Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:25

"Азаттык": изденүү менен узаган жыл


Өтүп бараткан тоок жылы кыргызстандыктар үчүн күтүлбөгөн окуяларга, ачуу-таттуу ирмемдерге бай болду. “Азаттык” радиосу алардын көбүнө күбө болуп, чагылдырды. Миңдеген угарман, окурмандарды маалымат менен үзбөй камсыз кылып турду. Биздин видео, макалалардан кийин кээ бир каармандардын жашоосу жаңы нукка бурулуп, өзгөрдү. “Азаттык” радиосунун чыгармачыл жамаатынын ийгиликтери жана жетишкендиктерин атайын жылдык түрмөктө эске салабыз.

“Азаттыктын" каармандары

2017-жылы Кыргызстандын тарыхында эң каргашалуу окуя болуп өттү. 16-январдын таңында Бишкек аэропортунун жанындагы Дача СУ айылынын үстүнө жүк ташуучу учак кулап, кыркка жакын адамдын өмүрүн алды.

“Азаттыктын” кабарчылары кырсык болгондон тарта ошол жерде жүрүштү. Жакынын жоготкон мекендештердин ыйына күбө болду. Капилет келген кырсыктан өзүн жоготкон айылдын жашоочуларынын үнүн тынбай чагылдырды.

Айрыкча ата-энесинен бирдей ажырап, жетим калган жети жаштагы Жакшылык жана Султан аттуу балдардын тагдырына кайдыгер карабады.

Жакшылык жалгыз калды...

16-январь күнү таңга маал жети жаштагы Жакшылык Шералиев көзүн ачканда эле үйүнүн урандыларын көрдү. Шералиевдердин үй-бүлөсүнөн Жакшылык гана аман калды. Анын 26 жаштагы ата-энеси, эки карындашы кулаган учактын айынан каза табышты.

Апаатта аман калган Султан

Султан башынан өткөн бул каргашаны эс тартып чоңойгондо кандай кабыл аларын азыр эч ким айта албайт. Эми жети жашар бала ата-апасын, ини-карындашын сүрөттөрдөн жана той-топурда тартылган видеолордон гана көрүп кала берет.

Балдар тууралуу жүрөктү ооруткан бул тасмалар "Азаттык" аркылуу миңдеген көрүүчүлөргө жетип, жеткинчектерге дүйнөнүн ар тарабынан жардам бергендер болду.

Рахатбек "Даңк" медалын алды

2017-жылдын 6-мартында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев мүмкүнчүлүгү чектелген үч адамдын катарында "Азаттыктын" каарманы Рахатбек Үсөнкожоевдин төшүнө “Даңк” медалын такты.

Рахатбек
Рахатбек

Рахатбек Үсөнкожоев кайраттуулугу, эрктүүлүгү, оор турмуштук кырдаалда адамдын татыктуу жашоого жана үзүрлүү эмгекке умтулганы үчүн сыйланганын мамлекет башчы сыйлык тапшыруу учурундагы сөзүндө белгиледи:

-Тоону томкоро турган көптөгөн эркектерибиз сиздерден үлгү алышса. Иш жок, мага иш, кызмат таап бергиле деп көрүнгөн шылтоо айтып, канча эргул жүрөт? Жалкоолордон уялыш керек. Ата-бабалар илгери эле “Жардылык – жалкоолуктан” деп таамай айтышкан. Иштейм деген адам – ар дайым иш табат. Жалкоо – ар дайым шылтоо табат.

Нарындагы Большевик айылынын тургуну Рахатбек Үсөнкожоев тууралуу “Азаттык” 2016-жылы видео тарткан. Кырсыкка кабылып, буту баспай калган Рахатбек Үсөнкожоев майыптыгына карабай, кайыштан баштык, камчы, куржундардын түрүн жасап, интернет аркылуу сатып келе жатат.

Дүйнөнү жүрөк менен көргөн жигит...

Ушул жылдын май айында “Азаттыктын” сайтына 22 жаштагы көзү азиз сүрөтчү Евгений Нурматов тууралуу видео баян жарыяланган.

Евгений бала кезинде өгөй атадан запкы көргөн. Анын айынан көзүнө доо кеткен. Биз барган тушта Евгений операция жасатып, үй сатып алууну кыялданарын жашырган эмес.

Евгенийдин окуясы “Азаттыктын” сайтында, соцтармактагы баракчаларда миңдеген көрүүчүлөрдү топтогон. Ага операция үчүн акча чогултуу иш-чарасы башталган эле.

“Азаттык” жакында Евгений Нурматов менен байланышты. Жигит бир ай мурда Орусиянын Новосибирск шаарынан көзүнө операция жасатып келгенин айтты. Операцияга кеткен 300 миң рублдин жарымын Евгений өзү, калган бөлүгүн жакындары жана боорукер адамдар топтоого жардам берген.

Көптөн күткөн операция жигиттин жашоосундагы жалгыз жаңылык эмес. Ушу тапта жубайы экөө наристе күтүп жаткан кези.

Евгений: Кызымды көргүм келет
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:11 0:00

Достор кайгыда таштабайт

Жай айларында 24 жаштагы майып жигит тууралуу кабарчыбыз Айгерим Акылбекова видео тарткан. Жол кырсыгынан улам баспай калган Улан тагдырдын сыноосуна чөккөн эмес. Досторунун жардамы менен элге аралашып, иштеп кеткен. Аны жонуна көтөргөн жигиттер да достуктун чыныгы үлгүсүн көрсөтүп турат.

Ушу тапта Улан телефон оңдоп иштейт. Видео жарык көргөндөн кийин анын тааныштары, достору жадагалса кардарлары да көбөйгөн. Баса, Улан жакында жер тилкелүү болушу мүмкүн экенин кабарлады.

Рахатка жапа тырмак жардам беришти

Тажикстандын Мургаб районунан көчүп келген кайрылман үй-бүлөнүн таянар тоосу – 17 жаштагы кайратман кыз Рахаттын тагдырын “Азаттык” мындан төрт ай мурда чагылдырган. Апасы оорудан каза болгондон кийин оорукчан эжесине, эки инисине баш-көз болуу үчүн окуусун таштап, аларды багуу үчүн жер тытмалап иштеген. Жаштайынан калем ордуна кетмен кармаган Рахат кыялы менен бөлүшкөн эле.

- Инилерим мектепте жакшы окуп, университетке тапшырышса деп тилейм. Өздөрү иштеп, каалаган максатына жетишин ойлойм. Өзүбүздүн үйүбүз болсо, баарыбыз бактылуу жашасак деп кыялданам.

​Арадан жарым жылга жетпеген убакыт өткөндөн кийин Рахаттын бүгүнкү абалынан кабар алганы кайрадан кезиктик.

Он гүлүнүн бири ачыла элек, оюнга тойбой турган курагында үй-бүлө түйшүгүн моюнуна алган кыздын баяны көпчүлүктү кайдыгер калтырбаптыр. Кайрымдуу адамдардын жардамы менен азык-түлүк, кийим-кечеден сырткары тиричиликке керектүү техникалык каражаттарга ээ болгон экен.

Ал бизге муздаткыч, кир жуучу машина, жылыткыч меши жана чөнтөк телефондорун көрсөтүп күлүп турду. Айтмакчы, Рахатты борбор калаага алып келип, тиштерин да калыбына келтирип беришкен.

Рахаттын “инилилерим билим алса” деген тилеги да орундалып, азыр эки иниси тең мектепке барып жатышат. Социалдык кызматкерлер эжесин интернатка жайгаштырган соң, өзү да окуусун улантып, учурда 9-класста окуп жатат.

Жаңы жылдын алдында Рахаттын кубанычы коюнуна батпай турган кези. Анткени ал жакынкы айларда өз үйүнө ээ болот. Кайдыгер карап тура албаган адамдар бул үй-бүлөгө жер тилкесин алып беришкен. Жаздын келиши менен курулушка киришип, пайдубалын түптөп башташат. Бул кыш, ар кимдин үйүндө көчүп-конуп жүргөн Рахаттын бөтөн үйдө кечирген акыркы кышы.

Эки элдин уулу

Жалгас Садыр уулу 20 жашта. Ал Казакстанда өткөн жаш төкмө акындар айтышында экинчи орунду ээлеген. Аны көпчүлүк казак элинин уулу деп ойлошот. Бирок, Жалгастын улуту кыргыз, азан чакырылган аты Улан. Ал өз улуту, атасы тууралуу 18 жашында гана билген. Ушул тапта Алматынын четиндеги айылдардын биринде ат багып иштейт.

"Азаттыкка" бул видео чыккандан кийин акын жигиттин жашоосунда көп өзгөрүүлөр болду. Апасы Токтокан тиешелүү кагаздарды топтоп, Казакстандагы Кыргызстандын элчилигине кайрылды. Жалгастын 74 жаштагы атасы учурда Алай районунда жашайт. Ал жалгыз уулун күтүп жатат.

Жалгастын тагдырынын негизинде Айгерим Акылбекова даярдаган “Өгөй” тасмасы Кино үйүндө көрсөтүлдү. Асел Жураеванын чеберканасы даярдаган тасмалар арасында үчүнчү орунга ээ болду. Мындан сырткары, “Өгөй” тасмасы "Бир дүйнө" адам укуктары кинофестивалына катышты жана Кыргызстан аял режиссерлору форумунда көрсөтүлдү.

Жогоруда аталган сюжеттерден сырткары 2017-жылы эң көп талкуу жараткан видеолорун эске сала кетели:

Акмөөр: Күйөөм кыздан уулду артык көрдү... (Бекзат Бектурган)

Бакыт издеген майып келин (Сабыр Абдумомунов)

Бар байлыгым балдарым (Айгерим Акылбекова)

2017: "Азаттыктын" эң көп көрүлгөн видеолору
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:04 0:00

“Азаттыктагы” өзгөрүүлөр

2017-жылдын 1-майынан тарта "Азаттык Медиа" мекемесин Айзада Касмалиева жетектей баштады. Мындай чечимди "Эркин Европа / Азаттык радиосунун" жетекчилиги кабыл алды.

Медиа уюмду 2013-жылдан бери башкарып келген Султан Каназаров өз ыктыяры менен кызматтан кетти.

Айзада Касмалиева
Айзада Касмалиева

Айзада Касмалиева 2004-жылдан бери журналистика тармагында иштейт. Төрт жыл КТРКда, алгач каналдын радиосунда, андан соң "Ала-Тоо" маалымат программасында кабарчы, жаңылыктардын алып баруучусу жана редактор болуп иштеген.

2008-жылы "Азаттыктын" жамаатына кошулуп, "Азаттык+" программасында иштей баштаган. 2010-жылдан тарта "Ыңгайсыз суроолор" телеберүүсүн алып барып келет. 2016-жылы "Каректе Евразия" программасынын редакторлук жана алып баруучулук кызматын да аркалоого киришкен.

"Азаттык" изденүү үстүндө

2017-жылы “Азаттык” жаңы кеңсеге көчтү. Жогорку сапаттагы телеберүүлөрдү даярдап, бир эле учурда ар кандай платформаларда түз эфирге чыгууга жана ар кайсы өлкөлөр ортосунда телекөпүрө уюштурууга мүмкүнчүлүк берген акыркы үлгүдөгү шаймандар жана заманбап технологиялар менен жабдылган студиясы ишке кирди. Студиянын ачылышы 3-ноябрда өттү.

Жаңы студия, жаңы шаймандар менен камсыз болуу “Азаттыктын” чыгармачыл жамаатына жаңы изденүүлөргө, жаңы ийгиликтерди багынтууга жол ачты.

Алсак, октябрь айында болгон президенттик шайлоо, саясий билдирүүлөр, сот отурумдары ж.б. бир топ окуялар “Азаттыктын” сайтынан түз көрсөтүлдү.

Окурмандар видеолорду “Азаттыктын” сайтынан, Фейсбук жана Youtube баракчаларынан көрө алышты. 16-октябрда болгон президенттик шайлоонун жүрүшү сегиз саатка жакын түз эфирде чагылдырылып, Фейсбук баракчалардан жана Ютубдагы каналдан 200 миңден ашуун көрүлдү. Ушу тапта "Азаттыктын" бир катар берүүлөрү түз эфирден көрсөтүлүп жатат.

Айта кетчү нерсе, программалар куржунубуз "Эже-сиңди", "Азаттык клубу", "Китеп текче", "Выход в люди", "Эксперттер талдайт" аттуу рубрикалар менен толукталып, өз окурман, көрүүчүлөрүн таба алды.

“Азаттыктын” долбоорлору

“Азаттык” радиосу 2016-жылы Үркүндүн 100 жылдыгына арналган атайын долбоор баштаган.

Анда окуяга күбө болгондордун жакындары жиберген баяндар, архивдик сүрөттөр, тарыхчылардын изилдөөлөрү жарыяланган. Мына ушул баа жеткис материалдардын топтому 2017-жылы “Үркүн. Кылымдар унуткус кыргын” деген аталышта китеп болуп басылып чыкты.

Китептин бет ачары 3-ноябрда, кеңсенин ачылышы менен чогуу болду. Иш-чарага Жогорку Кеңеш депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, коомдук-саясий ишмерлер, жарандык коомдун өкүлдөрү жана медиа коомчулук катышты.

"Журтташтардан жүз сунуш": жеңүүчүлөр сыйланды

“Азаттык” радиосу 2017-жылы мигранттар арасында "Журтташтардан жүз сунуш" сынагын жарыялады. Анда Кыргызстанга өрнөк, сабак болчу кандайдыр бир көрүнүштү, кызыктуу мисал же саамалык тууралуу сүрөт, видео же текст түрүндөгү материалдарды кабыл алдык. Май айында башталган сынак август айында жыйынтыкталып, 3-сентябрда жеңүүчүлөргө сыйлык тапшырылды.

Айыл чарба тармагындагы жаштардын ролун бекемдөө, Жаш фермерлер биримдигин түзүү боюнча омоктуу сунуштарын берген Сагындык Эмилбек уулу баш байгени алып, “Айфон 7” телефону менен сыйланды.

Ошондой эле Осмоналиев Разак ( "Жапондордой шарт түзүү кыйын эмес", Жапония), Айгерим Бирназарова (“Каково жить в чешском общежитии?” Прага), Эркинбек Нуралиев ("Мигранттардын “Жүк-200” маселесин чечүү керек" Москва), Мурат Эгембердиев ( Чет элдик мигранттын акчасы казынага түшсүн. Дубай.) жеңүүчү деп табылып, аларга бирден электрондук китеп окуу куралы – букридерлер тапшырылды.

Сынакка тазалык, экология, билим берүү, жол коопсуздугу, транспорт, туризм, миграция жана башка орчундуу тармактар боюнча ондогон кызыктуу баяндар, омоктуу сунуштар келип түшкөн.

Алар иргелгенден кийин “Азаттыктын” кыргызча жана орусча барактарына жалпысынан элүүгө жакын материал жарыяланган.

Дагы бир кызыктыруучу сыйлык - "Мен көргөн Питер" аттуу блогдун автору Сайпидин Султаналиев менен "Маданияттуулук - улуттун жүзү" деп Питерден блог жөнөткөн Асел Молдоболотовага ыйгарылды.

"Азаттыктын" ийгиликтери

“Мен айткандан коркпойм”

“Азаттыктын” кабарчысы Айгерим Акылбекова тарткан “Мен айткандан коркпойм” тасмасы 2017-жылы “Лидер аялдар муундарынын кызматташтыгы” долбоорунун алкагында өткөн сынакта жеңүүчү деп табылды.

Сынакты "Кыргыз судья аялдар ассоциациясы” коомдук бирикмеси Республикалык медиакоммуникациялар окуу борбору менен биргеликте уюштурган. Ага алтымышка жакын медиа өкүлү катышып, он кабарчынын эмгеги мыкты деп табылган.

“Мен айткандан коркпойм” тасмасы кыргыз коомундагы айтылбаган, бирок кейиштүү көрүнүштү чагылдырган. Анда аталаш агасы он беш жашында зордуктаган кыз акыйкаттык издеп, акыры аны тапканын айтып берет. Зомбулуктун тагы өчпөсүн баяндаган бул тасма 2016-жылы “Бир дүйнө - Кыргызстан” фестивалын ачкан.

"Азыркынын Дүйшөнү" Нью-Йоркто күмүш медаль утту

"Азаттык" радиосунун "Азыркынын Дүйшөнү" тасмасы Нью-Йорк фестивалынын мыкты телеберүүлөр сынагынын күмүш медалын жеңип алды. Сыйлык тапшыруу аземи 25-апрелде АКШнын Лас-Вегас шаарында өттү.

Бул сынакка “Эркин Европа-Азаттык” үналгысынын беш тасмасы катышкан. Анын ичинен “Аны Татьяна деп аташкан” аттуу тасмасы да жеңүүчү болуп, күмүш медал алды.

"Азыркынын Дүйшөнү" тасмасы он чакырым алыстагы мектепке ат минип барып, балдарга билим берген Түп районунун Долон айылынын тургуну, математика мугалими Кеңешбек Шоруковдун педагогдук турмушун чагылдырат.

Уланбек Эгизбаев тарткан бул тасманын каарманы Кеңешбек Шоруков 2016-жылдын октябрь айында “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими” наамын алган. Мындан тышкары КМШнын билим берүүсүнүн отличниги болгон.

Нью-Йорк мыкты телеберүүлөр менен фильмдер фестивалына 2017-жылы элүүдөн ашуун өлкө катышты. Фестивалдын сыйлыгы биринчи жолу 1957-жылы тапшырылган.

"Каратегинден кат" Прагада көрсөтүлдү

Ушул жылдын 15-мартында журналист жана документалист Жаңыл Жусупжандын “Каратегинден кат” аттуу тасмасы Чехиянын борборунда көрсөтүлдү. Даректүү тасмада режиссер этникалык кыргыздардын турмушу менен өз башынан өткөргөндөрдү айкалыштыра баяндайт.

Мекенди жоготуу сезиминин ачуу даамы сезилген тасма Кыргызстанда көрүүчүлөрдүн сүйүүсүн багынта алды. Быйыл 6-ноябрда башталып, 10-ноябрда жыйынтыкталган “Бир дүйнө” фестивалында баш байгени жеңип алды.

Фестивалга 40тан ашуун тасма келип түшкөн, алардын ичинен 17 тасма тандалып алынып, ар кайсы категориялар боюнча сыйланды. Быйылкы иш-чара 11-жолу уюштурулуп, "Адам укугу жана эркиндиги туруктуу өнүгүү кызыкчылыгында" деген ураан алдында өттү.

"Азаттык" үналгысынын YouTube каналы "Күмүш баскычка" ээ болду

"Азаттык" үналгысынын расмий YouTube каналына жазылгандардын саны 100 миң колдонуучудан ашканына байланыштуу бул видео порталдын "Күмүш баскычы" менен сыйланды.

YouTube видео порталынын сыйлыгы төмөнкү кат менен коштолгон:

"Сиздер бул сыйлыкка эбегейсиз эмгек менен жетиштиңиздер. Биз муну жогору баалап, сиздерди урматтообуздун чакан символу болгон "Күмүш баскыч" сыйлыгын тапшырууну туура көрдүк. Бул сиздер өз аудиторияңызды таап, жараткан видеолоруңуз каналыңыздарга жазылган ар бир колдонуучуга жолун тапты дегенди билдирет".

Бүгүнкү күндө "Азаттыктын" YouTube каналына жазылгандардын саны 170 миңге жетип отурат.

"Азаттык" Кыргызстандагы маалымат каражаттардын ичинде мындай сыйлык алган алгачкы канал болду.

"Азаттыктын" кабарчылары уткан сыйлыктар

Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы Азык-түлүк программасы кыз-келиндердин укуктарын коргоо, гендердик теңчилик боюнча жарыялаган сынакта “Азаттык” үналгысынын кабарчысы Нуржан Токтоназарова электрондук маалымат агенттиктеринин арасында 1-орунду жеңип алды.

Нуржан Токтосунова
Нуржан Токтосунова

Ушул эле номинация боюнча 2-3-орундар "ОшПирим", "Cabar IWPR" редакцияларынын журналисттерине берилген.

Аталган уюм тараткан маалыматка караганда, сынакка маалымат каражаттардан 20 өтүнмө келип түшкөн. Комиссия 10 жеңүүчүнү төрт номинация боюнча аныктады.

“Азаттыктын” кабарчысы “Аял көп деп ойлоо жаңылыштык”, “Аялдардын эмгек укугу корголбойт”, “Кыргыз коомундагы сексизм” деген макалаларын сунуштаган.

Канымгүл Элкеева
Канымгүл Элкеева

Аялдарга жана кыздарга зомбулук көрсөтүүгө каршы 16 күндүк өнөктүк алкагында аялдар укугун мыкты чагылдырган кабарчылар арасында жаряланган сынакта "Азаттыктын" кабарчысы Канымгүл Элкеева 2-орунду алды.

Сынакты “Сезим” кризистик борбору, “Интерньюс”,“Сорос-Кыргызстан”, БУУ аялдары уюмдары көрсөтүштү. 2-орундан сырткары адам укуктары, өзгөчө аялдардын маселесин көтөргөнү үчүн "Азаттыкка" атайын ыраазычылык каты берилди.

Сынакка 70 автордон 100дөн ашуун материал түшкөн.

Чек ара маселесин мыкты чагылдырган журналист

“Азаттыктын” Баткендеги кабарчысы Жеңиш Айдаров Кыргызстан жана Тажикстан журналисттеринин арасында чек ара маселелерин жакшы чагылдыруу боюнча Deutsche Welle Akademie жарыялаган сынакта 3-орунду алды.

Сыйлык кыргыз-тажик чек арасы боюнча маселелерди чагылдыруудагы макалалардын топтомуна берилген. Эки өлкөнүн журналисттери даярдаган материалдарга эки башка баа берилген. Кыргызстандан жетимиштен ашык журналисттен макалалар (материалдар) келип түшкөн.

"Азаттыктын" кабарчысы Миграция кызматынын төш белгисин алды

Лазат Жаныбек кызы
Лазат Жаныбек кызы

"Азаттыктын" Москвадагы кабарчысы Лазат Жаныбек кызы Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматынын "Шериктештик үчүн" төш белгиси менен сыйланды.

Журналист Орусиядагы кыргыз мигранттарынын көйгөйлөрүн жана ийгиликтерин чагылдырып, мекеменин ишине жардам бергени үчүн төш белгиге ылайыктуу деп табылды.

Лазат Жаныбек кызы жазган макалалар менен бул жерден тааныша аласыздар.

"Азаттыктын" кабарчысы Айтматов атындагы сыйлыктын номинанты болду

"Азаттык" радиосунун кабарчысы Руслан Калматов "Журналистика жана телекөрсөтүү жаатында мыкты чыгарма" номинациясы боюнча Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын номинанты болду.

Сыйлык он бир номинация боюнча эки жылда бир жолу өкмөт тарабынан берилип турат. Лауреаттарга 100 миң сомдон акча жана төш белги тапшырылды. Ал эми номинанттарга өкмөт башчысынын диплому ыйгарылды. Сыйлыктарды өкмөт башчысы Сапар Исаков тапшырды.

Руслан Калматов - "Азаттык" радиосунун Жалал-Абад облусундагы кабарчысы. Аны мамлекеттик сыйлыкка облустагы журналисттер көрсөткөн.

Акыйкатчынын сыйлыгы

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) Институтунун 15 жылдык юбилейлик төш белгиси менен "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси Венера Сагындык кызы, “Азаттык” радиосунун кабарчылары Кубанычбек Жолдошев, Замира Кожобаева сыйланды.

Сыйлыкты 1-октябрда болгон "Азаттык" радиосунун жаңы кеңсесинин ачылыш аземинде Акыйкатчы Кубат Оторбаев тапшырды. Ошондой эле аталган институттун ардак грамотасы "Азаттык Медиа" мекемесинин директору Айзада Касмалиевага, "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору Бурулкан Сарыгуловага, кабарчылар Рахат Кеңешова менен Улан Эгизбаевге тапшырылды.

Элеонора Байшенбек кызы Жогорку Кеңештин ардак грамотасы, Рахат Кеңешова ИИМдин ардак грамотасы, "Азаттык Медиа" мекемесинин продакшн продюсери Бүбүкан Досалиева мамлекеттик экотехинспекия кызматынын ардак грамотасы менен сыйланды.

"Азаттыкка" ыраазычылык

"Азаттыктын" кеңсенин ачылыш аземинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ыраазычылык каты тапшырылды. Анда:

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ыраазычылык каты.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ыраазычылык каты.

​- Сиздерге конструктивдүү жана үзүрлүү кызматташтык үчүн чын дилимден ыраазычылык билдирем.

Сиздерге чың ден соолук, бакыт-таалай жана жалпы коом үчүн абдан маанилүү жана жооптуу ишиңиздерге чыгармачыл ийгиликтерди каалайм, - деп жазылган.

Мындан тышкары "Азаттык" радиосуна жарандык жана профессионалдык жогорку активдүүлүктү көрсөтүп, шайлоо процессин активдүү чагылдырууда колдоо көрсөткөндүгү үчүн жана ар бир жаранга маалыматты тез, ишенимдүү жеткирүүдө чыгармачылык менен мамиле кылган үчүн Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук Комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайылдабекованын ыраазычылык каты тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, Кыргыз-орус (Российско-кыргызский фонд развития) фондунун, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттигинин, "Замандаш" саясий партиясынын, Роза Отунбаеванын демилгелери эл аралык коомдук фонду уюштурган Билим фестивалынын ыраазычылык каттарын алганыбызды да айта кетели.

Ал эми Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия “Азаттык” радиосуна “Алкыш барагын” ыйгарды. Аталган мекеме мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана тил саясатын өркүндөтүүгө кошкон салымы үчүн мындай сыйлык берүүнү чечкенин билдирди.

​Мекеме жетекчиси Назаркул Ишекеев “Алкыш барагын” “Азаттыктын” кабарчысы Зайырбек Ажыматовго тапшырып, радионун маалымат айдыңындагы ордун белгиледи.

Сыйлык менен кошо “Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүнүн” эки томдугу тапшырылды.

Ош шаардык мэриясы болсо “Азаттык” радиосунун Оштогу журналисттерине “Алкыш баракчасын” ыйгарды.

Ош шаарынын күнүнө карата ыйгарылган баракча радионун кабарчысы Ыдырыс Исаковго 3-октябрда тапшырылды.

“Азаттыктын” кабарчылары калаадагы коомдук-саясий абалды, маданий иш-чараларды, мэриянын ишмердигин элге жеткирүүдө кошкон салымы үчүн сыйланышты.

“Азаттык” келе жаткан 2018-жылы да окурмандар, угармандар, көрүүчүлөр үчүн бир топ кызыктуу берүүлөрдү, долбоорлорду макала жана жаңы рубрикаларды сунуштоого убада берет. Андыктан биз менен бирге болуңуз. Келе жаткан Жаңы жыл тынч, бакубат болсун жана ар бириңиздерге бакыт тартууласын!

“Азаттык” келе жаткан 2017-жылы да окурмандар, угармандар, көрүүчүлөр үчүн бир топ кызыктуу берүүлөрдү, макала жана жаңы рубрикаларды сунуштамакчы. Андыктан дайыма биз менен бирге болуңуз. Келе жаткан Жаңы жыл тынч, бакубат болсун жана ар бириңиздерге бакыт тартууласын!

XS
SM
MD
LG