Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:42

Эркебаев: кыргыз-орус алакасы сууп баратат


Кыргызстан - Орусия мамилелери туурасында коомдук ишмер жана Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Абдыганы Эркебаев "Азаттыкка" кеп салды.

“Азаттык”: Соңку кезде Орусиядагы кыргызстандык мигранттарды текшерүү күчөп, бул өлкөдөн чыгарылган мигранттардын саны өскөндүгү айтылып атат. Бул Кыргызстанга сес көрсөтүүбү?

Абдыганы Эркебаев: Биринчиден, менде андай так маалыматтар жок. Бирок күбүр-шыбыр сөздөр, ар кандай пикирлер угулуп калууда. Кийинки бир жылдан бери Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы мамилелерде кызык, карама-каршылыктуу көрүнүштөр болуп атат. Бир чети мурдагы өкмөт башчы, азыркы президент Алмазбек Атамбаев Орусияга байма-бай каттап, алардын жетекчилери менен жакшы маанайда жолугуп атат. Алар деле жакшы өң-түс менен кабыл алып, жылуу мамилени билдирүүдө.

Бирок тилекке каршы күздөн тарта Орусиянын конкреттүү расмий саясатында айрым бир жаңы жышааналар орун алууда. 1998-жылы эки тараптуу келишимге карабай, өткөн жылдын октябрь айынан тарта алар Кыргызстандын Орусия жарандыгын алган адамдарын каттоо, анын тартиби боюнча мыйзамдан баш тартып жатышат.

Жакындан бери Орто Азиянын Орусияга барган жалпы эле жарандарын ички паспорт менен кабыл албайбыз деген жаңы талабы чыгып жатат. Бул сөзсүз түрдө ал жакка бара турган, айрыкча ишке орношкусу келген адамдардын тагдырына түздөн-түз таасир этет.

Андан тышкары Орусия 2004-жылдан бери эле убада берип, биз менен канча жолу сүйлөшүлгөн долбоорлор, ГЭСтерди куруу, “Кыргызгаз”, “Дастандын” тегерегинде маселе чечилбей келатат. Бул бүгүн эле чыга калган жок, ар кандай жагдайга байланыштуу улам созулуп келатат.

Эми алар талаптарын дагы күчөтүп атат. Айталы, “Дастандын” 48% алууга макул болушса, азыр 75% көтөрүп, ГЭСтерди да 75% болсун деп. Бул түздөн-түз биздин экономикалык, айрыкча энергетикалык коопсуздугубузга таасирин тийгизбей койбойт. Бул ойлоно турган өтө олуттуу маселе.

“Азаттык”: Орусиянын жүргүзгөн саясаты өзүнүн шериктештери тарабынан эле сынга алынып атат. Көп маселени кысым көрсөтүү менен чечүүгө аракет кылат деген пикирлер айтылып жүрөт. Сиз кандай баалап жатасыз?

Абдыганы Эркебаев: Албетте Кыргызстандын жараны, атуулу, мамлекетке кайдыгер карабаган, ар кандай саясий кызматтарда жүргөн адам катары өз элимдин, өлкөмдүн кызыкчылыгын жогору коём. Канчалык улуу держава болбосун кантсе да биз өзүбүздүн баркыбызды, ар-намысыбызды коргой билишибиз керек.

Ошондуктан биздин жетекчилердин, анын ичинде Алмазбек Атамбаевдин тике айткан сөздөрүн мен түпкүлүгүндө колдойм. Жалаң эле жүгүнүп, же бирөөгө баш ийип келгенден кутулушубуз керек. Бирок муну абдан кылдат, дипломаттык маанайда билдиргенге да жетишүүбүз керек.

“Азаттык”: Орусиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков менен жолугушууда Кыргызстанда орус тилине кысым болууда деп белгилептир. Бул эки өлкө алакаларына кандай таасир тийгизиши мүмкүн?

Абдыганы Эркебаев: Мен убагында төрага катары Орусиянын канчалаган чоңдору менен, ошол эле Путин, төрагалары менен жолуккам. Мен бул пикирге макул эмесмин. Тажикстанда үч жыл мурда орус тилине таптакыр эле тыюу салып, атүгүл орус тилинде сүйлөгөн жарандарга айып сала башташкан. Ошондой мыйзам кабыл алышкан, алардын тажик тили жөнүндө мыйзамы өтө катуу. Бизде андай кысым, ашыкча нерсе жок. Конституцияда да орус тили расмий деп атайын мыйзам менен көрсөтүлүп турат. Ошондуктан бул жөн эле жалпы процесстин жеке көрүнүшү. Орус тилине кысым болуп атат дегенге макул боло албайм.

“Азаттык”: Владимир Путин кайрадан президент болду. Орусиянын Борбор Азиядагы саясаты кандай болушу мүмкүн?

Абдыганы Эркебаев: Орусия демейде Орто Азияга ынтызар болгон. Өзүн таасир этүүчү катары эсептейт. Аны Америка да түпкүлүгүндө түшүнөт. Менимче бизге мамилеси жакшы эле болот, бирок мурдагыдай өтө сый эмес, катуурак мүнөзгө өтөт.

“Азаттык”: Орусиядан келген делегация кыргыз президенти жана өкмөтү менен экономикалык, өзгөчө энерго компаниялардын акцияларын алуу боюнча бир топ келишимдердин тегерегинде сүйлөштү. Ошол эле учурда мигранттарды депортациялоо көбөйдү деген маалыматты угуп жатабыз. Экөөнүн ортосунда кандайдыр бир байланыш бар деп ойлойсузбу?

Абдыганы Эркебаев: Күздөн бери жалпы эле Орусиянын Орто Азиянын жарандарына мамилеси сууп баратат. Мен муну жакшылыкка жорубайм.

XS
SM
MD
LG