Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:07

Султанов: Видео үчүн элден кечирим сурайм


Акылбек Султанов
Акылбек Султанов

24-августта Жогорку Кеңеш депутаты, учурда КСДПнын тизмесинде 38-болуп шайлоого бараткан Акылбек Султанов менен Жол кайгуул кызматынын өкүлүнүн ортосундагы чатак интернетке чыкты.

Анда депутат жол кайгуулчуну демитип, бир нече ирет уят сөз менен сөккөнү тартылган. Видео интернетте кызуу талкууланууда. Аталган видео тасма боюнча депутат "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

"Азаттык": Чырдуу видеодогу уят сөздөр менен сөгүнгөн киши сизби? Андай болсо эмнеликтен ошондой жорукка бардыңыз?

Султанов: Ооба, бул 2014-жылы апрелде болгон. Өзгөн шаарындагы базардын кире беришинде машине токтотуучу жай бар. Ошол жерге машинемди токтотуп, базарга кирип кетип атсак, артымдан бир сержант чуркап келип, документ сурады. Мен "документти биринчи өзүң көрсөт" десем көрсөткөн жок. "Анда мен дагы көрсөтпөйм" десем "мен жетекчисимин" деп бир майор келди. Анан мен "сержантты тартипке чакырыңыз, өзүм депутатмын" деп күбөлүгүмдү көрсөттүм. Анан эле фуражкасы жок, көкүрөгү ачылган бирөө келип, "депутат болсоң эмне болуптур, камагыла" дегенде үч сержант келип, колумду кайрып киришти. Ошондо ачууланып, жанагы сөз оозуман чыгып кетти. Эми анча-мынча кызуулукта ушундай сөздөр болот экен да.

"Азаттык":​ Жогорку бийлик тепкичинде отурган, карапайым элге үлгү болчу адам катары бирөөнү уят сөз менен ашата сөгүү нормалдуу деп ойлойсузбу?

Султанов: Албетте, нормалдуу көрүнүш эмес. Бирок, мен жакшына сүйлөсөм, депутатмын десем болбой алар колумду кайрыбашы керек да. Эми ачуу келгенде андай сөздөр айтылып кетет экен да. Бирок, ошол эле күнү МАИчилер менден кечирим сурашкан. Анан эми ал жерде видео боюнча сөз болгон эмес.

"Азаттык":​ Видеону азыр коомчулук кызуу талкуулоодо. А сиз бийликтеги партиянын талапкери катары шайлоого баратасыз. Бул жаңылык ошол партияны уят кылды деп ойлойсузбу?

Султанов: Уят кылды деп ойлойм деп айта албайм. Бул видео ошондо эле чыккан да. Эки күндөн кийин.

"Азаттык":​ Анда аны жаптырып койгонсузбу? Биз көргөн эмеспиз убагында.

Султанов: Жок, кудум ушул видео интернетке, сайттарга чыккан. Анан кечирим сурап алып, кайра видеону чыгаргандан кийин мен сессияда да айткам, вице-премьер-министр Маматалиевге да кат жазгам. А кездеги МАИ жетекчиси Исаевге да чалгам.

"Азаттык":​ Бирок, сөгүнгөн сиз болуп атпайсызбы. Бул үчүн эч кандай жоопкерчилик тартпайм деп ойлойсузбу?

Султанов: Эми кызуучулукта ушундай сөз чыкты. Мен элден кечирим сурайм.

"Азаттык":​ А МАИчилерденчи?

Султанов: Жок, мындай да. Алар мага атайы кутум жасап атышпайбы. Ошол жагдайга жеткизип атпайбы. МАИден кечирим сурасам бардык күнөө мага оодарылып калгандай болот да. Алардан кечирим сурап коюш деле эч нерсе эмес. Бирок, менде да имидж бар да. Колумду кайрып атышпайбы.

"Азаттык":​ Кандай болгон күндө да коомчулук сизди катуу сындап атат. Мындан улам партияны уят кылбай талапкерликтен баш тартышыңыз мүмкүнбү?

Султанов: Жанагы сүйлөгөн сөзүм үчүн жалпы кечирим сурашым мүмкүн. Анан эч нерсе болбой туруп эле баш тарткан кандай, билбейм эми, баш тартканда беш жылдык иштеген мээнетим, аброюм талаага кетиши керекпи?

"Азаттык":​ Интернетте күбө болгонбуз дегендер "бул киши мурда айрым айым депутаттарды да сөккөн учурлар болгон" деп жазып жатышат.

Султанов: Жок, ал жалган сөз. Фракция ортосунда анча-мынча талаш-тартыштар болот. Эми аны деле сыртка чыгара берген туура эмес да. ​

"Азаттык":​ Маегиңизге рахмат!

Акылбек Султанов бийликтеги Социал-демократтар фракциясынан парламент депутаты. Мурдараак Жогорку Кеңештин жыйындар залында "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Жоомарт Сапарбаев менен кайым айтыша кетип, кесиптешин суу куюлган желим бөтөлкө менен урганы да талкуу жараткан. Ал парламентке Ош шаарындагы бай деп эсептелген адамдардын бири Жалил Атамбаевдин жардамы менен келгендиги айтылып келет. Султанов өзү муну четке каккан.

XS
SM
MD
LG