Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:44

Кара пиарбы же “каралар” кармашыбы?


Партиялар жармаңкеси учурунда тартылган сүрөт. 26-июнь
Партиялар жармаңкеси учурунда тартылган сүрөт. 26-июнь

Айрым маалымат агенттиктери Жалал-Абаддын Сузагында “Бир бол” менен “Өнүгүү” партия мүчөлөрүнүн ортосунда чатак чыкканын жазышты.

Анда “Бир болдун” өкүлүн “Өнүгүү” партиясынын чоң муштумдары сабаганы маалымдалган. Бирок муну “Өнүгүү” партиясынын маалымат кызматы атаандаш партиянын карандай каралоосу катары жокко чыгарды. Ички иштер министрлиги бул эки партиянын өкүлдөрүнүн ортосундагы чыр-чатак тууралуу маалымат текшерилип жатканын ырастады.

Эки партиянын тиреши

“24 kg” маалымат агенттиги өздүк булактарына таянып, Сузакта “Бир бол” менен “Өнүгүү-Прогресс” партияларынын өкүлдөрүнүн ортосунда өткөн 5-август күнү жаңжал чыкканын жазып чыкты. Агенттиктин маалымдашынча, “Өнүгүү” партиясынын Тазабек Икрамов аттуу жергиликтүү өкүлү баштаган топ “Бир бол” партиясынын активистин токмоктоп коюшкан.

Партиялар жармаңкесинде тартылган сүрөт
Партиялар жармаңкесинде тартылган сүрөт

Маалымат агенттиги “Өнүгүү” партиясынын фамилиясын Икрамов деп алмаштырган мүчөсү Тазабек Стамкулов уюшкан топтун мүчөсү катары милициянын каттоосунда турарына шилтеме келтирген. Ошондой эле агенттиктин маалыматында, Стамкулов 2009-жылы мурдагы парламент депутаты Жусупжан Жээнбековдун уулун уурдоого буюртмачы катары шектелгени көрсөтүлгөн.

Жалганга жалганган жалаабы?

Бирок “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын маалымат катчысы Сюита Соурбаева бул маалыматты атаандаш партиянын атайын жайылткан жалаасы деп мүнөздөдү:

- Өткөндө эч кандай чыр-чатак болгон эмес. Бул маалымат биздин партияга каршы уюштурулган кара пиар деп эле кабыл алып жатабыз. Биздин партиянын абройун түшүрүүгө жасалган аракет. Анда жөн эле сөз менен телефон аркылуу сүйлөшүшкөн экен. Анан эми ошону көбүртүп-жабыртып жатышат. Анан Тазабек Икрамовду Жээнбековдун уулунун өлүмүнө дагы тиешеси бар деп жалган жалаа менен жазылган. Андай болушу мүмкүн эмес. Себеби, Икрамов Жусупжан Жээнбековдун ошол уулунун досу болгон. Ал турсун Тазабек Жусупжан Жээнбеков Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясын жетектеп турганда ага кеңешчи болгон. Ошондой адамды кеңешчи кылып алмак беле? Анан ошол факт боюнча кылмыш иши козголгон деген боюнча айтарым, кылмыштын курамы жок болгондуктан иш тергөөдө кыскарган.

Ошол эле учурда “Бир бол” партиясы менен “Өнүгүүнүн” өкүлдөрүнүн ортосундагы каршылашкан жагдай расмий түрдө тастыктала элек. “Бир бол” партиясынын аткаруу комитетинин төрагасы Досалы Эсеналиев жагдай териштирилип жатканын белгилеп, бул чатак тууралуу маалыматты азырынча тастыктай же төгүндөй албай турганын айтты:

- Биз дагы ошондой факт болду беле же болгон эмес беле деп ошол маалыматты сураштырып, териштирип жатабыз. Такташып жатабыз, бирок ал тактала элек. Ошондой чатак болгонун биздин активисттер тастыкташа элек. Бирок биз тактап жатабыз. Мүмкүн эки ортодо майда-чүйдө сөз болгондур. Бирок мындай бир чоң чатак болгону тууралуу маалымат бизде чынында жок.

Арыз жок, доо жок

Сузак районундагы эки партиянын өкүлдөрүнүн ортосундагы чыр-чатак туурасында милицияга арыз түшкөн эмес. Мына ошондуктан жергиликтүү ички иштер органдары саясатка байланышкан бул окуянын жагдайын териштирүүгө азырынча кирише элек. Эки партиянын өкүлдөрүнүн ортосунда чын эле криминалдык териштирүү болгонбу же кадимки кер-мур айтышуу орун алганы тууралуу расмий маалымат жок. Ички иштер министрлигинин маалымат борборунун өкүлү Эрнис Осмонбаев мындай дейт:

- Мына ошого байланыштуу кайсы бир тараптан арыз түшкөн жок деген маалымат алдык. Бирок биз эми мындай маалыматтар сайттарга чыккан соң, текшерип жатабыз. Анан дагы мына ошондой окуянын болгону тууралуу кайрылуу болдубу же жокпу ошондо гана дайын болот. Анан эми азырынча эч нерсе дей албайбыз.

Эске сала кетүүчү жагдай 2013-жылы Кара-Суу шаардык кеңешине шайлоодо “Өнүгүү” менен КСДП партиясынын жактоочуларынын ортосунда кагылыш болуп, ал өз ара бычакташууга жана атышууга чейин жеткен. Анда жергиликтүү талдоочулар бул партиялар саясий күрөштү кайрадан криминалдын жардамы менен жүргүзө баштаганын белгилешкен болчу.

XS
SM
MD
LG