Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:11

Сариев: Экономиканы ачык саясат сактап турат


Сариев: Экономиканы ачык саясат сактоодо
please wait

No media source currently available

0:00 0:18:48 0:00

Премьер-министр Темир Сариев "Азаттыкка" маек курууда.

"Азаттыктын" 2Х1 форматындагы маегинин кезектеги коногу - Кыргызстандын өкмөт башчысы Темир Сариев.

Премьер-министр "Азаттыктын" улуттук валютанын кунуна, Кумтөр маселесинин азыркы жагдайына, Жогорку Кеңеш менен кызматташтыктын оош-кыйыштарына байланышкан суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Биздин биринчи суроо валюта базарында азыркы түзүлгөн кырдаал тууралуу болмокчу. Улуттук валюта олку-солку болуп, калкты көбүрөөк тынчсыздандырып жатат. Сом качан турукташат?

Темир Сариев: Биз ачык атаандаштык мейкиндигинде жашайбыз. Евразия экономикалык биримдикке кирдик. Дүйнөлүк соода уюмуна мүчөбүз. Өзүбүзгө бир топ милдеттенмелерди алганбыз. Биз либералдуу, ачык экономикалык саясат жүргүзөбүз. Бул көп жылдан бери калыптанып калган. Чынын айтуу керек ушул нерсе бизди сактап келе жатат.

Улуттук валюта - сомдун курсу бизде эркин калыптанат. Биз аны күчтүү бойдон кармап турууга кубатыбыз да, экономикабыз да жетпейт. Мисалы, Казакстан былтыр девальвация болуп кеткенден кийин улуттук валютаны кармап турабыз деп, 29 миллиард долларын жоготту. Орусияда да ушундай болду. Бирок алар улуттук акчасын кармап кала алышкан жок. Улуттук валютаны кармаш үчүн экономиканын өзүнүн мыйзамдары бар. Ошого ылайыкташуу керек. Биздин экономика диверсификацияланган, бир жактуу эмес, 50% тейлөө, 18% айыл чарбасы, дагы 18-20% өндүрүш, 7% курулуш, анан 5% финансы сектору түзөт. Бизди ушул нерсе кармап келе жатат.

Эгерде биз азыр сомду туруктуу кармайбыз десек, анда биз Улуттук банктагы резервди күн сайын жоготуп турушубуз керек болот. Бирок биз туруктуу кармап калганда, товарларыбыз сыртка чыкканда кымбат болуп калат да, эч ким биздикин кабыл албайт. Ушуну туура түшүнүү керек. Ошон үчүн бизде эркин курс бар. Ал соода-сатык жана төлөм балансы менен кармалат.

Улуттук банк биздин даанышманыбыз. Биз бирдиктүү саясат жүргүзүп жатабыз. Кыска секириктер жок. Сомдун курсу рублга, теңгеге, анан дүйнөлүк экономикага байланыштуу эркин болот. Бирок бул көзөмөлдө болот.

“Азаттык”: Сиздин оппоненттериңиз азыркы жагдайда премьер-министр тезирээк антикризистик чараларды көрбөсө арты жакшы болбойт деп айтып атышат. Өкмөт антикризистик кандай чараларды көрүп атат?

Темир Сариев: Антикризистик программасы жок дегендер – өкмөттүн иши менен тааныш эместер. Андай программа бизде бар. Оперативдүү штаб түзүлгөн. Штабды мен башкарып атам. Байма-бай, шашылыш жыйындарды өткөрүп, тийиштүү чечимдерди кабыл алып жатабыз. Он айдын жыйынтыгы боюнча өсүш 4,8 пайыз түздү. Инфляциянын көлөмү- 1,5 пайыз. Киреше жагынан анча-мынча кыйынчылыктар бар. Бирок, ага карабай бюджеттик кирешелерди, салыктарды чогултуп, чыгашанын деңгээлин жогорулаталы деп жолдорго, билим, маданий жайларга көбүрөөк акча берип атабыз.

“Азаттык”: Өсүш бар деп атасыз. Кандай тобокелчиликтер бар анда? Алдыда кыш, жаз турат дегендей.

Темир Сариев: Өсүш бар, бирок, мүмкүнчүлүктөр чектелүү. Биз дүйнөлүк экономикалык саясатты жасаганга күчүбүз чектелүү, бирок, дүйнөлүк өзгөрүүлөрдү, чакырыктарды, тобокелчиликтерди эсепке алып, ылайыкташып иштешибиз керек.

Кыш боюнча Жогорку Кеңешке маалымат бергени турам. Даярдыгыбыз жакшы. Быйыл эртерээк жагалы деп, жылуулукту он күнгө эрте бердик. Мындай болгон эмес. Ар бир район, облустарда штабдар түзүлгөн. Бардык камылгалар бар. Ноябрдын башында 13 млрд. куб эле, азыр 12.5 млрд. куб. суубуз бар. Жазга чейин суу да, көмүрүбүз да жетет. Газ, мазут бар. Мектептерди жабдыдык. Табийгый, техногендик кырсыктардан сактасын. Кокус андай кырсык болуп кетсе, ага деле даярбыз. Кошуна мамлекеттердегидей маал-маалы менен өчүрүү болбойт. Элибизде жарык, жылуулук болот. Бирок, биз үнөмдүү жашашыбыз керек. Электр энергиясын үнөмдөшүбүз керек.

“Азаттык”: Кумтөр боюнча сиз өзүңүз мамлекеттик комиссиянын төрагасы болгонсуз. Ошол мамлекеттик комиссиянын сунуштарынын негизинде парламент чечим кабыл алып, өкмөткө тапшырган. Андан бери бул маселени эки өкмөт башчы чече албай, талаш бойдон калды. Ошол маселе дагы деле турат чечилбей. Бул маселени саясий эмес, экономикалык жагын карап чечүү керек деген сунуштар коомчулукта да, саясий чөйрөдө да айтылууда. Эми ушул маселени кантип чечесиз?

Темир Сариев: Биз Кумтөрдү саясатташтырбай эки нерсени карашыбыз керек: биринчиси – кенде иш бүгүнкү экологиялык талапка жооп бере тургандай жүрүшү керек. Экинчиси – элибиз Кумтөрдүн экономикалык пайдасын көрсүн. Мени өкмөт башчылыкка бекитип жатканда муну мен парламентте да айткам. Эгерде муну саясатташтырбай, экономикалык көз караш менен карай турган болсок, чечүү жолдору бар. Азыр мына жаңы Жогорку Кеңеш да келди.

Кумтөрдү биз бир гана учурда чече алабыз. Ушул ишке тиешеси бар бардык тараптар: президент, парламент, өкмөт, ошондой эле элибиз макулдашып, пайдалуу жагына токтосок, бул жөн эле чечилет.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG