Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:56

Ош: көздү соолуткан операцияга ким жоопкер?


Израилден келген көз догдурлар операция учурунда
Израилден келген көз догдурлар операция учурунда

Ошто жайында Израилден келген врачтардын операциясынан кийин ден соолугу начарлагандар арбын.

Чет өлкөлүк дарыгерлер август айында Ош облустук ооруканада 60тан ашык адамдын көзүнө операция жасаган. Алардын онго жакынынын абалы оорлоп, айрымдары көзүнөн айрылган.

Саламаттыктык сактоо министрлиги бул окуя боюнча комиссия түзгөнү менен үч айдан бери жыйынтык чыгара элек.

Ош облустук ооруканада израилдик врачтарга операция жасаткан адамдардын арасында Бишкек шаарынын тургуну Жылдызбек Мамасеитовдун атасы да болгон. Анын айтымында, атасынын бир көзү чел кабыгын алдыргандан кийин эле ириңдеп кеткен.

- Атам өзү врач, 46 жылдык тажрыйбасы бар. Азыркыга чейин операция жасаган, жаш дарыгерлерге кеңеш берген хирург. Кесиптештеринен Израилден келген врачтар бекер операция жасаганы жатканын уккан экен. Болбосо ал көзүндөгү чел кабыкты алдыруу үчүн пландык операцияга даярданып жүргөн. Анан Израилден врачтар келгенинен аларга бара калган. Операциядан кийин эле дароо үйгө чыгарышкан, бир-эки күн кармашкан эмес. Бирок андан кийин эле көзү ооругандыктан Ошто бир канча күн ооруканада жаткан. Жакшы болбогон соң Бишкекке алып келдик.

Натыйжада Улуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмүндө Жылдызбек Мамасеитовдун атасынын көзүнө да бир канча жолу операция жасалган.

Сол көзүн дарылоо такыр мүмкүн болбой калгандан кийин врачтар аны алууга мажбур болушкан. Андан сырткары оң көзүнүн да көрүүсү начарлап кеткен. Келини Гүлмира Турганбаева кайнатасынын абалы тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылганын, бирок алардан жооп алалбай жүрүшкөнүн айтты:

- Көз адамдын алмаштыргыс органы да. Ага залал келтиргени үчүн ким жооп берет деген суроого Саламаттык сактоо министрлиги үн катпай жатат. “Ооба, катыңарды окудук, эми эмне кылалы” деп кекетип жооп беришет. Жабыркагандардын жакындарына бул мамиле өтө катуу тийип жатат. Мына, 18-ноябрда үч ай болду. Ушул убакка чейин эч ким жооп берген жок.

Ошто израилдик дарыгерлер 160тан ашык адамды текшерип, 62 бейтапка операция жасаган. Алардын ичинен 10дой адамдын көзү ириңдеп кеткен. Убагында өзү да врач болуп иштеген, саламаттыкты сактоонун отличниги, 80ге таяп калган Жалал-Абад облусунун тургуну Кенжебай Исмаев да операциядан кийин кыйналууда. Анын уулу Эрик Исмаев атасынын эки көзү тең көрбөй калганын айтып берди:

- Бишкекте менин атам менен чогуу операция болгон дагы төрт адам жатты. Алардын үчөө, менин атам менен кошо дагы эки киши көзүнөн айрылды. Врачтар атамдын көздөрүн сактап калалы деп аракет кылышты. Бирок ириң чаап кеткен экен.

Оштун Араван районунун тургуну Адыл Хамраевдин 13 жаштагы уулунун да эки көзү тең операциядан кийин көрбөй калган. Ал уулун Израилге чейин алып барып келген экен. Хамраев облустук ооруканада тазалык менен тартип жакшы болбогондуктан инфекция жугушу мүмкүн деп шектенип жатат:

- Эки көзү такыр көрбөй жатат. Израилге чейин алып барып келдим, бирок жыйынтык жок. Мурда жакшы эле көрүп жүрчү. Операциядан кийин үч-төрт күндөн кийин эле ушинтип калды. Облустук ооруканада ар бир врач өзүнүн кардарларын алып кире берди. Мен Бишкектеги, Израилдеги көзгө операция жасала турган жерлерди көрдүм. Тартип укмуш экен. Бул жакта болсо ар бир врач өз кишилерин алып кире берип, аягы ушундай болду.

Бирок Ош облустук ооруканасынын башкы дарыгери Шайырбек Сулайманов мындай дооматты четке какты:

- Ал врачтар Саламаттык сактоо министрлигинин уруксаты, башкы окулист Михаил Медведевдин уюштуруусу менен келген. Гуманитардык жардам сыяктуу болду да. Дары-дармек, керектүү шаймандарын өздөрү ала келишти. Биз болгону операциялык залды гана бергенбиз. Азыр канча адамдын абалы оорлогонун билбейм. Биздин ооруканада 40 жылдан бери операция жасалып жатат. Булардын алып келген дары-дармегинде бир нерсе барбы айтор, билбейм. Анын баарын башкы окулист Медведевден сураш керек. Ал операцияларга биздин оорукананын дарыгерлери катышкан эмес.

Бул жагдай тууралуу Улуттук госпиталдын көз микрохирургиясы бөлүмүнүн жетекчиси Михаил Медведев менен байланышып комментарий алууга мүмкүн болбоду. Саламаттык сактоо министрлиги да комментарий берүүдөн баш тартты. Министрлик түзгөн комиссия тыянак чыгарып же чыгарбаганы белгисиз.

Израилден келген дарыгерлер Кыргызстанда 17-23-августта болгон. Оштон сырткары Бишкекте да болуп, жалпысынан 240тай адамды караган жана 90 операция жасалган. Алар Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Кыргызстандагы Израилдин элчилигинин кызматташуусунун негизинде “Сиондун көзү” аттуу коомдук фонддун колдоосу менен келген жана буга чейин Кыргызстанда эки жолу болгон.

XS
SM
MD
LG