Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:53

Өзгөргөндөй өңдөнгөн өкмөт...


Премьер-министр Жоомарт Оторбаев баштаган өкмөт мүчөлөрү парламентте, 2-апрель, 2014.
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев баштаган өкмөт мүчөлөрү парламентте, 2-апрель, 2014.

Эки министр кызматтан кетип, алардын ордуна жаңы адамдар дайындала баштады. Коомчулукта көп сынга кабылган министрлердин кызматтан алынышы жалпы өкмөттүн абалын жакшырта алабы?

Шейшемби күнү президент Алмазбек Атамбаев ички иштер министриАбдылда Суранчиев менен маданият жана маалымат министри Камила Талиеванын кызматтан бошотуу тууралуу арызын кабыл алды.

"Бутага алынган" министрлер

Андан кийин өкмөт башчынын сунушу жана президенттин жардыгы менен ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп Бишкек шаар милициясынын башчысы Мелис Турганбаев дайындалды. Эми аны Жогорку Кеңеш бекитүүгө тийиш.

Ишки иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Мелис Турганбаев
Ишки иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Мелис Турганбаев

​Бул министрлерден сырткары саламаттык сактоо министри Динара Сагымбаева, билим берүү жана илим министри Канат Садыков, эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкуловдун дарегине көп сын айтылып келатат. Албетте, энергетика тармагында түзүлүп жаткан кризистик жагдайга байланыштуу энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев да бутада турат. Бирок бийлик башындагылар энергетика тармагында кризистик жагдай бир нече жылдан бери топтолуп, эми “жарыла” баштаганын айтып, Артыкбаевди “актап” коюшууда.

Камила Талиева
Камила Талиева

Дагы белгилеп кете турган жагдай кызматтан алынган же алынышы айтылып жаткан министрлер негизинен КСДПнын квотасындагы министрлер. Камила Талиева “Ар-намыс” фракциясынан депутат болгонуна карабай, ал иш жүзүндө президенттин адамына айланганы маалым.

КСДПнын бул кадрдык алмашууларын парламенттик шайлоо алдында өкмөткө күчтүүрөөк кадрларды алып келүү максаты менен түшүндүрүлөт. Алар үчүн азырынча жалпы өкмөттү алмаштыруу максатка ылайыктуу эместей. Анткени, биринчиден алты ай сайын өкмөттү алмаштыруу абийир алып келбеси белгилүү. Экинчиден, Жоомарт Оторбаевдин өкмөтүнүн канчалык начар иштешинин зыяны КСДПга караганда “Ата Мекенге” көбүрөөк тиет. Үчүнчүдөн, эгерде энергетикалык кризис катаал болуп, калктын олуттуу нааразылыгын пайда кылса, мына ошондо жалпы өкмөттү “садага” чабууга мезгил келет.

Кептин баары каражаттабы?

Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясынын мүчөсү Абдыжапар Бегматов өкмөттү саясий максатта толук кетирүү өнөкөтүн калтырып, иштей албаган министрлерди бирден кетирүү максатка ылайыктуу дейт:

-Ушундай кадамдар өнөктүк болуп жүрбөй, иштей албаганына дароо чара көрүлүш керек. Бир коалициянын бузулуп кетишин же башка бир парламенттик шайлоо болушун күтпөй, өкмөттү тирүү организм катары карап, ар бир органдын ишин көзөмөлдөп турушубуз керек. Иштебеген органды дарылашыбыз керек, же алып салышыбыз керек дегендей...

КСДП фракциясынын мүчөсү Дамира Ниязалиева өкмөт мүчөлөрүн кызматтан алууда алар менен эч ким кеңешпегинин, ал эми жалпы өкмөттүн иши каражаттын жоктугунан натыйжасыз болуп жатат деген пикирин билдирди:

Дамира Ниязалиева
Дамира Ниязалиева

- Эми аракет кылып атышат. Бирок бардык нерсе каражатка байланыштуу. Акча каражаты жок болгондуктан алардын ишинин жыйынтыктары билинбей жатат. Акча каражаты болсо башкача болмок. Жок болгондуктан жыйынтыгы көрүнбөй жатат.

Парламенттин мурунку мүчөсү Бегалы Наргозуев өкмөттөгү бир-эки министрди алмаштыруу маселени чечпейт дейт. Ошол эле учурда ал жалпы өкмөттү кетирбөөнүн себебин мындайча түшүндүрдү:

Бегалы Наргозуев
Бегалы Наргозуев

- Бир нече министрлерди алмаштырып, Оторбаевди калтырып, анча-мынча кадрдык алмаштыруулар менен элди алдамай, кийинки жылкы шайлоого даярдык деп эсептеймин. Бирок бул экономикада натыйжа бербейт. Азыр Бажы биримдигине кирүү, Кумтөр маселесин, энергетикалык кризистин, кышкы оорчулуктун соккуларынан КСДПнын келечектеги өкмөтүн сактап калуу, Оторбаевди, “Ата Мекенди” салып берүү айласы деп ойлоймун.

Бегалы Наргозуевдин пикиринде, ошондуктан жалпы өкмөттү алмаштыруу кийинчерээк болот. Ал өкмөткө Оштогу мэрди алмаштырууда эмгек сиңирген, келечектеги парламенттик шайлоону да бийлик каалагандай өткөрүп берет делген биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин талапкерлиги даярдалып жатканы тууралуу кептер бар.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG