Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:31

Евробиримдик кыргыз шайлоосун колдойт


Шайлоо. Бишкек.
Шайлоо. Бишкек.

Европа Биримдиги Кыргызстандагы парламенттик шайлоону өткөрүүгө 10 миллион евро бөлө турган болду.

Евробиримдик Кыргызстандын шайлоо системасын өркүндөтүүгө андан ары да өз салымын аябайт. Бул тууралуу Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы, элчи Чезаре Де Монтис маалымат жыйынында билдирди. Элчи мырза Евробиримдик Кыргызстан Орусия башында турган Евразиялык биримдикке киргенден кийин деле аны менен кызматташуусун токтотпой турганын белгиледи.

Негизги шарт - шайлоонун тазалыгы

Элчи Чезаре Де Монтис Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине мүчөлүгү анын Евробиримдик менен кызматташтыгына таасирин тийгизбейт деп билдирди. Чезаре мына ошондуктан Кыргызстан менен Евробиримдиктин экономикалык кызматташтыгы менен катар эле саясий диалог өнүгөрүнө ишене турганын айтты. Евробиримдик Кыргызстандагы шайлоолордун эркин жана акыйкат өтүүсүнө кызыкдар экенин айткан элчи мырза бул багытта өлкөгө каржылык колдоо көрсөтүү жагы чечилгенин белгиледи.

Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Чезаре Де Монтис шайлоону өткөрүүгө колдоо көрсөтүүнүн маанисине токтолду:

- Бийлик эркин жана чынчыл шайлоо өткөрүүгө кепилдик берүүгө тийиш. Атаандаштык үчүн бардык талапкерлерге тең мүмкүнчүлүк түзүлүп, шайлоочулардын тизмеси такталышы кажет. Биз парламенттик шайлоону гана эмес, 2017 - жылы өтө турган президенттик шайлоону өткөрүүгө да колдоо көрсөтүүгө ниетибиз бар. Биз шайлоо өткөрүү боюнча сунуштарыбызды бердик. Ал сунуштарды кыргыз бийлиги так пайдаланат деген үмүттөбүз. Менимче, бул Евробиримдиктин Кыргызстанга жасаган укмуштай салымы болот.

Шайлоо эрежелерин бекитүү кечигүүдө

Бирок Кыргызстандын шайлоо системасын өркүндөтүү долбоору Евробиримдиктин кароосуна бериле элек. Иштелип чыгып жаткан ал долбоор автоматташтырылган шайлоо системасын өркүндөтүүнү ичине камтыйт. Добуштарды саноочу электрондук урналарды алып, шайлоочулардын тизмесин тактоочу маалымат базасын түзүүгө каражат сарпталат. Мына ушуга каражат издеген кыргыз өкмөтү Евробиримдиктен жардам сураган. Бирок алдыдагы шайлоо кандай тартипте өтөрү аныктала элек. Анткени Жогорку Кеңеш шайлоо тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү кабыл ала элек. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Гүлнара Журабаева ошондуктан ишти илгерилетүү жагы кечеңдеп жатканын айтты:

- Шайлоо өткөрүү үчүн жаңы жабдууларды колдонобуз деп жатпайбызбы. Анан шайлоочулардын тизмесин жаңылоо жана ага карата биометриканы колдонуу боюнча чечим чыккан. Бирок шайлоону мына ошол жаңы тартипте уюштуруу үчүн мыйзамга өзгөрүү кириши кажет. Ушул күнгө чейин мыйзам кабыл алына элек. Шайлоочулардын тизмеси 2004-жылдан бери жаңылана элек. Иш аябай көп. Аны биз эми мурунураак баштасак болмок.

Мыйзамдагы талаш-тартыштар

Жогорку Кеңеште шайлоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү долбоору өткөн жылдын күзүнөн бери талкууда. Башында шайлоо эрежелерин өзгөртүүгө багытталган үч түрдүү мыйзам долбоору иштелип чыгып, кийин депутаттар макулдашылган вариантты иштеп чыгууга токтолгон. Жогорку Кеңештин “Республика” фракциясынан депутат Абдыжапар Бекматов мыйзамды кабыл алуунун кечеңдеген себебин мындайча түшүндүрдү:

- Бул мыйзамды талкуулоо учурунда айрым бир укуктук ченемдер боюнча талаш-тартыштар жүрүп жатат. Ал негизинен шайлоо күрөөсү, талапкерлердин партиялык тизмесинин шайлоодон кийин өзгөртүүгө уруксат берүү же бербөө сыяктуу маселелер. Ошондой эле шайлоочу кайсы документи менен добуш бериши керек деген дагы талаш бар. Мына ушул маселелер боюнча орток пикирге келгенден кийин мыйзам кабыл алынат.

Жакында Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Европага расмий иш сапары күтүлүүдө. Анда мамлекет башчысынын Австрия, Швейцария, Бельгия, Франция жана Германия расмийлери менен жогорку деңгээлдеги жолугушуулары дайындалган. Анын алкагында Атамбаев Кыргызстандагы демократиялык жараяндарды колдоо жана саясий диалогду күчөтүү жаатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөкчү.

XS
SM
MD
LG