызстан өтө коррупциялашкан өлкөлөрдүн катарына кирет. Өткөн жылы республика коррупция боюнча 150-орунду ээлеген. Кыргызстандан коррупциясы жогору мамлекеттердин катарына кошуна өлкөлөрдөн Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан кирген.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG