Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:20

Майрам: Кыргыз сахнасын Москвадан багынтам


Майрам Туралиева.
Майрам Туралиева.

Жаш кезинен белгилүү ырчы болууну каалаган Майрам Туралиева Москвада туруп кыргыз сахнасын багынтууну чечти.

Үй-бүлөлүк шарт жана башка себептер менен убагында ырларын элге сунуштай албай калган ырчы ушул тапта жең түрүнө ишке киришкен убагы.

Жакында Бишкекке келген учурда “Азаттык” радиосуна да баш багып, сырлары менен бөлүштү.

- Мен эч качан баштаган жумушумду таштап койбойм. Ийгилигиме көзүм жетпесе, бир ишти баштабайм,- дейт каарманыбыз.

Өзүнө карата ушундай чоң ишеним менен чыгармачылыкты баштаган Майрам Туралиева ырчылык өнөргө тээ бала кезинде эле бел байлаган. Алгач мектептеги кечелерде ырдап жүрүп, чоң сахнанын босогосун студент кезде, Жалал-Абад мамлекеттик университетинде окуп жүргөн учурда аттаган. Бирок анда башка белгилүү ырчылардын чыгармаларын аткарчу. Эми болсо өзү обон жазып, чыгармаларды жарата баштады:

- Бардык нерсенин сааты келет экен. Мага да белгилүү убакыт талап кылынды окшойт. Өткөн жылы Орусиядан Кыргызстанга келип, үч ыр жаздыргам. Ал “ЭлФМ”, “Ынтымак” радиолорунан эфирге берилип жатты. Быйыл чындап ырчылык өнөргө кириштим. Эстрада жанрында чыгармаларды жаздырдым. Бирок мага элдик ырлар жагат. Үнүм да, кызыгышым да фольклорго жакын. Өзүм да комуз черткеним үчүн, заманбап фольклор жанрындагы аткаруучулукка көбүрөөк ыктай баштадым.

please wait

No media source currently available

0:00 0:04:33 0:00
Түз линк

Майрам Туралиева алгач журналистика кесибин тандаган. 2000-жылдардын башында журналистка факультетинде окуп, диплом алган. Бирок медиа тармагында иштеген эмес. Бир топ жылдан бери Москвадагы “Ашан” соода борборунун касса бөлүмүндө эмгектенип жүрөт. Кыргыз сахнасын Орусиянын борборунда туруп да багынтса болоруна ишенет:

- Менин демөөрчүлөрүм жок. Ырларымдын баарын өз чөнтөгүмдөн жаздырам. Чыгармачылыкка керектүү нерсенин бардыгына өзүмдүн акчамды жумшайм. Ошондуктан азырынча Москвада иштеп турам. Эки жакты тең эптеп кетүүгө күчүм жетет, буга шартым бар. Былтыр Кыргызстанга келип ырларды жаздырдым эле. Азыр болсо, интернет аркылуу Орусияда туруп, кыргызстандык аранжировка кылгандар менен иштеше баштадым. Самара шаарында Акылбек Айтиев аттуу обончу бар. Ал киши менен да тыгыз байланыштамын. Менин мыкты кеңешчилерим бар. Аларга каалаган учурумда кайрыла алам. Кубанычбек Экашов, Ырысбек Садиров, Акылбек Айтиевден кайсыл гана учурда кеңеш сурасам, эринбей жооп беришет. Ырларыма аранжировка кылып, көрк кошушат. Ошондуктан менде ырчылык чөйрөдө аксап калам деген коркунуч жок.

Каарманыбыз Сузактын Жерге-Тал айылында төрөлгөн. Жаш кезинен эле ырчыларды бул мыкты, бул начар деп ажыратпоого үйрөнүптүр. Ыр кайсыл тилде аткарылса да, угуп эргүү алганга аракет кылат.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:37 0:00
Түз линк

- Бул менин ошол ырчыга болгон урматым. Ар бир жаралган ырдын артында чоң мээнет турат. Мен да ошол жолду басып өтүп жаткан учурум. Ошондуктан мен жаңы ырчыларга да, улуу муундун өкүлдөрүнүн ырларына эч кандай сын айтпайм.

Майрам Туралиева жөн гана ырдабай турганын, ырдын ар бир сөзү маанилүү экендигин белгилейт. Ошондуктан эл ырларын сүйүп окуган акындардын чыгармаларына басым жасап жаткан экен:

- Өзүм гана обон чыгарбай, бир тууган кайнагам Кубанычбек Экашовдун обондорунан пайдаланам. Ал киши өзү да ыр жазат. Бактыгүл Чотурова, Сайрагүл Жолборсова сыяктуу элге жакын акындардын чыгармаларына обон жазып, ырдап жатам.

Макаланын аудио версиясын бул жерден угуңуз
Кыргыз сахнасын Москвадан багынтам
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:48 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG