Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:54

Ооганчы депутаттын чыры менен сыры


"Ар-намыс" фракциясынын депутаты Нурлан Төрөбеков.
"Ар-намыс" фракциясынын депутаты Нурлан Төрөбеков.

Жасалма диплом аркылуу мамлекеттик кеңешчи деген класстык чин алган деп айыпталган парламент депутаты жана Ооган согушунун ардагерлер кошуунунун төрагасы Нурлан Төрөбековдун ишинде жаңы жагдайлар пайда болду.

Эми айрым ооган согушунун ардагерлери Төрөбеков ооган согушуна катышкан эмес жана өзүнө ардагер катары жасалма документ жасаткан деп доомат коюшууда. Башында депутат Төрөбековдун ооган согушуна катышпаганын ырастаган, бирок кийин аны кайра ооганчы катары тааныган бирине-бири карама каршы келген Орусиянын борбордук чек ара архивинин документтери “Азаттыктын” колуна тийди.

Зайсандагы сержант Ооганга кантип барып калды?

Ооган согушунун ардагерлери кошуунун жетектеген азыркы парламент депутаты Нурлан Төрөбековдун ооганчы экенинен күмөн санагандар тээ 2008-жылы эле Пушкино шаарындагы Орусиянын борбордук чек ара архивине суроо-талап жөнөткөн. Ал жактан келген жоопто Нурлан Төрөбеков 1987-жылы 25-майда Казакстандагы Зайсан шаарчасындагы чек ара аскер бөлүгүнө кызмат өтөөгө чакыртылганы көрсөтүлгөн. Андан ары Чыгыш Казакстан облусунун Чунджадагы сержанттык курамдын мектебине келгени белгиленген. Сержанттык мектептен соң Төрөбеков Зайсандагы аскер бөлүгүнө кайра жөнөтүлгөн. 1989-жылы 16-июнда кенже сержант Төрөбеков аскердик кызматын өтөп бүтүп, мекенине кайткан. Ооган согушунун ардагерлеринин партиясынын өкүлү Болотбек Мамбеталиев 2009-жылы аскердик архивден ушундай жооп келгенине карабастан Төрөбековго иш козголбой калганына токтолду:

- 2008-жылы эле ошондой жооп келип, анан ал бизге кайра башка бир документтерин көрсөткөнүнөн улам кайра дагы тагыраак жана толугураак жооп бергиле деп суроо-талап жөнөткөнбүз. Ошондо дагы дал мурдагысындай эле ал жакта – ооганда болгон эмес деген жооп келген. Кийин 2010-жылы дагы бул ишти кайра көтөрүп, кайрадан жаңы суроо-талап жөнөткөнбүз. Баш-аягы биз үч жолу суроо-талап жөнөткөнбүз. Ошонун бардыгына борбордук архивден ошондой жооп келген. Мына кагаздары турат. Мына ушунун бардыгын биз учурунда ИИМ, УКМК жана аскердик прокуратурага бергенбиз.

Ошол кездеги териштирүүдө Нурлан Төрөбековдун жактоочулары анын Ооганстанда кызмат өтөгөнүн ырастап туруп алышкан. Анын ооганчы экенин Геннадий Середа жана Нурлан Киркеев сыяктуу жарандар оозеки тастыктап, көрсөтмө беришкен. Бирок алардын чынында эле Нурлан Төрөбеков менен Зайсанда аскерде бирге кызмат өтөгөнү аныкталганы менен алардын дагы ооган согушуна катышпаганы боюнча маалымат Орусиянын чек ара архивинин жообунда ырасталган. Мына ушуга байланыштуу айрым ардагер-ооганчылар Төрөбековго алдамчылык жана жасалма документтерди даярдоо беренеси боюнча кылмыш ишин козгоону талап кыла башташкан.

Чубактын чуусундай чубалган иш...

Бирок 2009-жылы ийне-жибине чейин териштирилбестен туруп, укук коргоо органдары белгисиз себептер менен бул ишти кароодон баш тарткан. Бул маселени учрунда көтөрүп чыккан ооган согушунун ардагерлеринин бири Чолпон Беккелдиев аскер прокуратурасы 2010-жылга чейин дагы, андан кийин дагы бул ишти жабууга кызыкдар болгонун айтты:

- Биз бул маселени 2008-жылдан бери бир нече курдай көтөрдүк. Бирок биздин бардык аракеттерибиз текке кетти. Жашырган менен болобу, кезинде бизге аябай эле басым болгон. Анткени анын бийликтин бардык бутактарында, аскердик прокуратурада, ИИМде УКМКда чырмалышкан тааныш-тамырлары өтө эле көп экен. Тергөө кадимкидей эле башталат, иликтешет, анан эле аягы барып, негизсиз жерден эле токтоп калат. Ушинтип отуруп мына алты жыл болду. Биз мына ошол документтерди көтөрүп чыкканда, бул ишти козгогонго негиз жок экен деп, бизди такыр келесоо кылып коюшкан. Коррупция көрсө жеңилбейт экен. Бийлик алмаша берет экен. Бирок алардын тамырлары оңой менен кыркылбай турганын көрдүк.

Нурлан Төрөбеков 2010-жылы “Ар-намыс” партиясынан парламенттик шайлоого катышып, Жогорку Кеңештин депутаты болуп калган. Мына ошол учурда ооган согушунун ардагерлеринин арасынан чыккан демилгелүү топ 2011-жылы бул ишти кайрадан көтөрө баштаган. Бирок анда дагы жыйынтык болгон эмес. Нурлан Төрөбековдун актоочусу ал чек ара аскерлигинде кызмат кылып жүргөн учурунда Ооганстанга атайын тапшырманы аткарууга жөнөтүлгөн болчу деген жүйөнү келтирген. 2011-жылы 24-февралда Орусиянын борбордук чек ара архивинен экинчи ирет келген жоопто Нурлан Төрөбековдун Зайсанда, казак-кытай чек арасында кызмат өтөгөнү, Чунджада сержанттык окууда болгону дагы бир жолу көрсөтүлүп, бирок анын кандайдыр бир тапшырма менен Ооганстанга барбаганы ырасталган. Мына ушундай эле жооп Орусиянын борбордук архивинен 2013-жылы дагы тастыкталып келген. Бул топтолгон документтердин негизинде демилгелүү топ башкы прокуратурага жана аскер прокуратурасына арыз менен кайрылган. Бул маселе боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Төрөбековдун өзү менен жолугууга мүмкүн болгон жок. Ага карата башкы прокуратура жасалма диплом боюнча кылмыш ишин козгогон күндүн эртеси Жогорку Кеңештин аппаратына ооруканага жатып калганын кабарлаган.

Эки башка документти кимиси “эптеди”?

Бирок кайсы ооруканада жана кандай диагноз менен жатканы тууралуу маалымат жок. Ооган согушунун ардагерлери кошуунунун төрага орун басары Тыныбек Кадыров депутаттын ооганчы экенин ырастаган дагы бир документ бар экенин көрсөттү:

- Кудага шүгүр, бизде мына ушундай нерсени текшере турган мамлекеттик органдар бар. Ошон үчүн аскер прокуратурасына же башкы прокуратурага бергиле деп айтып келгенбиз. “Эгерде Төрөбеков ооганчы болбой, алдап келген болсо ушул күнгө чейинки жеңилдиктердин бардыгын төлөтүп алалы” деп мен ошол арызданып жүргөндөргө бир нече ирет айткамын. Анан алар арызданып дагы көрүшүптүр. 2013-жылы аскер прокуратурасы бул ишти иликтеп чыгып, Орусиянын борбордук архивинен расмий жооп алган. Анда Төрөбековдун ооганчы экени расмий түрдө тастыкталып отурат. Азыр эми бардыгы эле кыйын, бардыгы эле суроо-талап жөнөтө турган болуп калыптыр. Бирок биз эми мына ошол көчөдөгү балдар алган жоопко ишенебизби же аскер прокуратурасына келген жоопкобу? Мына бул расмий тастыктаган документти карап койгула.

Кыргызстандын аскер прокуратурасына 2013-жылы келген Орусиянын чек ара архивинин бул документтинде Зайсандагы Чыгыш чек ара округунун базасында 1988-жылы Ооганстанга колдоо көрсөтүү үчүн тажик-ооган чек арасында атайын топ жөнөтүлгөнү көрсөтүлгөн. Мына ошол топтун курамында депутат-ооганчы Нурлан Төрөбеков болгону жана ал Тажикстандын Пяндж шаарчасындагы 2066 номерлүү аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөнү белгиленген. Бирок бул чек ара аскер бөлүгү 1993-жылы гана Орусия өкмөтүнүн чечими менен Ооганстандагы согушка катышкан аскер бөлүктөрүнүн тизмесине кирген. Ошол эле кезде “Абийрим бар” аскердик тилектештик уюмунун өкүлү Табылды Исаев депутат Нурлан Төрөбеков Жаныш Бакиевдин жана орусиялык аскер чиновниктеринин көмөгү менен жасалма документтерин оңдогон болушу мүмкүн дейт:

- Нурлан Төрөбековду колдогон Жаныш Бакиев болгон. Алар көп жылдан бери байланышта болгон. Убагында Кыргызстанга Мамдуманын депутаты Клинцевич менен Москванын шаардык думасынын депутаты Ковалев келген. Аларды бул жакта коноктоп, ынтымакташып жүрүшкөн. Анан мына ошолордун жардамы менен Төрөбеков Пушкино шаарындагы борбордук архивден документ жасаткан болушу мүмкүн. Болбосо 2008-жылы эле мына ошол документти алып чыгып көрсөтөт болчу да. Бул маселени биздин прокуратура РФнын тиешелүү органдары менен биргеликте терең иликтеп чыкса мына ушул схема чыгат.

Чынында эле бир эле архивден эки башкача мазмундагы жооптун келиши анын кайсынысы чыныгы деген суроону кабыргасынан койду. Бирок бул маселе боюнча аскер прокуратурасына кайрылып, ынанымдуу жооп алалган жокпуз. Мына ошентип Орусиянын Федералдык Коопсуздук Кызматынын алдындагы борбордук чек ара архивинен эки башка мазмунда жооп келип, ооганчылардын башын адаштырып турган учур. Жакында башкы прокуратура депутат Нурлан Төрөбековду жасалма диплом сатып алган деп шектеп, кылмыш ишин козгоду. Нурлан Төрөбеков "Үчүнчү класстагы мамлекеттик кеңешчи" деген чин алуу үчүн 2013-жылы Кыргыз Улуттук Университетин бүтүргөнү тууралуу дипломун тапшырган. Текшерүү учурунда 2004-жылы Төрөбековго берилген дипломдун жасалма экени аныкталган. Ошол эле кезде анын адвокаты Кайрат Загибаев муну курулай жалаа жана саясий буюртма деп эсептейт:

- Прокуратуранын мындай кадамын кантип түшүнсө болот? Негизи эле саясатка аралашкандан кийин душмандар четтен табыла баштайт тура. Кантип эле беш жыл окуган окуу жайдын диплому жасалма чыгып калат? Мунун бардыгы алдын-ала даярдалган саясий буюртма. Болбосо эмне үчүн бул маселе мурда эле чыккан эмес. Мунун артында саясий таасир талашкан чоң күтөр турат. Эгерде саясаты жок бул маселени иликтеп чыкканда чындык өзү эле чыгып калмак. Керек болсо КМУУнун өзүн текшерүү керек.

Ошол эле кезде ооганчы-ардагерлер тобу депутат Нурлан Төрөбеков кошуунду жетектеп турган учурдагы анын ишмердигин текшерип чыгууну талап кылууда. Аны менен катар алар жыйырма жылдан берки ооган согушунун ардагерлер кошуунуна которулган каржынын жана материалдык мүлктүн эсебин алуу үчүн көз карандысыз аудит чакыруу демилгесин көтөрүүдө. Жогорудагылардан тышкары, учурда Нурлан Төрөбековду ооган согушунун ардагерлери кошуунунун төрагалыгынан чакыртып алуу жана анын депутаттык кол тийбестигинен ажыратуу маселеси сунушталууда.

XS
SM
MD
LG