Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:42

Эркиндикке камкордук керек


29-августта жарык көргөн гезиттер эгемендик, чек ара, оппозиция тууралуу жазышты.

“Жаңы агым” гезити Садык Шернияз тартып, бүгүн дүйнөнү дүң кыла баштаган “Курманжан датка” фильми эртең жок бүрсүгүнү, 31-августта борбор шаарыбыздын көрүүчүлөрүнө көрсөтүлгөнү жатканын, буюрса бул кино улуттук аң-сезимди кайрадан тирилтип, жаңылап, бөлүнүп турган кыргызды бириктире турган күчкө ээ экендигин даңазалаганы калды,- деп белгиледи.

Ушул эле гезит журналист Назгүл Калмамбетованын “Бирдиктүү форма бара-бара киргизилет” деген макаласына окурман көңүлүн бурду.

Белгилүү журналист Жолдошбек Зарлыкбековдун дүйнөдөн өткөнүнө бүгүн туура 40 күн болгон айтылуу Алым Токтомушевди эскерген баяны жана журналист Аскер Сакыбаеванын устаты Алым жөнүндө жазган “Күн тутулган аалам кетти ичинде” деген макаласы бар.

Бүгүн жарык көргөн “Де-факто” гезити Бишкек шаарынын мурдагы башчысы Иса Өмүркулов менен маектешти.

Саясат таануу илимдеринин кандидаты Чолпонбек Сыдыкбаев шайлоо, чек ара, тышкы жана ички саясат тууралуу сөз кылды.

Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасы Бузурманкул Табалдиевдин да маеги ушул санда.

Аталган гезит “Эңсеп жеткен эгемендүүлүктүн баркына жете алдыкпы?” деген суроо менен айрым адамдарга кайрылды.

Саясий ишмер Топчубек Тургуналиев – Эгемен мамлекет деп аталуунун өзү чоң нерсе,- деп;

Кыргыз эл баатыры Бексултан Жакиев: - Азаттыкты кылымдар бою эңсеп, ал үчүн кан төгүп келген ата-бабаларыбыздын көксөгөнүнө жеткенибиз менен эгемендүүлүктүн баркына жеталбай, бийликке келгендердин көбү каракчыга айланып, мамлекетти талап-тоноп жүрүп, эзелки ыймандуу элди бузуп алды, элибиз эми жаңыдан гана оңолууда,- деп;

Кыргыз эл артисти Саламат Садыкова: - Кыргыздар дүйнөдөгү эң бактылуу эл боло алдык деп мактаныч менен айткым келет,-деп;

Коомдук ишмер Мамат Айбалаев:- Биз азыркы системага “ревизия” жасап туруп, бийликке бизнесмендерди эмес, мамлекетти башкарууда тажрыйбасы жана түшүнүгү бар, эл алдында жоопкерчиликти сезген кадрларды апкелишибиз керек,-деп;

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Орозбек Молдалиев:- Көз карандысыздыгыбызга сыймыктанып жүрө бербей, аны камсыз кылгандын үстүнөн иштешибиз керек, анткени глобализация мамлекеттердин эркиндигин өзгөртүүдө, чектөөдө, - деп жооп берди.

“Фабула” гезити Баратбай Аракеевдин “Каралар каптайт да, ыя...” деген макаласы менен жаңы санын ачты. Автор эч нерседен кайра тартпаган бир кездеги башкы милиционер Зарылбек Рысалиевди Текебаев иштен кетирткенин, дал ушул маселеде ошондо президент Атамбаевдин чечкиндүүлүгү зарыл болгонун, тилекке каршы, анте албаганын, эми кайрадан криминал баш көтөрүп турганын, болуптур Рысалиевди иштен айдашты, мындай болгон соң анын ордуна курч, жаш жигиттерден койсо болбойт беле, мисалы Бактыбек Жусубалиев менен Мелис Турганбаевдер министр болгонго небактан бери бышып жеткен, Суранчиев нарктуу аксакал болсо кызматтан өзү эле суранып кетип калса дурус болор эле, жылыбызды Мамлекетти бекемдөө жылы деп жар салдык эле, аны криминалыбыз “сонун кылып бекемдей” баштады деп жазды.

“Алиби” гезити бул санын “Саясий сезондун сахнасы атышуу менен ачылды” деген баш теманын алдында күттүргөн күз да келгенин, кыргыз-тажик чек арасы тынчыбай жатканын, “Ата Мекен” партиясынын депутаты, криминалдык чөйрөдө “Жин” деген каймана аты бар Арзымбаевди чак түштө белгисиз бирөөлөр атып кеткенин кабарлады.

Аталган гезит “Беш катындын “беш ыргай” деген кабарында апрель революциясынан кийин Теңир-Тоо жактан Нарынды көзөмөлгө алып, өөдө-төмөн жүрүш жасап, бирдеме болсо эле ызы-чуу салып жибергенди билген каарман катындардан куралган топ бар экенин, жергиликтүү эл аларды “5 катын” деп аташарын, ошол 5 катын далай сазайды берип келатканын, эми алар жакында Бишкек-Торугарт жолун бууйбуз деп, белсенип, белин да, жоолугун да бекем буунуп турганын маалымдады.

“Айбат” гезити саясат таануучу Марс Сариевдин “Учурдагы бийликке альтернатива азырынча жок” деген сөзүн шилтеме кылуу менен жаңы санын ачты. Марс Сариевдин айтымында, бүгүн элди артынан ээрчитип кете ала турган саясатчылар жок. "Анын үстүнө Кыргызстанды Украинадагыдай кырдаалга алып барганга эл эч качан тобокелдикке барбайт. Анткени кыргыз-тажик чек арасында ушундай кооптонуу бар. “Курултай” деген бул көкүрөктө кайнап кеткен бууну чыгаруунун оозеки формасы. Ал эми оппозициянын көздөгөнү эптеп эле элдин көзүнө аппак болуп көрүнүп, андан улам саясий упай топтоп, кийинки парламенттен орун алып, беш жыл бою жыргап доорон сүрүү болуп саналат", - деди Марс Сариев.

XS
SM
MD
LG