Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:52

Сулайманов жаңы бийликти эле күтүп жатабы?


Нурлан Сулайманов.
Нурлан Сулайманов.

“Жаңы агым” гезити депутат Исмаил Исаковдун интервьюсун басты.

“Де-факто” гезити Нурлан Жукеевдин Билим министрлигинин жана министр Канат Садыковдун ишмердигин талдоого алган макаласын тартуулады.

Ушул эле санга ички иштер министринин 1-орунбасары Бактыбек Жусубалиев маек куруп, 1-ноябрда белгилене турган кыргыз милициясынын 90 жылдыгына карата кандай даярдык жүрүп жатканын кеп кылды.

“Де-факто” гезити жакында кыргыз спортчулары менен президент Алмазбек Атамбаев жолугуп, тилекке каршы, ар кайсыл саясий топтордун жана кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү өз маселелерин чечүүдө спортсмендерди пайдаланган адат күчөп баратканын, жаштардын аң-сезиминде “идеологиялык талкалоо” жүрүп жатканын, буга жол берүүгө болбой тургандыгын айтканын жазып чыкты.

Ушул эле гезит коррупцияга каршы күрөш жүрүп жаткан менен миллиондорду уурдагандан кийин ооруй калып качып кеткендердин бири Нурлан Сулаймановду тиешелүү органдар “ийинден сууруп” келе албаганы менен жакында ага “экстердин” бири жолукканын, ошондо ал: “Мен азыркы бийлик учурунда Кыргызстанга барбайм. Аз калды, бийликке биздин кишилер келет. Ошондо көрүшөбүз” деп айтканын шилтеме кылып: “Жакында бийликке кимдер келгени жатты экен? Сулайманов кимдердин сунушу менен сыртта жүрөт болду экен?” деп суроо койду.

“Алиби” гезити Улуттук оппозиция кыймылынын мүчөсү Уран Ботобековдун “Биз Конституцияны өзгөртүүгө, Кыргызстанда Кокон хандыгын калыбына келтирүүгө жол бербейбиз” деген аталыштагы интервьюсун сунуш кылды. Ушул эле гезиттеги интервьюсун “Tрибуна kg” гезитинин башкы редактору Ырысбек Өмүрзаков “Кандай десек да Бабанов -Ташиев - саясий тандем” деп атап, бул биригүүнүн эки гана себеби барын, бири партиянын капчыгын калыңдатуу болсо, бири региондордон элдин добушун көбүрөөк алуу болуп саналарын, анын ою боюнча “Республика” менен “Ата-Журттун” биригүүсү президент менен макулдашылганын айтуу менен кийинки парламентте ар бир райондон 50 депутат мажоритардык ыкма менен, ал эми 45и партиялык тизме менен шайланып келсе дурус болмогун билдирди.

“Фабула” гезитинин жаңы санынан сиздер “Текебаев оппозицияга өтөбү?” деген, “Кубанычбек Кулматов” деген, Кыргыз эл артисти Сатыбалды Далбаев жөнүндө Эл баатыры Бексултан Жакиевдин “Орошон талант” деген, эл жазуучусу Казат Акматовдун “Амантур Акматалиев күчтүү инсан эле” деген макалаларын, Энергетика министринин милдетин аткаруучу Кубанычбек Турдубаевдин “Ачык-айкын тариф саясатын сунуштап жатабыз” деген, “Учкун” акционердик коомунун башкы директору Рыскелди Момбековдун “Кой аксагы, адам акмагы менен жүз” деген интервьюларын окуйсуздар.

“Жаңы агым” гезити журналисттер Мелис Совет уулунун “Кубанычбек Турдубаев кууратабы же жыргатабы?” деген, Тынчтык Алтымшевдин “Башмыйзамдын сыры менен чыры” деген, “Кумтөр артындагы куу саясат” деген макалаларды басты. Белгилүү журналист Нарын Айыптын маеги “Орус жана совет империясынын жүз жылында жаңы кыргыз улуту калыптанбады” деген ат менен жарык көрдү. Ушул эле гезитке депутат Исмаил Исаков “Башмыйзамды өзгөртүүгө каршымын” деп интервью берип, бир кызык фактыларды ортого салды. Депутат: “Финансы министрлигинин аппаратында иштегендер ай сайын тамагы үчүн эле 5 миң сомдон алат экен. А мугалимдер бир тыйын албайт. Ошондой эле милиция тамагына күнүнө 34 сом, аскер кызматчылары 60 сомдон алса, ошол эле милиция тарабынан кылмышка шектүү деп абакка камалгандар үчүн күн сайын тамагына 90-110 сомдон каралат. Бул өкмөттүн эмне деген саясаты? Ушубу биздин коомдун алдыга жылып, өнүгүп-өсүп баратканы?” деп акыйкат суроо койду.

“Айбат” гезити Бакиевдин “Ак жол” партиясынын мүчөсү, “Манас-Түрк” университетинде мугалим болуп иштеп, балдарга лекция окуп жүргөн Акылбек Атабаев ири көлөмдөгү наркотикалык зат менен кармалып, абакка олтургузулганын, Акылбек Атабаев башында турган топ Ооганстандан чыккан маңзаттарды Тажикстандан Кыргызстандын түштүгүнө ташып, андан Бишкекке алып келип, анан КМШ мамлекеттерине жеткирүү үчүн кылмыштуу байланыштарды түзгөнүн, алгачкы суракта Атабаев баарын мойнуна алгандыгын кабарлады.

“Кыргыз туусу” гезити “Болот Миңжылкыевдин 75 жылдыгы түрк дүйнөсүндө белгиленет” деп маалымдады. Ушул эле санга “ГЭСтерибиз кыш мезгилинде иштөөгө даяр” деген баштеманын алдында “Электр жабдууларынын абалы жакшырды”, “ Тогуз айдын планы аткарылды”, “Энергосистема өнүгүү жолунда” деген макалалар жарык көрдү.

“Туран” аттуу жумалык гезит “доллардын курсу өсүүдө, эмне кылуу керек?” деген суроого айрым адамдардын айткан ойлорун ортого салды. Айдар Сарматовдун макаласы “Кумтөрдүн куну бүттү” деп аталды. Алайда нан жаап, бизнес кылган Наргиза аттуу кыз тууралуу баян да ушу гезитте. Жолон Мамытов атындагы сыйлыктын лауреаты, акын Назгүл Осмонованын жаңы ырларын да ушул “Туран” гезитинен окуп, таанышсаңыздар болот.

XS
SM
MD
LG