Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:16

Апта: Газды соолуткан Сох...


Алайдагы тосулган жол.
Алайдагы тосулган жол.

Узап бараткан жумада Өзбекстан газ үчүн Сох анклавына коридор сураганы маалым болду. Алайда жол тоскондордун делегациясын парламент төрагасы жана өкмөт башчы кабыл алды.

"Эстен танган" кыргыз-өзбек мамилеси...

Түштүк регионго газ берүүнүн токтотулушу менен кыргыз-өзбек мамилесиндеги карама-каршылыктар ого бетер жалаңданып чыкты. Чек араны тактоодогу татаалчылыктар, энергетикалык жана коммуникациялык долбоорлордогу келишпестиктер, мамлекеттик ички жана тышкы саясаттагы түрдүү багыттар эки ортодогу мамилени “эс-учун жоготкон” абалга алып келгени байкалып калды. Анткени байланыштар үзүлүп, өзбек тарап кыргыз тараптын өтүнүч, кайрылууларына жооп бербей калды.

Чек араны тактоодо миңдеген гектар жерлер, суу сактагыч, анклавдардын тагдырларына байланыштуу маселелер турат. Газ берүүнү Сохко коридор ачуу менен байланыштыруу мына ошол татаал маселелердин бири. Бирок Сохту Өзбекстан үчүн өзгөчө бир стратегиялык мааниге ээ дегенге да болбойт. Анын үстүнө Өзбекстандын негизги аймагы менен анклавдын байланышына Кыргызстан өзгөчө бир тоскоолдук кылганы деле байкалбайт, айрым бир учурларды эске албаганда.

Ташкент стратегиялык кызыкчылыгына коркунучту башка жактан көрүп турат. Ал Кыргызстан турмушка ашырууну көздөгөн энергетикалык долбоорлордон, тагыраак айтканда, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунан көрүп турат. Белгилүү болгондой бул ГЭСтин курулушу менен Кыргызстан Токтогул суу сактагычын жылдын кайсы мезгилине карабай каалаган режимде иштетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Тагыраак айтканда, суу аз жылдары Камбар-Ата-1 ГЭСин иштетип, Токтогулга жыл бою суу топтогонго мүмкүнчүлүк алат. Жыл бою Токтогулда суу топтолсо, Өзбекстан суу жагынан эбегейсиз оорчулукка кабылат. Ошондуктан ал Камбар-Ата-1 курулушуна кескин каршы чыгып келатат.

Ташкенттин Орусия менен “кер-мур” айтышуусунун, Москва демилгелеп жаткан бажы, соода, экономикалык биримдик долбоорлорунан четтеп жатуусунун бир себеби ушул жакта жаткандай. Бул “Узтрансгаздын” “Газпромго” каш кайрып, газ берүүдөн баш тартып, дүйнөлүк компания деген аброюна сокку уруусунан да байкалып турат.

Ташкенттин Бишкекти тоготпогондой кыр көрсөтүүлөрүнө карабай эки өлкөнүн мамилесин “эстен танган” абалга жеткирбөөгө болот беле? Кыргызстан тил табышууга болгон аракетти жасадыбы деген суроо баары бир келип турат. Анткени Өзбекстан менен жакшы мамиледе болуу, энергетика, соода жана башка багыттарда кызматташуу Кыргызстан үчүн канчалык пайдалуу экени айкын көрүнүп турат.

Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов Ташкент менен тил табышууга болот дейт:


- Менин оюмча, алар менен тил табышууга болот. Биз текеберленбей тил табышканга аракет кылышыбыз керек. Суу маселеси болобу, чек ара маселеси болобу, биздин жарандардын чек арадан өтүү шарттары болобу, социалдык-экономикалык маселе болобу, кудай эки мамлекетти кошуна кылып жаратып коюптур, 1200 чакырымдан ашуун чек арабыз бар, ошон үчүн тил табышуубуз керек. Аякта дагы менин билишимче элди ойлогон, мамлекетти ойлогон, жалпы Борбор Азияны ойлогон саясатчылар көп.

Аликбек Жекшенкуловдун пикиринде, президент Алмазбек Атамбаев эл аралык жолугушууларда өзбек президенти Ислам Каримов менен тил табышууга аракет жасашы керек эле. Бирок андай аракеттер жасалган жок. Ал эми кыргыз президентинин Ташкентке сапарын Тышкы иштер министрлиги өкмөт деңгээлинде уюштуруп, аракеттер жасалышы керек,- дейт Жекшенкулов.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев өзбек коллегасы менен чет жерлердеги жолугушууда маселе көтөргөнүн айтса, КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков президенттер жолуккан күндө да стратегиялык энергетикалык долбоорлор боюнча бир пикирге келиши кыйын деп эсептейт.

Бирок Өзбекстанга карата кылдат тышкы саясаттын жоктугу, айрым жетекчилердин, депутаттардын Ташкент бийлигине карата орунсуз сөздөрүнүн чыгып кетиши жана да айтылып жатышы эки өлкөнүн мамилесинин азыркы абалга келишине салым кошкондой.

Баткенден бат кеткен делегаттар...

19-июнда Баткенде чек араларды делимитациялоо, чектеш аймактарда жол куруу боюнча кыргыз-тажик сүйлөшүүсүнүн кезектеги бөлүгү башталды. Кыргыз тараптан делегацияны вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев баштаса, тажик тараптан Муродали Алимардон жетектеп келди.

Баткендеги кабарчыбыздын маалыматы боюнча, эки тарап чектеш аймактардан жол курууну талкуулашкан. Кыргызстан Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жолун курууну улантууну көздөсө, тажик тарап Ворух анклавын негизги территориясы менен туташтыруучу жолдун курулушуна кызыкдар. Эки өлкөнүн делегациясы бир күн бою жол куруу боюнча сунушталган варианттарды талкуулап, анын соңунда тажик тарап жетекчилик менен макулдашуу үчүн убакыт сурап, Дүйшөмбүгө жөнөп кеткен. Сүйлөшүү 23-июнда Бишкекте уланууга тийиш.

Чек араны тактоодогу, чектеш аймактарда жол куруудагы татаалчылыктарды эске албаганда, кыш мезгилинде башталган кризистик жагдайдан чыгып кыргыз-тажик кызматташуусу өз нугуна түшө баштады. Энергетикалык каатчылык алдында Кыргызстан Тажикстандан 600 млн. киловатт саат электр энергиясын алып колдонуп жатат.

Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси кызматына парламент тарабынан жактырылып, президенттин жардыгын күтүп жаткан Мирослав Ниязов эки мамлекет стратегиялык өнөктөш катары кызматташуусу керек дейт:

- Кыргызстан менен Тажикстан стратегиялык өнөктөш. Башкача карабаш керек. Бул эки мамлекеттин суу боюнча, энергетика боюнча потенциалы өтө жогору. Ошон үчүн Кыргызстан менен Тажикстан биргелешип электр энергетикалык империяга айланышы керек. Ошондо бул мамлекеттер менен эсептешет. Эки мамлекет энергетикалык бирдиктүү саясат жүргүзүп, тышкы саясатта таасир этиши керек.

Мирослав Ниязовдун айтымында, Ооганстан, Пакистан жана Индияда электр энергиясына талап өтө жогору. Ошондуктан Кыргызстан менен Тажикстандын гидроэнергетикалык потенциалын пайдалануу зарыл. Бул кызматташууларды өнүктүрүү үчүн Кыргызстан менен Тажикстан чек ара маселесин чечип алууга тийиш.

Чек арада болсо кыргыз-тажик тургундарынын ортосунда курч келишпестиктер чыгып кетүүдө. Жыл башынан бери эле бир нече кагылышуулар, атышуулар орун алып, эки мамлекет жолдорун тосууга чейин барышты. Бирок эки тараптын тең бийлик башындагыларынын сүйлөшүү жүргүзүүгө ынтызарлыгы кырдаалдын жөнгөрүлүшүнө салым кошуп келатат.

Алайдагы жолдун ачылышына генерал Исаков салым кошобу?

Алайдагы жолду ачуу маселесине, анын ачуунун ачкычы болгон Акматбек Келдибековду үй камагына чыгаруу маселесине өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев жана парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков тартылды. 27-майдан бери Ош-Эркеч-Там жолун Келдибековду үй камагына чыгаруу талабы менен жол тосуп жаткандардын делегациясын төрага жана өкмөт башчы кабыл алды. Албетте, мамлекеттин экинчи жана үчүнчү жетекчисинин кабыл алуусу менен эле маселе чечилип кетери күмөн эле. Бирок жол тосуу менен пайда болгон туңгуюктан чыгуунун жылчыктары пайда болобу деген үмүттөр бар эле.

Акматбек Келдибековду коргоо комитетинин төрагасы Керим Сарбашевдин билдирүүсүнө караганда, алар менен жолугушууда өкмөт жана парламент жетекчиси биринчи кадам катары жолду ачууну сунуштаган. Жолду буугандар болсо Келдибековдун баш коргоо чарасы өзгөртүлгөндөн кийин жолду ачышарын билдирип, ортодо туңгуюк бузулган эмес.

Бирок да Алайдан келген өкүлдөр менен Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаковдун жолугушуусунда туңгуюктан чыгуунун жолдору кеңири талкууланып, кандайдыр бир орток пикирлер табылган. Эми Исаковдун келиши менен маселе чечилерин Керим Сарбашев ишемби күнү маалымдады:

- Эртең Исмаил Исаков келет. Ошондо баары чечилет. Исаков эртең келет.

Исмаил Исаковдун билдирүүсүнө караганда, ал Алайга барып, өз сөзүн айтууга даяр:
- Мен анда барайын дедим. Ал проблема эмес. Тынчтык жол менен маселени чечүү кандай болбосун чоң ийгилик. Кагылышуудан эч ким утпайт. Баары утулат. Мамлекет дагы, өзү дагы, эл дагы.

Исаковдун айтымында, жол ачылгандан кийин кандайдыр бир кадамдарды жасоого да өбөлгө түзүлөт. Акматбек Келдибековду абакта кармоонун бир айлык мөөнөтү дагы 27-июнда соңуна чыгат.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Келдибековдун ден соолугу боюнча буга чейин чыгарылган медициналык корутундуну карап чыгарын билдирген. Бул тууралуу Келдибековдун коомдук коргоочусу, премьер-министр менен жолугушууга катышкан Мамбетжунус Абылов маалымдады:

- Ошол корутундуну көрөйүн дейт. Өкмөт башчы чечим кабыл алыш үчүн бир көрүш керек да. Анан эртең мүмкүн жаңы комиссия түзөбүзбү дейт. Объективдүү болуш үчүн, ар кандай сөздөр чыкпашы үчүн.

Мамбетжунус Абыловдун маалыматы боюнча, өкмөт башчы корутунду объективдүү болсо сот органдарына Келдибеков боюнча өтүнүч келтирүүгө макулдугун билдирген.

Ал эми Келдибековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү маселеси прокуратуранын ыйгарым укугунан соттун колуна өттү. "Анткени буга чейин Келдибековду абакта кармоону прокуратура талап кылып келген болсо, эми иш соттун карамагына өттү", деп белгиледи Абылов. Ошондуктан соттук териштирүү баштала турган болсо, маселени сот чечет.

Акматбек Келдибековдун маселесине президент Алмазбек Атамбаев 20-июнда Жалал-Абадга жасаган иш сапарында токтолду. Ал бул ирет да соттун чечими жок эле Келдибековду кыйыр түрдө ууру атап кетти. Маалымат каражаттарынын жазуусуна караганда, президент Атамбаев Аксыда Иринжит каналын ачуу аземинде Алайдагы абалга токтолуп, “мусулмандар жол тосууга барбайт, аны каапырлар гана жасайт" деп айтканы коомчулукта кызуу талкуу жаратты.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG