Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:28

“Республика Ата-Журт”: ураандар жана максаттар


"Ата Журт" жана "Республика" партияларынын биргелешкен курултайы. 20-октябрь, 2014-жыл
"Ата Журт" жана "Республика" партияларынын биргелешкен курултайы. 20-октябрь, 2014-жыл

Кыргызстанда “Республика” жана “Ата Журт” партиялары биригип, “Республика Ата Журт” партиясын түздү.

Жаңы саясий партия 20-октябрда Бишкекте курултайга чогулуп, конституциялык реформа жасоону, өлкөнү энергетикалык каатчылыктан чыгарууну убада кылды. Партия лидерлери Өмүрбек Бабанов менен Камчыбек Ташиев экөө тең өз сөзүндө өкмөттү, парламентти сынга алганы менен президент Алмазбек Атамбаевди мактап өтүштү.

Эки партиянын тең лидери бул биригүүнү саясатчылардын эмес, саясий күчтөрдүн кошулуусу деп атады. Өмүрбек Бабанов өз сөзүндө президент Алмазбек Атамбаевди бир канча ирээт мактап өттү:

- Бүгүн өлкөдө жоопкерсиздик өкүм сүрүүдө. Экономикалык кризиске ким жооп берет? Өкмөттүн тез-тез алмашуусуна ким жооп берет? Өкмөттүн жөндөмсүздүгүнө ким жооп берет? Бир арабаны ар ким ар жакка тарткандай көрүнүш болуп турат. Азыркы энергетикалык кризис боюнча бир депутат, бир фракция кечирим сурадыбы? Парламент жок дегенде өкмөттүн ишине киришпесе, бул чоң жардам болмок. Экинчиден өкмөт да маселелерди чече албай жатат. Энергетикалык каатчылык, газдын жоктугу, көмүр маселеси, Каржы министрлигиндеги коррупция. Өкмөт ыкчам реформаларды жүргүзө албай жатат. Бүгүн президент эле аракет кылып иштеп жатат.

Бабанов мындан улам башкы максат башкаруу системасын алмаштыруу болоорун, ал үчүн конституциялык реформа керектигин белгиледи:

- Эң негизги принцип – ким чечим кабыл алса ошол жооп бериши керек. Азыр мурдагы “үй-бүлөнүн” ордуна парламент пайда болду. Министрлер, мамлекеттик мекемелердин жетекчилери партияга карап шайланып жатат. Бирок алар иштей албаса, эч нерсеге жооп бербейт. Кимдир бирөөлөр бизге “өздөрү бийликте турганда, өздөрү деле ушундай кылышкан” деп айтышы мүмкүн. Туура, биз аны моюнга алабыз. Бирок кыргызда “эч болбосо кеч болсун” деген сөз бар. Бизде өзгөрө турган мезгил келди. Бүгүнкү системанын келечеги жок. Ал талаш-тартышка алып келет. Биз өнүккөн мамлекетке айланабыз десек, сөзсүз конституциялык реформага барышыбыз керек.

Эки саясатчы бири-биринен кескин айырмаланары сүйлөгөн сөзүнөн деле билинип турду. Камчыбек Ташиев болсо бийлик менен оппозициянын мамилесине токтолду. Бийликти оппозициянын радикалдашуусуна алып барбашы керек деп эскертти. Андан сырткары, Бабановдун конституциялык реформа туурал демилгесин колдоду:

- Кокту-колотко бөлүнгөндү токтотуп “Республика” менен “Ата Журт” сыяктуу биригүүдөн качпашыбыз керек. Азыркы кырдаал көрсөткөндөй, парламенттик башкарууга шашылыш умтулуп, анын касиетин толук колдоно албай, мындан улам бул эксперимент өтөөсүнө чыкпай калды. Ушул жактан алып караганда конституциялык реформа тууралуу сунуштардын жөнү бар. Конституциялык реформа аркылуу кайсы башкаруу системасы менен кетерибизди белгилеп алышыбыз керек. Конституциялык реформа кайсы бир бийлик бутагын ыйгарым укуктарын кеңейтүү үчүн эмес, өлкөнү баш аламандыкка кептеген Башмыйзамдын беренелерин оңдоого багытталууга тийиш. Бүгүнкү күндө президентибиз туура, керектүү, өтө зарыл маселелерди, идеяларды сунуштап жатат. Бирок ошол идея-сунуштар турмушка ашпай жатат.

"Ата-Журт" менен "Республика" бирикти
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:58 0:00

Камчыбек Ташиев мурунку парламенттик шайлоодо партиялык тизме түзүүдө катачылык кеткенин, мындан улам кокусунан партияга өз кызыкчылыгын ойлогон адамдар кошулуп калганын мойнуна алды. Анын баамында, парламенттеги эки партиянын биригиши саясий майданда бир топ кепти, каршылыкты жаратышы ыктымал:

- Биздин биригүүбүздү көп саясатчылар сүйбөйт. Мамлекетти бөлүп-жарып башкарууну каалагандар биригүүнү каалашпайт. Биз, Өмүрбек Токтогулович экөөбүз жүрөгүбүздү аңтарып отуруп, мамлекетибизди бириктирип, чогуу ынтымакта башкарабыз деген максатка багыт алдык. Ошондуктан ар кандай сөздөр айтылышы мүмкүн.

Эки лидердин тең президент Алмазбек Атамбаевди мактап өтүшү айрым делегеттардын “бул биригүү президенттин саясий долбоору, ал өзүнө ылайыктуу, кол баладай болгон оппозициялык күч камдап жатат” деген сөздөрдүн негизи барбы деген суроолорун жаратты. Эмки парламенттик шайлоодо жаңы адамдардын келишин талап кылгандар чыкты. Ошондой эле курултайда эки лидерди тең айыптагандар болду:

- Бул парламенттин мөөнөтүнүн бүтүшүнө аз эле калды. Бир бычакка сап болчудай иш кылган жоксуңар. Мына 23 жылдан бери биздин чек аралабыз такталбай келатат. Мунун айынан чек арадагы канча элдин каны төгүлүп келет. Ошолордун көйгөйүн чечкен жоксуздар.

Курултайда “Республика Ата-Журт” партиясынын аты тууралуу түшүндүрмө берилди. “Республика” деген сөздүн биринчи болуп жазылышы чүчү кулак аркылуу аныкталганы маалым болду.

Курултайдын соңунда Өмүрбек Бабанов менен Камчыбек Ташиев журналисттерге маалымат жыйын өткөрдү. Бабанов үч ай бою бир топ саясий лидерлер менен жолугуп, биригүү идеясын сунуштап келгенин, ага азырынча Ташиев гана ынаганын тастыктады:

- Мен Камчыбек Кыдыршаевичке толук ишенем. Биз жөн эле “кочкор” эмеспиз, биз саясий лидерлербиз. Амбициябызды артка таштап, бириге, кошула албай жүргөн саясатчыларга үлгү бололу, кол кармашалы деп кайрылдым. Камчыбек Кыдыршаевич муну туура көрдү.

Жаңы “Республика Ата Журт” партиясынын жобосуна ылайык, Өмүрбек Бабанов менен Камчыбек Ташиев теңтөрагалык кылат. Ал эми Жогорку Кеңештеги фракциялары да мындан ары ымалашып-ыраатташып иш алып бармакчы. Бирок парламенттеги бул эки фракция тең өз ара бир нече топко бөлүнүп кеткени белгилүү.

XS
SM
MD
LG