Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:23

"Таблиги жамааттын" тизгинин тартуу сунушталды


Бангладештеги мечиттердин бири
Бангладештеги мечиттердин бири

Эксперттер “Таблиги жамаат” кыймылынын аркасы менен террористтик, экстремисттик уюмдарга кошулуп кеткендер көбөйүп жатат деп тынчсызданууда.

Мусулмандар дин башкармалыгы “Таблиги жамаатка” тыюу салуу мүмкүн эместигин айтышып, тескерисинче бул кыймыл ханафи-масхабды даават аркылуу жайылтууда ролу зор экенин белгилешүүдө.

Бизде гана уруксат берилген

Коңшу өлкөлөрдө жана Орусияда тыюу салынган “Таблиги жамаат” кыймылына Кыргызстанда дагы тыюу салуу керек деген демилге 25-ноябрда Бишкекте, Орусиянын глобалдык коркунучтарды изилдөө институту өткөргөн тегерек столдо айтылды.

“Таблиги жамааттын” аркасы менен үч күн, он же кырк күн деп дааватка чыгып, андан ары чет өлкөгө кеткен фактылар көп. Коопсуздук жаатындагы эксперт Артур Медетбековдун айтуусунда, дааватта жүргөндөр арасында туура эмес динди үгүттөп, экстремисттик багытка бурулуп кеткен адамдардын саны өсүүдө.

- Мына Пакистан менен Ооганстанда “Ал-моджахеддин» өңдүү бир нече “Таблиги жамааттан” чыккан террористтик уюмдар бар. Буга кошумча “Өзбекстан Ислам кыймылына” же “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна ушул “Таблиги жамаатка” кирген кыргызстандыктар кошулуп атпайбы.

Артур Медетбековдун кошумчалоосунда ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн арасында жалгыз гана Кыргызстанда “Таблиги жамаатка” уруксат берилген. Ошол эле учурда ЖККУ бул кыймылды экстремисттик деп тапканын белгилеп өттү.

Муфтият: "Таблиги жамаат" таза кыймыл

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы “Таблиги жамаат” тескерисинче таза исламды же Кыргызстан тандаган ханафи-масхабды жайылтууда чоң салым кошуп жатканын айтышууда. Даават - муфтияттын бекем көзөмөлүндө турганын белгилеген муфтий Максат ажы Токтомушев, “Таблиги жамаат” аркылуу радикал идеологияларга каршы күрөш жүрүп жатканын айтууда.

- Мындай жамаат бизде катталган эмес. "Таблиги жамаат" деген уюм жок. "Даават" - чакыруу, "таблиг" - жеткирүү деген сөз. Өзүңүзгө жакшы каалаган нерселерди, динибизди, өз мазхабыбызды жеткиргендин аты "таблиг". Ушул иштерди кылып атса, аны өзүнчө жамаат деп, өзгөчөлөнткөн туура эмес деп ойлойм. Тескерисинче, намазга жыгылуу милдеттүү болгондой эле намазга чакыруу да милдеттүү иш. Башкаларды арам иштен оолак болууга чакыруу, токтотуунун аты даават.

Тегерек столго катышкан адистер куранда үй-жайын калтырып, дааватка кетип калуу өңдүү саптар жок экенин айтышты.

Бирок “Таблиги жамаат” Кыргызстанда расмий кыймыл же уюм катары катталбагандыктан, анын ишмердүүлүгүн токтотуу мүмкүн эмес дегендер да четтен табылат.

Кыймылга тыюу салуу - дааватты токтотот

“Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун” төрагасы Нуржигит Кадырбеков бир катар эл аралык адистер Кыргызстандагы “Таблиги жамаатты” саясаттан тышкары кыймылын жүргүзүп, башка динге да бүлүк салбаган кыймыл деген бүтүмүн чыгарганын айтты. Кадырбеков “Таблиги жамаатты” бөгөп койгон учурда деле бул кыймыл купуя иш алып бара берет деген ойдо.

- Мен президенттик аппаратта иштеп жүргөндө Москвадагы Карнеги борборунун директору Алексей Малашенкону чакырып, ушул тууралуу консультация алганбыз. Ал бизде “Таблиги жамаатты” жабуунун зарылчылыгы деле жок деген. Жабылган күндө деле көмүскө ишин жүргүзө берет дегени эсимде. Ошондой эле “Таблиги жамаат” өзүнүн чакырыктарында ИМ, “Хизб ут-Тахрир” сыяктуу экстремисттик уюмдарга каршы туруп, тынчтыкты гана үгүттөп келет.

“Таблиги жамааттын” максаты - Исламды адамдардын социалдык, экономикалык абалына карабай үгүттөп, жайылтуу болуп саналат. Бул үгүттөөнү кыймыл даават аркылуу ишке ашыруунун жол-жобосун бир калыпка салып алган.

“Таблиги жамааттын” тарыхы 1926-жылы Индияда башталып, Пакистан жана Бангладеш өлкөлөрүндө кулач жайган. Ушундан улам даават учурунда адамдар айтылган өлкөлөрдүн кийимдерин кийбестен, кыргыздын баалуулуктарына басым жасаса, аларга коомчулуктун көз карашы оң жагына өзгөрмөктүгүн Нуржигит Кадырбеков кошумчалап өттү.

Кыргызстанда “Таблиги жамаатка” тыюу салуу биринчи жолу көтөрүлүп жаткан жери жок. 2009-жылы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия бул кыймыл муфтиятка каршы иш жүргүзүп жатканын айтып чыккан. Бирок териштирүүлөрдүн соңунда “Таблиги жамаатка” ишин жүргүзө берүүгө уруксат берилген.

XS
SM
MD
LG