Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:42

Парламент өкмөттү да, спикерди да шайлады


Жогорку Кеңеш. 4-ноябрь, 2015-жыл
Жогорку Кеңеш. 4-ноябрь, 2015-жыл

Спикерликке мурда айтылгандай эле КСДП фракциясынан депутат Асылбек Жээнбеков шайланды. 5-ноябрда парламент премьер-министр менен өкмөт курамын бекитти.

4-ноябрда Буга чейинки парламентте да төрт жыл төрага болгон Жээнбековго суроо берүүгө ондон ашык депутат катталып, айрымдары каалоо-тилек айтуу менен гана чектелди. Андан тышкары бүйүрдү кызыткан да суроолор узатылды.

Жакупова өткөндү эске салды

“Бир Бол” фракциясынан депутат Чолпон Жакупова өткөн чакырылыштагы парламент сот реформасын ишке ашыра албаганын белгилеп, Асылбек Жээнбековдон мындай жооп алды:

- Болору болду, боёсу канды. Жакшы болсун дедик эле, азыр кандай болсо ошондой болуп калды. Ал реформаны Жогорку Кеңеш жүргүздү. Мыйзамдарды биз кабыл алганбыз. Жоопкерчиликтен качпайбыз. Жеке мен реформанын кээ бир негиздерине каршы болчум. Менимче, Сотторду тандоо кеңешин тандоо жолдорун өзгөртүү керек. Жаңы чакырылыш бул маселени дагы карайбыз.

Мындан тышкары Жээнбеков депутаттардын креслолору эскирип, айрымдары беш-алты жолудан сынып-оңдолгонун, келерки жылы баары бир алмаштырыларын кошумчалады. Ал бирок мурда айтылгандай жумшак-айланма, жыгач кошулган деген талаптары жок, жөнөкөй эле креслолор болорун убада кылды.

Депутаттарга берилген артыкчылыктар боюнча "Бир Болдун" дагы бир депутаты Мыктыбек Абдылдаевдин суроосуна жооп берип жатып, үй-машинени артыкчылык катары көрбөсүн, бирок парламент бул артыкчылыктарды мыйзам менен жоюш-жойбошун өзү чечерин белгиледи.

Мындан тышкары кийинүү маселеси да коюлуп, айрым журналисттер жинсы шым кийип келгени үчүн гана Ак үйгө киргизилбей жатканы айтылып, бул маселе каралмай болду. Ошентип жашыруун добуш берилип, катталган 118 депутаттын 114ү макул, төртөө каршы добуш беришти.

Оппозициянын үнү жана сунушу

Түштөн кийин премьер-министрдин милдетин аткаруучу Темир Сариев командасы менен парламентке келип, анын талапкерлиги сунушталды.

Оппозиция премьерге талапкердин программасын кеч алганын, анда чыгашаны азайтуу маселеси каралбаганын айтып, өкмөт курамын, планын кенен талкуулоону сунуштады. “Республика Ата-Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановдун жүйөсү мындай:

- Өкмөттүн талапкерлери сунуштаган структураны карасак эч нерсе кыскарбаптыр. Бир вице-премьерлик гана жоюлду. Агенттик, башкалар кошулду. Реалдуу түрдү оптимилдаштыруу болгон жок. Ошондуктан төрага, коалициядан суранып кетет элек, келгиле, жакшылап талкуулап, өкмөттүн оптималдуу түзүмүн алып чыгалы. Бул маселени эмкиде карайлы.

Бабановдон башка оппозициядагы депутаттар да кудум ушундай пикир билдиришти. Анткен менен өкмөт программасы коалициялык көпчүлүктөгү фракцияларда талкууланганы айтылып, оппозиция менен премьерликке талапкердин кенен талкууга отурушуна убакыт берилген жок. Буга оппозиция деле көп каршылык көрсөтпөдү.

Андан кийин сөз алган Сариев 11 багыттан турган программасы менен тааныштырды. Анда негизинен экономикага көңүл бурулуп, стабилдүүлүктүн натыйжасында турмушту жакшыртуу планы айтылды. Тууганчыл-таанышчыл эмес, тартиптүү өкмөт болууга убада берди.

Сариевдин сап-сап убадалары

КСДПчы депутат Акылбек Султанов өкмөт чыгымдарды канчалык азайтарына кызыкты. Талапкер Сариев өкмөттүк аппаратты мындан ары кыскартуу дээрлик мүмкүн эместигине токтолду:

- Аппаратта мурда 300дөн ашык киши иштечү экен. Азыр 186 адам бар. Биз дагы карап чыгабыз. Бирок мындан ары кыскартуу сапатка терс таасир тийгизет. Мындан тышкары 16 машине бар экен. Биз аларды жоюп, үч гана нөөмөтчү машине калтырабыз. Калгандарына транспорттук кенемте төлөп беребиз.

Ошондой эле Сариев Өнүгүү боюнча улуттук стратегияны ишке ашырыш үчүн 11,5 млрд. сом керектигин, өкмөт анын 4 миллиарддан ашыгын тапканын, калганын карызга аларын белгиледи. Карыз алынчу акча инфраструктурага салынып, жолдор, суу каналдары курулары, таза суу долбоорлору ишке ашырылары, андан тышкары Ошко жаңы аэропорт салынары айтылды.

Ошондой эле эмдиги жылы Баткенде жана Жети-Өгүздө Кыргызстан боюнча эки ири логистикалык борбор куруларын жарыялады.

- Ал 15-20-30 миң тонналык чоң борбор. Ошонун ичинде кайра иштетүүчү ишканалары, сактоочу жайлары, темир жолу келе турган болот. Сөзсүз түрдө жергиликтүү дыйкандар менен байланышып, аларга кайсы убакта эмне себиш керек дегенди программалык негизде түшүндүрүп, иш алып барат.

Мындан тышкары жумуш орундары төмөнкүлөрдүн эсебинен көбөйтүлөрү убадаланууда:

- Мисалы, Жерүй ачылса миң киши, аларды тейлөө үчүн төрт миңдей киши иштейт. Кара-Кечеге темир жол салууга тендер өткөрөлү деп атабыз жакында. Ал өтүп кетсе он миңге жакын жумушчу орун түзүлөт. Камбар-Ата-2 ГЭСин өз акчабыз менен баштадык. Эмдиги жылы кредит келсе улантып кетебиз. Ар бир акимдин алдына ондон ишкана ачкыла деп милдет коюп атабыз. 44 райондуку бириксе 440 ишкана болот.

Ушулардын бардыгы стабилдүүлүк болуп турса ишке ашарына Сариев ишендирүүдө. Ал бул жолку коалиция солк этпей тургандай куралганын белгилеп, алар беш жылга өкмөттү да алмаштырбай турганын ишара кылды.

Өкмөттүн курамы алдын ала маалымдалгандай эле сунушталды. Бир вице-премерлик кыскартылып, калган үчөөнү жаңы кишилер сунушталууда. Биринчи вице-премьер-министрликке КСДПчы Аалы Карашев, социалдык багытка Президенттик аппараттын бөлүм башчысы Гүлмира Кудайбердиева, ал эми экономикалык блокко Олег Панкратов, анын ордуна Экономика министрлигине “Кыргызстан” фракциясынан Арзыбек Кожошев сунушталууда. Айыл чарба министрлигине Турдуназир Бекбоев каралып жатат. Калган министрлер өз ордуларында.

Өкмөт башчыны жана анын курамы 5-ноябрда бекитилди.

XS
SM
MD
LG