Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:34

Алтымыш миң доллардын бүтпөгөн чыры


“Айбат” гезитинин бүгүнкү санында “Мандатты мыйзамсыз алган “Ата Мекен” “Ааламдын” акчасын берип койсо” деген темадагы учкай маалымат жарык көрдү. Анда 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо “Ата Мекен” партиясы “Аалам” партиясынан 60 миң долларды алдап алганын, ал каражатты али күнчө кайтарып ала албай келатышканын жазып чыкты.

Ушул эле гезитте, “Мурас” коомдук фондунун башчысы, тарых илимдеринин доктору Тынчтыкбек Чоротегиндин “Сыймыктанат бирок, билгизбей” деген темадагы көлөмдүү макаласында автор, президенттин “1916-жылдагы кайгылуу окуяларды белгилөө боюнча” жакында кол койгон жарлыгы кыргыз менен орус улуттарынын ортосундагы мамилени чыңалтуу эмес, тескерисинче өз убагында улуттун өзүн-өзү таануусуна, элдин сыймыгын эске алуусуна өбөлгө болорун белгилеген.

Ушул эле “Айбат” гезити "Укук коргоочу Нурбек Токтакунов АКШ элчилиги менен тымызын кызматташып, Кыргызстанга кыянаттык кылуу аракетин көрүүдөбү?" деген темадагы макала басты. Анда 24-июнь күнү Ак үй алдында Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесине каршы митингден кийин Нурбек Токтакунов АКШнын Кыргызстандагы элчиси Ричард Майлз менен өзүнүн офисинде жолугушкандыгы тууралуу видео интернет булактарына жарыяланып кеткени айтылат.

“Вечерний Бишкек” гезитинин бүгүнкү чыгарылышында да 24-июнда Ак үйдүн алдында өткөн Конституцияны коргоо боюнча жарандык уюмдардын тынч митинги тууралуу жазылып, анда Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы адамдардын пикирлери басылган.

Ушул эле “Вечерний Бишкектен” журналист Бермет Маликованын 23-июндагы “Мага баары бир эмес” деген аталыштагы жарандык форум боюнча макаласы, Ольга Дядюченконун Конституциялык палатанын соту Клара Сооронкулованын биометрикалык маалыматты чогултуу Баш мыйзамга туура келбестигин айтып чыкканы үчүн кандайча кызаматтан четтетилгендиги жөнүндөгү макаласы, “Бийликке жалчы болуп кызмат кылуунун технологиясы” деген Нарын Айыптын дагы көлөмдүү макаласын окуй аласыздар.

"Кыргызым, келчи, чындыкты айтып чыркырайлы", - деген темада Баратбай Аракеевдин көлөмдүү макаласы “Фабула” гезитинин бүгүнкү чыгарылышында басылды. Анда автор, азыр айыл өкмөттөрү акимге, алар облустардагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, алар премьер-министрге, премьер-министр президентке чындыкты бетке кармап, жагдайдын туурасын айтып бере албастыгын, чоңдорго сын айткан адам төө бастыга каларын белгилеген.

Мына ушул эле “Фабула” гезитине экс-министр Зарылбек Рысалиевдин маеги басылып, Ички иштер министрлигинин мурдагы министри ишенчээктигинен улам сөзүнө туруксуз таасирлүү адамдарга далай жолу алданганын, эгерде өзүнүн деңгээлине жараша азыркы бийлик кызмат берсе колунан келишинче иштерин, бирок ага кызмат беришпестигин, бергенден коркушарын билдирген. Ал ошондой эле 90 миллион доллардык каражатка ишке ашыруулуучу “Коопсуз шаар” долбоорун бирин-экин чиновник өзүлөрүнүн кызыкчылыгы үчүн жокко чыгарышканын айткан.

“Фабула” гезитине саясат иликтөөчү Темирлан Сарлыкбек уулунун дагы “Саясат сасык эмес, саясатчы сасык” деген темадагы маеги басылып, анда байыркы грек ойчулу Платондун “Cаясатка кызыкпаган акылман жана аалымдарды сабатсыздар менен акмактар башкарат” деген учкул сөзүн мисалга келтирип, ар бир адам саясатка кызыгууга тийиш экендигин, саясат туура иштеген жерде экономика көтөрүлүп, жакырлардын карды тоюнарын айткан.

Белгилүү адабиятчы Абдылдажан Акматалиевдин “ Айтматов жөнүндө этюддун” үзүндүсүн дагы ушул “Фабула” гезитинен окуй аласыздар.

“Кыргыз туусу” гезитинин бүгүнкү чыгарылышында Бишкектин бардык жери сейсмикалык жактан кооптуу аймакка кирери тууралуу айткан Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун кызыктуу маеги басылды. Министрдин айтымында, тоолуу Кыргызстанда 11 миңден ашуун табигый кубулуш жүрөт экен. Ошондой эле журналист Нарынгүл Назаралиеванын “Газпром Кыргызстан” компаниясынын өлкөнүн бардык облустарына газ жеткирүү долбоорунун аткарылышы жана премьер-министр Темир Сариевдин Сокулуктагы иш сапары менен ушул гезиттеги макаласынан тааныша аласыздар.

“Де - факто” гезити болсо Кумтөрдөгү жер алдынан өндүрүү ыкмасы Давылов мөңгүсү боюнча кырдаалды өзгөртпөй тургандыгын жазып чыкты. Ушул эле гезит белгилүү саясий серепчи Бакыт Бакетаевдин маегин басып, анда күзүндө өтө турган парламенттик шайлоого карата көз карашы жана Акылбек Жапаровдун тубаса экономиканы билгичтигин пайдалануу керектиги айтылат.

Ушул гезиттен Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин “Агындылар – 3” деген үчүнчү китебинен үзүндүнү окуй аласыздар.

XS
SM
MD
LG