Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:43

Бажы биримдиги: тобокелдик жана чектөөлөр


Бажы биримдигине каршы Бишкекте өткөн акция. 5-май, 2014-жыл.
Бажы биримдигине каршы Бишкекте өткөн акция. 5-май, 2014-жыл.

Кыргызстан Бажы биримдигине жана Евразия экономикалык аймагына кирүү алдында турат. Декабрь айында боло турган саммитте Кыргызстандын бул эки уюмга кириши боюнча келишимге кол коюлушу күтүлүүдө.

Ал мезгилге чейин кыргыз бийлиги он бештен ашуун мыйзамга өзгөртүү жана кошумчаларды киргизүүгө батыл киришүүдө. Ал мыйзамдарды өзгөртүү Кыргызстандын турмушуна кандай таасирин тийгизет?

Бажы биримдиги өзгөртүүнү талап кылган мыйзамдар

Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча “жол картасы” май айында Астана саммитинде, Евразия экономикалык аймагына кирүүсү боюнча “жол картасы” октябрда Минск саммитинде жактырылган.

Мына ушул “жол карталарына” ылайык, кыргыз өкмөтү өзүнүн мыйзамдарын Бажы биримдигинин мыйзамдарына шайкеш келтириши керек же Бажы биримдигинин мыйзамдары улуттук мыйзамдардан жогору турарын тастыктаган жоболорду кабыл алышы зарыл.

Мына ушул максатта өкмөт он бештен ашуун мыйзамга өзгөртүү жана кошумчалар киргизүү боюнча мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңешке жөнөткөн. Жогорку Кеңеш ал мыйзамдардын көпчүлүгүн биринчи окууда кабыл алды.

Алар негизинен “Бажылык жөнгө салуу жөнүндө”, “Бажы тарифи жөнүндө”, “Ветеринария жөнүндө”, “Техникалык жөнгө салуу жөнүндө”, ”Лицензиялык - уруксат берүү системасы жөнүндөгү” мыйзам долбоорлору. Булардан сырткары, “Салык кодексине”, “Административдик кодекске”, “Кылмыш кодексине” жана башка мыйзамдарга өзгөртүү жана кошумчалар киргизүү сунушталган.

Адистердин баамында, бул мыйзамдардын ичинен “Бажы тарифи жөнүндөгү” жана “Техникалык жөнгө салуу жөнүндөгү” мыйзамдардын мааниси жогору.

Бажы биримдигине кирүү менен Кыргызстандагы ири базарлардын иши солгундары айтылып келет. "Дордой" базары.
Бажы биримдигине кирүү менен Кыргызстандагы ири базарлардын иши солгундары айтылып келет. "Дордой" базары.

Маселен, “Бажы тарифи жөнүндөгү” мыйзамда тышкы сооданын өзөгүн түзгөн бажы төлөмдөрүнүн өлчөмүн аныктоо каралган. Бирок жаңы кабыл алынып жаткан мыйзамга ылайык, ал төлөмдөрдүн өлчөмүн кыргыз өкмөтү эмес, мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөндөй, Евразия экономикалык комиссиясы аныктайт.

Кыргызстандын Бажы кызматынын башчысы Адамкул Жунусов аны тастыктады:

- Бажы биримдигине кирүү менен биз анын мыйзамдары менен жашообуз керек. Анткени бирдиктүү, бирдей мыйзам болушу зарыл. Ошол коюлган мыйзам, тарифтер менен төлөмдөр төлөнүшү керек.

Жунусов, кыргызстандык ишкерлер өздөрү Бажы биримдигинин мыйзамдары менен иштөөгө кызыкдар болуп жатканын кошумчалады.

Бирок мына ушул жерде Кыргызстан эгемендүүлүгүн жоготот, Бажы биримдигинде добуштары абдан көп Орусия, Беларус жана Казакстан, өзгөчө Орусия өзүнүн ыңгайына жараша бажы төлөмдөрүнүн өлчөмүн аныктап, анда Кыргызстан өз кызыкчылыктарын коргой албай калат деген чочулоо бар. Ал чочулоо бажы төлөмдөрүнүн өлчөмүн аныктоону Евразия экономикалык комиссиясына берүү менен негизделип турат.

Баалар кандай болот?

Кыргызстандыктарды түйшүккө жана түкшүмөлгө салган дагы бир жагдай - республика биримдикке киргенден кийин азык-түлүк, кийим-кече жана дары-дармектер канчага кымбаттайт деген суроолор.

Бул суроолорго кыргыз чиновниктери азырынча алгылыктуу жооп бере албай келет. Анын бир нече себеби бар. Биринчиден, товарлардын түрлөрү он миңдеп саналгандыктан, алардын ар бири канчага кымбаттарын айтуу кыйын. Экинчиден, кыргыз чиновниктери Бажы биримдигинде алда качан аныкталган бажы тарифтери менен дурус тааныш эместей. Үчүнчүдөн, сүйлөшүүлөр аягына чыга элек.

Премьер-министрдин Бажы биримдиги боюнча кеңешчиси Олег Панкратов товарлардын көп түрлөрү боюнча сүйлөшүүлөр дагы эле уланып жатканын айтууда:

- Тышкы соодада оң миңге жакын товарлардын түрлөрү менен соода жүрөт. Биздин мамлекет менен Бажы биримдигинин ортосунда 4.5 миңдей товарга бажы төлөмү боюнча айырмачылык болгон. Алардын көпчүлүгү боюнча негизинен төлөмдөр макулдашылды, бирок Кыргызстан өткөөл мезгилде бажы төлөмүн өзү аныктай турган товарлар боюнча талкуу жүрүүдө.

Кыргызстандыктар автоунааларга баанын көтөрүлүшүн жон териси менен сезе баштады.
Кыргызстандыктар автоунааларга баанын көтөрүлүшүн жон териси менен сезе баштады.

Бажы биримдигине кирүү менен баалар көтөрүлөрүн кыргызстандыктар автоунааларга баанын көтөрүлүшүнөн сезе да, көрө да баштады.

Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелерине ылайык Кытай, Түркия, Европа жана башка дүйнө мамлекеттери менен эркин соода жүргүзүп келет. Бажы биримдигине кирүү менен ага кайсы бир деңгээлде чек коюлат. Чекти коюу үчүн мамлекеттин колуна “Бажы тарифи жөнүндөгү” мыйзам бир топ ыйгарым-укуктарды берет. Маселен, Бажы биримдиги өз аймагына кирген импорттон негизги бажы төлөмүнөн сырткары сезондук жана өзгөчө алымдарды алууну караштырган. Өзгөчө алымдар атайын, антидемпингдик жана компенсациялык деп үч түрдөн турат. Булар менен мамлекеттин колуна ички базарды коргоо үчүн кубаттуу курал берилет.

Тышкы соодадагы чектөөлөрдү Бажы биримдигинин ичиндеги бажы тосмолорусуз эркин соода толтурат деген сөздөр бар. 170 млн. калкы бар базарда эркин соода кылуу кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп айтылып келет. Бирок айрым маанилүү товарлар боюнча эркин соода Бажы биримдигинин алкагында болбойт. Маселен, чийки мунайзатты Орусия бажы төлөмсүз Бажы биримдигинин башка мүчөлөрүнө сатпайт. Москва өзүнүн кызыкчылыгын бул багытта бекем коргогон.

Олег Панкратовдун айтымында, мындай жагдай 2025-жылга чейин созулат:

- Бажы биримдигинде, ага кирген мамлекеттерде максат бар, Бажы биримдигинин эрежелерине ылайык кайсы бир товарды алып салбай, толук эркин соода кылууга 2025-жылы жетишилет деген. Азыркы кезде бир катар товарлардын түрү Бажы биримдигинин эрежеси менен тескелбейт. Анын ичинде чийки мунайзат.

Кыргызстан үчүн чийки мунайзатын Орусиядан бажы төлөмүсүз алуу азыркы кезде өтө пайдалуу болуп турат. Өзгөчө Кара-Балтада жана Токмокто күйүүчү май заводдору курулгандан кийин Жалал-Абаддагы мунай заводу да чийки мунайдын жетишпегенинен толук кандуу иштей албай келатканы маалым.

Биримдиктеги тобокелчиликтер жана коррупциялык жагдайлар

"Бажы тарифи жөнүндөгү" мыйзамдын 8-беренсинде тарифтик жеңилдиктер жана тарифтик квоталар каралган. Бул берене мамлекеттик кызматкерге кимге жеңилдик жана квота берүүнү чечүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мындай жагдай коррупцияны күчөтүүсү менен опурталдуу.

Адистер Бажы биримдигине кирүү менен миграция агымы күчөшү ыктымалдыгын айтышууда.
Адистер Бажы биримдигине кирүү менен миграция агымы күчөшү ыктымалдыгын айтышууда.

Бажы биримдиги кыргызстандык өндүрүшчүлөрдү кыйынчылыкка кириптер кылышы мүмкүн. Анткени Бажы биримдигиндеги өнөр жайы өнүккөн Орусия, Беларус жана Казакстандын товарлары Кыргызстанга эркин агылып, жергиликтүү товар өндүрүүчүлөр үчүн атаандаштык күчөйт. Финансы, материалдык жана технологиялык жактан алсыз болгон кыргызстандык өндүрүшчүлөр бул шартта артыкчылыкка ээ эмес. Бир гана арзан жумушчу күчүн эсепке албаганда.

Мамлекеттин ролу күчөтүлөт

Бажы биримдигине кирүү менен Кыргызстан өз аймагында өндүрүлгөн товарлары жана продукцияларына мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүүгө тийиш. Бул Жогорку Кеңеш кабыл алып жаткан “Техникалык жөнгө салуу” боюнча мыйзамда так көрсөтүлгөн. Бул мыйзамда Бажы биримдигинин техникалык регламенттери Бажы биримдигинин, демек Кыргызстандын аймагында түздөн-түз күчкө ээ болот деп белгиленген. Аларды аткаруу жана көзөмөлдөө үчүн мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү так кесе көрсөтүлгөн. Бул эми ирденип келаткан кыргызстандык айрым ишкерлер үчүн оор келиши мүмкүн. Анткени буга чейин эркинирээк жагдайда кийим-кече тигип же азык-түлүк өндүрүп келген болсо, эми Бажы биримдигинин техникалык регламенттерине жараша продукциясын өндүрүүгө тийиш. Бул бир жагынан товарлардын сапатын, коопсуздугун көтөрүүгө кызмат кылса, экинчи жагынан ашыкча бюрократияны пайда кылышы менен зыяндуу.

Кыргызстан Бажы биримдигине кирүү менен “Ветеринария жөнүндө” жана “Лицензия-уруксат системасы боюнча” мыйзамдарды кабыл алууга тийиш. Бул мыйзамдардын дагы өзүнүн күңгөй жана тескейи бар. Алар жана башка мыйзамдар жөнүндө өзүнчө кеп салабыз.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG