Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:50

Апта: Кытай акчасы, ШКУдагы лидер талаш


ШКУ жыйынына катышкан мамлекет башчылары. Бээжин, 7-июнь, 2012.
ШКУ жыйынына катышкан мамлекет башчылары. Бээжин, 7-июнь, 2012.

Кытайдан 700 млн. доллардан ашуун инвестиция келет. Шанхай кызматташуу уюму энергетика, азык-түлүк жана коопсуздук багытында кызматташууга артыкчылык берүүнү тандады.

Кыргыз президентинин Кытайга сапарынын натыйжасы

5-6-июнда Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаевдин Кытайга расмий сапары болду. Сапар учурунда Атамбаев Кытайдын лидери Ху Цзинтао баш болгон бир катар жетекчилер менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Анын жыйынтыгы боюнча Датка-Кемин электр линиясын курулушун каржылоо боюнча келишимге жетишилди. Келишим боюнча Кытай 390 млн. доллар насыя бөлөт. Курулуш иши эки жарым жылга созулары күтүлүүдө.

Президент Алмазбек Атамбаев бул курулушту Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыкка жетишүүдөгү негизги кадамдарынан экенин белгиледи:


- Датка-Кемин электр линиясын курууну каржылоо боюнча келишимге кол коюлду. Белгилүү болгондой биздин энергетикалык коопсуздукка дайыма коркунуч туулуп турат. Эгерде кошуна мамлекеттердин бирөөсү эле энергетикалык алкактан чыкса, анда Кыргызстандын түндүгү жана түштүгүнүн бир бөлүгү электр энергиясыз калат. Мындай коркунучтан кудай буйруса эки жылдан кийин чыгабыз. Өзүбүздүн энергетикалык айлампабыз болот. Андан сырткары Кара-Балтада мунайды кайра иштетүүчү заводду куруу боюнча меморандумга кол коюлду. Кытай компаниясы быйыл декабрда эле биринчи 20 миң тонна күйүүчү май берүүнү убада кылып жатат.

Кыргыз өкмөт мүчөлөрүнүн айтымында, электр линиясын курууну тезирээк баштоо үчүн бул келишимди парламент июнь айынын ичинде ратификациялоосу керек. Эгерде андан кечиксе, курулуштун быйыл башталышы үзгүлттүккө учурашы күтүлөт. Анткени электр линиясы тоолордон, татаал жерлерден өтө тургандыктан кышында курулуш иштери жүргүзүлбөйт.

Экономика жана антимонополдук саясат министри Темир Сариевдин билдирүүсүнө караганда, Кара-Балтада мунайды кайра иштетүүчү заводду куруу үчүн Кытай тарап 250 млн. доллар бөлөт. “Чайна петролиум компани” кура турган завод Евро-3 стандартына туура келет. Анда АИ-80 жана АИ-92 бензини, дизель, мотор майы жана мазут чыгарылат. Белгилеп кете турган нерсе, бул эскире баштаган стандарт.
Анткени учурда Европа Биримдиги евро-5 стандартына өткөн. Буга улаалаш Кытай өзү да Пекин-5 стандартын киргизип, экологияга өзгөчө көңүл буруп жатат. Бирок сырттан келе турган күйүүчү майга дээрлик 100% көз каранды болгон Кыргызстан үчүн бул заводдун мааниси өтө эбегейсиз экени түшүнүктүү.

Жаңы курула турган заводго Казакстан мунайын ташып келүү пландаштырылууда. Кытай тарап бул үчүн атайын түтүк тартууга да камданууда дейт Темир Сариев:


- “Чайна петролиум компаниясынын” өкүлдөрү президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушууда Чымкенттен Кара-Балтага чейин, андан кийин келечекте Кытайга өтө турган мунай куурун курууга кызыкдар экенин билдиришти. Бул куур аркылуу жылына 10 млн. тоннага чейин мунай өткөрүүгө болот. Ал мунайдын 1-2 млн. тоннасы, келечекте 3 млн. тоннага чейинкиси Кыргызстанда калат. Калганы Кытайга барат. Мына ошону менен Кыргызстан транзиттик өлкөгө айланат.

Кытай-кыргыз ишкерлери андан сырткары Аксы районунда цемент заводун куруу боюнча да келишимге жетишти. 75 млн. долларга курула турган заводдун курулушу быйыл июль айында башталып, 18 айда бүтөт. Завод толук кубатына киргенде 1 млн. 200 миң тонна цемент чыгарат. Анын ичинен 200 миң тоннасы ГЭСтердин курулушуна жарай турган жогорку сапаттагы цемент болот.

Ошону менен Кытайдан жакын арада Кыргызстанга келе турган инвестициянын көлөмү 700 млн. доллардан ашат.

Кыргыз-кытай сүйлөшүүсүндөгү дагы бир орчундуу маселе бул - Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу. Кытай жана Өзбекстан президенттеринин жолугушуусунда да бул долбоорго колдоо көрсөтүлгөнү маалымдалды. Ал эми Алмазбек Атамбаев Ху Цзинтао менен сүйлөшүүлөрдөн кийин долбоор тууралуу буларды билдирди:

- Кыскача айтканда салмак болдук. Кудай буйруса салмак болдук. Биз айттык, концессиялык негизде же биргелешкен ишкана жолу менен куралы дедик. Биз ушуга турдук. Алар макул болду. Өзүбүздүн кызыкчылыкты коргодук. Ошол эле убакта Кыргызстан туңгуюктан чыгышы үчүн темир жол бизге абдан керек. Анын үстүнө темир жолдун багытын өзүбүз аныктайбыз, өзүбүз чечебиз. Биздин оюбуз боюнча, жалаң эле темир жол болбой темир жолду коштогон кара жол дагы салыныш керек. Түндүк менен түштүктү бириктирген дагы бир жол болуш керек. Ошондо темир жол жана эки кара жолубуз болот. Мына ошондо Кыргызстанды бөлүш кыйыныраак болот.

Кыргызстан менен Кытай жетишкен келишимдердин арасында эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда техника-экономикалык кызматташууга байланыштуу келишим бар. Мына ошол келишимдин алкагында темир жол сыяктуу маселелер чечилиши күтүлөт.

Орус маалымат каражаттары жазгандай, учурда Кытай жана Түркия Кыргызстандагы долбоолорду каржылоого киришүүдө. Бул орус тараптын кызгануусун жаратышы толук ыктымал. Айрыкча күйүүчү май чыгаруучу завод. Анткени Кыргызстанды толук чеңгелинде кармап туруу Москва үчүн ыңгайлуу. Бирок Кремль тандап алган ГЭСтерди куруу, “Дастан”, “Кыргызгаз” жана башка долбоорлор эч кимге сунуштала элек. Эгерде Кремль аларды аткарууга дагы да шашпаса, мына ошондо алар башка инвесторго сунушталат.

ШКУнун лидерлери эки башка багытка артыкчылык береби?

6-7-июнда Бээжинде Шанхай кызматташуу уюмунун 12-саммити болуп өттү. Жыл сайын өтө турган бул саммитти келерки жылы Кыргызстан кабыл алат. Буга чейин ШКУнун саммити Кыргызстанда 2007-жылы өткөрүлгөн.

Бейжин саммитинде дүйнөлүк жана регионалдык саясий абал, экономикалык кызматташууга байланыштуу маселелер талкууланды. Анын соңунда он документке кол коюлду. Алардын ичинен ШКУну орто мөөнөткө өнүктүрүү, региондун коопсуздугуна таасир эте турган кырдаалга саясий-дипломатиялык чараларды көрүүнүн жаңы механизмдерине байланыштуу келишимдерди атасак болот.

Шанхай кызматташуу уюмунда Кытай менен Орусиянын лидерлик боюнча таймашы бар. Бул эки гиганттын ШКУнун алкагында ар башка багыттарга артыкчылык беришинен да көрүнүп турат. Маселен, Кытай финансылык мүмкүнчүлүгүнө жараша Борбор Азия регионундагы жол, энергетикалык жана башка долбоолорду алдыга сүрөп жатат. Бул ирет да Шанхай кызматташуу уюмуна 10 млрд. доллар бөлдү. Андан сырткары ШКУнун Өнүктүрүү банкын, атайын банк эсебин ачуу демилгесин көтөрүп чыкты. Мындан байкалгандай, Кытай жакынкы он жылда экономикалык багытта кызматташууларды өнүктүрүүгө басым жасоодо.

Ал эми Орусия болсо коопсуздук жагына көбүрөөк басым жасоого ыктоодо. Бул Владимир Путиндин Бээжин саммитинде сүйлөгөн сөзүнөн да байкалат:

- Шанхай кызматташуу уюмунда башкы багыт регионалдык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу болуп кала берет. Бүгүн кабыл алына турган программа да 2013-2015-жылдарда терроризм, экстремизм жана сепаратизмге каршы күрөшүүгө багытталган.

Шанхай кызматташуу уюму регионалдык уюмдан глобалдык уюмга айланып баратканы байкалат. Бул уюмдун жыйынына келген лидерлер жана мүчө болууга умтулган өлкөлөрдүн тизмегинен да көрүнүп турат. Андан сырткары башка ири мамлекеттерден ыдык көргөн өлкөлөргө Кытай менен Орусиянын Бириккен улуттар уюмунан Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлүгү жана кубаты тартып турган магниттей.

Бээжин саммитинде Ооганстан уюмдун байкоочусу статусун алса, Түркия диалог боюнча өнөктөш деген статуска ээ болду. Ал эми жаңы мүчөлөрдү кабыл алуунун жол-жобосу келерки жылы Бишкек саммитинде каралат.

Дүйнөлүк саясат демекчи, Бээжин саммитинде Сирия жана Иран өңдүү өлкөлөрдөгү маселелерди саясий-дипломатиялык жолдор менен чечүү бекем айтылды.
Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев да Иран президенти Махмуд Ахмединежад менен жекече жолугушуу өткөрдү. Президенттин маалымат кызматынын кабарлашына караганда, жолугушууда эки тараптуу кызматташууларды андан ары өнүктүрүү талкууланган.

Акылбек Жапаров неден чочулайт?

Кыргызстандын ичиндеги саясий күрөш жайкы эс алуулар алдында салыштырмалуу тынч мүнөздө өтүүдө. Бирок ар кандай күчтөрдүн кырдаалды курчутуу аракети жок эмес. Бул Элдик курултайдын катышуучуларынын парламентти таркатуу талаптары, Кумтөр жолунун жергиликтүү тургундар тарабынан тосулушунан байкалат.

Оппозициялык “Ата журт” фракциясы өкмөттү кызматтан кетирүү талабынан кайтпай келатат. 8-июнда фракциянын жыйынында “атажуртчулар” бул маселени дагы бир көтөрүп, жазгы талаа жумуштарын уюштуруудагы кемчиликтер үчүн өкмөттү кызматтан кетирүү талабын коюшту.

Экономикадагы абалдын начарлашы оппозиция үчүн оңтойлуу позицияны түзүп берди. Абалдын оорлугун каржы министри Акылбек Жапаров да жума күнү моюндап, жыл соңуна чейин бюджетке дагы 4 млрд. 800 млн. сом түшпөй калуу коркунучу бар экенин билдирди. Белгилүү болгондой, жыл башында бюджет 16 млрд. сом тартыштык менен кабыл алынган.

Акылбек Жапаровдун маалыматы боюнча, быйылкы жылы инвестициянын көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 20%га кыскарат. Айыл чарбасында да олуттуу жылыштар болбойт.

Мындай абал күзгү саясий күрөштөрдүн курч болушунан кабар берет. Анткени экономикада абал мындан да начарласа, оппозициянын үнүнүн катуулашына шарт түзөт. Кытай инвестициясы абалды түзөп кетет деген үмүт бар. Бирок ал канчалык акталаарын мезгил көрсөтөт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG